Белгилүү обончу, композитор Азамат Отунчиев менен баарлаштык. Анын бир топ таанымал обондору бар, мисалы, Султан Садыралиев ырдап хитке айланган “Кыргыз бийинин”, Айжамал Кабылова ырдаган “Бий мергендин”, Кенже Көбөкова аткарып жүргөн “Сахнанын” обону Азамат мырзага таандык.
“Ырчылык шыгымды атам байкаган”
– Балыкчы шаарында төрөлүп, чоңойдум. Атам кемечилик ишканасында айдоочу, апам үй кожойкеси болчу. Атам инимдин спортко шыгын байкап, аны спорт ийримине ташычу. Ал эми мени болсо “ырга шыктуусуң” деп радиодон, телевизорлордон берилген ырлардын текстин дептерге жазып алып жаттатып, ырдатчу. 6 жашымда 1-класска бардым. Музыка мугалимим Касымбек агай мага өзүнүн автордук ырларына кошо ошол убакта хит болуп жаткан Чубак Сатаев агайдын ырларын кошо ырдатып жүрдү. Бишкекте республикалык “Жаш таланттар” фестивалы өтүп, ошого катышкам. Анда Чубак Сатаевдин “Ак батасын” ырдап 1-даражадагы дипломго ээ болгонум эсимде.
“Чубак агайдын жанында 2 жыл жүрдүм”
– Ошол фестиваль телеканалдан көрсөтүлгөндө Чубак агай ырдаганымды көрүп калыптыр. Өзүнүн тобу менен Балыкчыга концерт коюп келишкенде мени издетип тапты. Ата-энемден уруксат сурап, өзү менен кошо ала кетти. Топ менен Бишкек, Ош, Жалал-Абадга гастролдоп чыктык. Бишкектеги филармонияда 17 күн концерт бердик. Сахнага Чубак агайдын ырларын ырдап чыгып жаттым. Анын ырларын дал өзүндөй ырдаганым үчүн агай мени мактап эле жүрчү. Ошондо ата-энем Бишкекке келип, концертти көрүп кубанып, мага ак батасын беришти. Ошентип Чубак агай менен 2 жылдай жүрдүм. Кайсы жакка концерт коюп барышса да мени Балыкчыдан чакыртып алышчу. Кийин кичинекей баласы жол кырсыгына туш болуп каза болуп калганда агай өзүн таштап жиберди окшойт. Көп концерт коюлбай калды. Ошентип мен топтон кеттим.
“19 жашымда Кремлдеги концертке катыштым”
– 5 жыл музыкалык мектептен билим алып, окууну бүтүргөн соң 1998-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын кыл аспаптар бөлүмүнө тапшырдым. Бетховен, Моцарт сыяктуу дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын үйрөнүүгө өттүм. 2-курста окуп жатканымда Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестрине кыл кыякчы болуп ишке кирдим. Оркестр менен Орусиядагы кыргыз маданияты декадасына барып, Кремлде 3 күн концерт бердик. Арабызда Эстебес Турсуналиев агай да бар болчу. Концерт мыкты деңгээлде өтүп, бүткөндө эл кетирбей 10 мүнөттөй кол чаап турду. Ошондо абдан сыймыктандым. Оркестрда эң жашы мен элем, жашым 19да болчу.
“Ханыша Елизавета II’нин алдында койгон концерт эсте калды”
– Устаттарымдын бири – композитор Нурланбек Нышанов 1999-жылы “Теңир-Тоо” тобун түздү. Ага кыл кыякчы болуп кирип, 8 жыл иштештик. Устатым көптөгөн элдик ыр-күүлөрдү оригиналдуу иштеп чыккан. Топ менен дүйнөлүк турнеге чыгып, 30дан ашык өлкөгө кыргыз музыкасын тартуулап келдик. Арасында АКШ, Франция, Италия, Испания, Малайзия, Сингапур, БАЭ, Бельгия, Марокко, Австрия да бар. Эсте калганы Улуу Британиянын Букингем сарайында ханыша Елизавета II’нин алдында койгон концертибиз болду. Барган жерибизде эл улуттук кийимибизге, бир да мык кагылбай жасалган улуттук аспаптарыбызга кызыгып, сурап, кармалап көрүп, биз менен кошо сүрөткө түшүп жатышты. Өзгөчө аларга жыгач жана темир ооз комуз кызыктуу болду.
“Теңир-Тоо” тобунун компакт-диски 2006-жылдын жыйынтыгы боюнча АКШда жакшы сатылган 10 дисктин катарына киргенин да айта кетейин.
