130 миллион сомдук товар: УКМК эл аралык баңгизат каналынын ишин бөгөттөдү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети баңгизат бизнеси боюнча эл аралык кылмыштуу каналдын ишин токтотконун билдирди. Маалыматка ылайык, баңгизат ташыган эл аралык уюшкан кылмыштуу топ Европа өлкөлөрүнө героин жеткирүүнү Борбордук Азия өлкөлөрү аркылуу жүргүзүп келген.

Атайын операциянын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы жашыруун жерден жалпы салмагы 174 килограмм 800 грамм болгон героин табылды. Адистердин баалашынча, бул каражаттын дүң баасы Кыргызстанда 130 миллион сомду түзсө, Европада 600 миллион сомго чейин жетиши мүмкүн.

УКМК билдиргендей, бул иш боюнча башка өлкөлөрдүн укук коргоо органдары менен биргеликте жүргүзүлгөн аракеттердин натыйжасында уюштуруучулар жана аткаруучулар кармалышты. Азыркы тапта тергөө жана ыкчам-иликтөө иштери уланууда.

Бул — өлкө аймагында акыркы жылдарда аныкталган баңгизат ташуудагы эң ири фактылардын бири болуп калды. Коопсуздук кызматы мындан ары да баңгизаттарга каршы күрөштү улантарын белгиледи.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1177, 4-10-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан