Бул актёрдун атын билбесеңиз да, жүзүн сөзсүз көргөнсүз. Актёрлук карьерасында башкы ролго жеткен эмес, бирок экинчи пландагы актёр катары режиссёрлордун суроо-талабына ээ. Эксперимент кылгандан коркпойт, түрдүү образ, стиль, жанрлардын майын чыгара аткарат. Түштүк Кореялык актёр Ким Вон Хэни сиз кайсы дорамадан көргөнүңүздү жаза кетиңиз. Биз болсо анын чыгармачылык жолун баяндап беребиз.
Туулган жери:
Түштүк Корея, Пусан
Туулган жылы:
1969-жыл, 6-апрель
Жылдыз белгиси: кой
Бою: 172 сантиметр
Кесиби: актёр
Тартылган белгилүү дорамалары: “Сон Жени ал да, чурка”, “Отель “Дель Луна”, “Балбан кыз До Бон Сун”, “Ажал оюну” жана башка
Шок жигит
Класста тапан балдар болот го, мугалимдин суроосуна куудулданып жооп берген. Анан да кайда болбосун, ким менен жүрбөсүн барган жерин шаңга бөлөгөн. Ким Вон Хэ да бала чагында ошондой шок болгон экен. Чогулуш болобу, иш-чара, спектакль коюлабы микрофон талашып, “мен чыгам, мен ойнойм” деп эле жүрчү. Мындай активдүүлүгү аны жогорку класста окуп жүргөндө драмкружокко алып келген. “Көрсө, ушундай кызыктуу дүйнө бар турбайбы” деген таң калуу сөзү болгон алгачкы ирет чакан сахнада роль жаратканда. Ал кызыктуу дүйнөгө багыт алып, мектепти бүткөндөн кийин Сеул Искусство университетинин театр жана кино бөлүмүнө тапшырган. Кошумча бий ийриминен да билим алганы бар.
Театр
Университетте окуп жүргөндө болочок актёр, режиссёрлор менен бирге жүргөнү Вон Хэ мырзага келечегин түптөөгө жардам берген. Чыныгы театр сахнасына чакырган да дос режиссёр бала болгон. Ал убак 1991-жыл эле, жаш актёр жигит мюзиклга катышкан. Андан кийинки олуттуу ролу “Нанта” спектаклинде болду. Спектакль эл аралык деңгээлге чыгып, Нью-Йорктогу Бродвейдин репертуарына да кошулган. 10 жылдык турне, дүйнөнүн жыйырмадан ашуун өлкөсүн кыдыруу, саякаттоо каарманыбызга жаккан. Жан дүйнөсү актёрлукка бекеринен тартпаганын сезген. Канчалаган спектакль, мюзиклдарда роль жаратты. Бирок театрдын караңгы тарабы да бар эле, үй-бүлөнү бакканга каражат жетиштүү эмес болчу. Анан да “Нантанын” 10 жылдык популярдуу доору бүтүп бараткан.
“Ойгонсом эле 38 жашка келип калыптырмын...”
– Ойгонсом эле 38 жашка келип калыптырмын... Убакыт мен үчүн билинбей өтүп кетиптир. Бир күнү аялым башка жумушка орношконум тууралуу документти алып келип колума карматып койду. Элестеткиле, мен үчүн ал чуркап, жумуш издеп жүргөнүн. Техниканын “т-сын” билбейт элем, ошентсе да автоунаа сатуучу болуп калдым. Бир жыл сатуучу болдум, бул аралыкта кадимкидей театрдан эс алдым десем болот. Бирок жан дүйнөмдө баары бир белгисиз боштук, өксүк, сагыныч боло берди. Андан кийин дүкөндө сатуучу болуп көрдүм. Акыры кимбап жасап, саткан дүкөн ачтым... Бир күнү актёр досум чалып калды, кызуу экен. “Кайдагы кимбап деп жүрөсүң! Сен актёрсуңбу же кимсиң?!” деп урушуп алган. Мага ушул эле телефон чалуу, ушул эле сөздөр жетпей тургандай толкундана түштүм. Чын эле мен актёрмун да, эмнеге кимбап жасап отурам?.. Анан кайрадан жүрөк дегдеген театрга жөнөдүм,- дейт актёр.
Кинодогу алгачкы роль
Кеч болсо да ишке ашты. Кинодогу алгачкы ролуна 42 жашында жетти. “Жакшы күндөр” дорамасында, ага удаа “Олдоксон адамдар” сериалында экинчи пландагы актёрдун ролун аткарган. “Киного келгенде өзүмдү аябай ыңгайсыз сездим. Мени менен чогуу окуган балдар-кыздар бул учурда чоң-чоң ийгиликтерге жетип калган эле. Мен болсо жаңыдан дебют жасадым. Тартуу талаасында жашым улуу болгону менен, тажрыйба жок баарын башынан баштаганга туура келди”,- дейт киного кошулганы тууралуу Ким Вон Хэ мырза.
Популярдуу ролдору
Өзүн төмөн баалаганы менен, актёр аткарган ар бир роль көрөрмандын жүрөгүнөн орун таап, эсте калчу. Ага атактуулук алып келген эмгектерин белгилебей кетсек болбос: “Робот - Сори”, “Асура”, “Балбан кыз До Бон Сун”, “Шеф Ким”, “Хваран”, “Ажырашуу учурундагы камсыздандыруу” жана башка сериалдарды кошсок болот. Актёрго өзгөчө олдоксон, кошоматчы кеңсе кызматкери, кыздардай сулууланып, боёнуп-жасанып жүргөн, эпатаждуу каармандар жарашкандай сезилет. Дал ушундай ролдорду ийине жеткире аткаруу чоң талантты талап кылат эмеспи.
“Атам – бейсболчу”
“Театрга кайра кайтканымда деле жумуш анча көп эмес болду. Бош убакытымдын көбүн үйдө өткөрөм да. Короодо колума бейсбол битасын алып, ары-бери ойной берчүмүн. Мунун баарын байкап жүргөн башталгыч класста окуган кызым анкета толтуруп, “ата-энең ким болуп иштейт?” деген суроого "атам – бейсболчу” деп жооп бериптир. Аны укканда да стресс болдум. Мына бүгүн киносыйлык алганымды көрүп, кызым оюн өзгөртөт болуш керек”,- деп тамашалуу сөзүн сүйлөгөн актёр.
Учурунда үй-бүлөсүн бакканга акчасы жетчү эмес. Азыр андай маселеси жок. Кеч башталган карьерасында башкы ролдогу актёр аталбаганы менен, экинчи пландагылардын арасында жылдыз, режиссёрлордун суроо-талабына ээ адам. Сыйлыктары да көп, 100дөн ашык тасма-сериалга катышкан. “Экинчи пландагы актёрмун деп арданбайм. Тескерисинче, сыймыктанам. Анткени мен аткарган ролдордун баарында жөнөкөй, катардагы адамдардын реалдуу жашоосу чагылдырылган. Көрөрман менин ролумдан өзүн табат. Башкача айтканда, элге жакынмын”,- дейт элдик актёр.
Асыл Орозбекова