“Мени “человек-оркестр” деп таң калышты”
– Кийин “Устат-шакирт” ансамблинде дирижёрлук кызматты аркаладым. “Камбаркан” тобуна кабыл алынып, ал жерде 5 жыл иштедим. Анан Бүбүсара Бейшеналиева атындагы университетте таланттуу студенттерден “Номад” фольклордук ансамблин түптөп, аны 15 жыл жетектедим. Ансамблдин өзгөчөлүгү – чыгармаларды эстрада менен фольклорду жуурулуштуруп ойной алгандыгында болду. Ушул өзгөчөлүгү менен элдин оозуна бат алынып кетти. Аттуу-баштуу ырчылардын концерттерин коштоп бердик. Бул арада “Улуу көч” тобун да түзүп, аны ушул күнгө чейин жетектеп келем. Бул топ 2004-жылы Казакстанда өткөн “Шабыт” эл аралык сынагында 2-орунду алган. Аталган сынак-фестивалга 2007-жылы жеке катышып, кыл кыяк номинациясы боюнча 3-орунга ээ болгом. Анда автордук 3 күүмдү аткардым. 2012-жылы Астанада өткөн “Коркут ата” аттуу түрк элдеринин фестивалында сыбызгы менен катышып, казактардын бир, кыргыздардын бир чыгармасын аткарып, 2-орунду ээлегем.
2012-жылы Ысык-Көлдө өткөрүлгөн “Кадыр түн” эл аралык фестивалында 2-орунду багынткам. Анда өзүмдүн “Бийиктик” деген чыгармамдын кайрыктарын кыл кыяк, темир жана жыгач ооз комуз, чопо чоор, комуз, сыбызгы менен аткарып берсем, эл “человек-оркестр” деп дуулдап кол чабышканы эсимде. Аталган аспаптардан тышкары чогойно чоор менен добулбаста да ойнойм.
“Көп ырчылардын ырларына аранжировка жасап жүрөм”
– Композиторлор союзунун мүчөсүмүн. Обон, күү чыгаргандан тышкары көптөгөн ырчылардын ырларына аранжировка жасап келе жатам. Мисалы, Токтобек Асаналиев, Кенже Көбөкова, Мээрим Карыпова, Роза Аманова жана башкаларга.
2017-жылы Султан Садыралиев аткарган “Кыргыз бийинин” обонун 1 айда чыгардым. Обон кыргыздын обондуу ырлары менен кыргыз күүлөрүнүн кайрыктарынын жуурулушуусунан жаралды. Аранжировкасын Мирлан Ниязов жасады. Султан ырдап чыгары менен хит болуп кетти. Айжамал Кабылова аткарган “Бий мергендин”, Кенже Көбөкова ырдаган “Сахнанын” обондорун жараттым. Булар да элге жакшы кабыл алынып кетти.
2013-жылы “Кийиз дүйнө” фестивалы өтмөк болуп, анын гимнин жазуу боюнча мага сунуш түшкөн. 1 аптада обон чыгарып бердим эле дароо жактырылып, фестивалда аткарылды.
Жогоруда аталгандардан тышкары “Кыргыз кыздары”, “Убакыт”, “Ыйыгымсың”, “Кыргыз дүйнөсү”, “Мен кыргызмын”, “Үмүт”, “Сени менен” деген ырларга да обон чыгаргам.
“Үркүн” деген күүм “Үркүн” тасмасында колдонулган”
– Ал эми чыгарган күүлөрүмдүн саны – 13. Алар: “Санат нугу”, “Куш бийи”, “Жабагы”, “Үркүн”, “Тумар”, “Аксак күү”, “Жарчы”, “Жаңы жол”, “Эргүү”, “Көчмөндөр”, “Бийиктик”, “Чыгыш кайрыгы”, "Эки ак куу".
“Аксак күү” 2009-жылы консерваторияны бүтүп жаткандагы дипломдук ишим болду. Жыгач жана темир ооз комузда ойнолот. Кайрыктары аксагандай болуп сынып турат, ошондуктан ошондой ат койгом.
“Үркүн” – кыл кыяк үчүн чыгарылган күү. Үркүн кезинде кыргыздын башынан өткөргөн кыйын күндөрүн кыл кыяктын үнү жакшы чагылдырып берди. Бул күү Мухтар Атаналиевдин “Үркүн” тасмасында колдонулган.
Канымжан Усупбекова