Эне... Ушул сөз каарманымдын жүрөгүн жалындатып, ыйлатып, кусалантып жүргөн учуру. Дастанчы, ырчы Азиз Батыров быйыл апасынан айрылган. Азыркыга чейин өзүнө келе албай, кусаланып, чүнчүп жүргөнүн айтат.
“Атам тууралуу эч качан сөз кылбайм”
– Апам... Кудайдан улук эмес экенбиз, жакында апабызды жоготуп алдык. Канчалык оор болсо да чыдоого туура келет. Апам Сабира Шербаева Оштун кызы болгон. Ошол жакта туулуп-өсүп, окуп, турмушка чыккан. Атасыз чоңойдум, бизди апам жалгыз чоңойтту, эч нерседен кем кылган жок. Ал эми атам тууралуу башынан эле сөз кылбайм, мындан ары да сөз кылгым келбейт. Кыргызда “жабылуу аяк, жабылуу боюнча калсын” деген сөз бар эмеспи. Өмүр бою ушул сыр айтылбай эле калсын деп тилек кылам. “Апа” дегенде көз алдыма мени бардык нерседен коргогон адам тартылат. Апам каза болгондон кийин эч ким менен сүйлөшпөй чүнчүп жүрөм, өзүм үч баланын атасы болсом дагы апама баладай эле эркелечү экенмин. Чынчыл, баатыр, мээримдүү, чыдамкай, эч нерседен тайманбаган аял эле. Балдары үчүн баарына даяр болчу.
“Көйнөгү апамдыкына окшош башка аялды ээрчип кетип адашып...”
– Бала кезимде бир окуя болгон. Апам Ошто базарда иштечү да, алтын буюмдарын кутуга салып алып, бир жерде отуруп эмес, басып жүрүп сатат эле. Кардарлар менен кээде бир саат сүйлөшүп туруп калчу. Ушул элеси абдан көз алдымда калыптыр. Кичинекей элем, апамдын этегин кармап алып, ал кайда басса ошол жакка басып жүрө берчүмүн. Күн ысыкпы, суукпу, мага баары бир эле. Эптеп эле апамдын этегинен кармасам болду, кете берчүмүн. Бир жолу апамдыкына окшош көйнөк кийген башка бир аялдын этегин кармап алып кете бериптирмин. Апам башка катарга түшүп кетиптир, мен башка катарда. “Азизбек” деп кыйкырып издеп жатат, мен да “апалап” бакырып жатам... Чыңырып базардагы бул катардан тиги катарга өтүп чуркап жүрөм, ошондо абдан коркком. Балалыкта эсимде калган эң таасирдүү окуя ушул го дейм.
“Бирөөгө жардам бергиси эле келип турчу жарыктык”
– Апам эркек мүнөз эле. Анткени эркектердин арасында жалгыз кыз болуп чоңоюптур. Көйгөй басып кыйналып тургандарга жардам бергиси эле келе берчү жарыктык. “Эжем эле, сиңдим эле, таанышым эле” деп үйгө ээрчитип келип чай берип эле отурчу. Берешен эле да. Анан таарынчаактык жайы бар эле, менин да кичине нерсеге таарынып калмай жайым бар. Апама көп жагынан окшошмун, бирок ал кишидей тайманбас эмесмин. Ал кармаган жерин үзмөйүнчө коё бербеген, баштаган ишин сөзсүз акырына чыгарган киши эле. Эркек кишилер жасай турган иштерди да жасап коё берчү. Мисалы, машине оңдой алчу, дыйканчылыкты жакшы билчү. Бирок мени ак кол кылып чоңойтуп коюптур, балким, жалгыз эркек баласы болгонум үчүнбү, билбейм. Балким, кичинемден комуз черте баштаганым үчүндүр.
Апам мени “Ажибегим” деп эркелетчү. Кичинемде оюнчукту көп алып берчү, бирок эң эсимде калганы – эңсеп жүргөн комузду сатып бергени болду. Тапканынын баарын мага дечү, Бишкектен бир бөлмөлүү үй да алып берген. 1-курсумда автоунаа белек кылган.
“Жубайым менен апам курбулардай эле”
– Жубайым Максатай менен курбудай эле, экөө “биз подружкебиз” деп калышчу. Кайнене-келин деген маселе такыр болгон жок. Келинчегим тууралуу эч бир жаман пикир айткан жок. Келинчегим да азыр өз энесин жоготкондой кыйналып жүрөт. Апам сүт азыктарын жакшы жасачу, ботко көп жасатып жейт элем. Мектепке бара жатканда булочканын ичине сыр, майонез, колбаса салып бутерброд жасап сумкама салып койчу. Мектеп жашымда аябай томпок бала элем (күлүп), ал ошол апамдын курсагымды ач кылбаганынан болсо керек.
“Мени интервьюларга өзү ташып жүрдү”
– Талант мага апамдан өттү деп ойлойм. Анткени апам мектеп жашында сынактарга катышып бийлеп, ырдап жүрчү экен. Кийин Куран үйрөнүп, кырааты менен окуп жүрдү. Ошондо үнүнүн кооздугун билдим. Болгону аны учурунда колдогон адам болбогондуктан таланты көмүскөдө калып кеткен. Мен кичинемде улам бир нерсеге секире берчүмүн, бир күнү футболго, бир күнү күрөшкө барам дей берчүмүн. Анан комузга кызыгып калдым. Катуу кызыктым. “Комуз алып бер” дегенимде алгач апам мени түшүнгөн жок. “Эми ушуну баштадыңбы, эртең эле таштап салбайсыңбы?” деди. Кийин ырдап, эл оозуна алынып, чындап эле ушул жол менен кете турганымды билгенден кийин менин чыгармачылыгымды абдан колдоду. Формаларымды тиктирип, сынактарга катыштырып, идеяларды айтып жүрдү. Продюсерим, менеджерим, айдоочум апам болду. Кийин деле каякка мени интервьюга чакырса машинесин айдап алып мени жеткирип, өзү бир бурчта күтүп турчу. Суусабадыбы, курсагы ачпадыбы деп ойлогон эмес экенмин.
“Кээде чыбык менен тарбиялап койчу”
– Мен деле элдин балдарындай тентек бала элем. Апам атамдын да ролун аткарып, кээде мени чыбык менен жазалап койчу. Кубалап жетейин дегенде шаты менен чатырга чыгып кетчүмүн, өзү ал жакка чыга албаганы менен, таш ыргытчу (күлүп). Апамда азыркынын тили менен айтканда бир “травма” бар болчу окшойт деп ойлоп калам. Анткени көп нерсеге көз жумса да, сабактан “эки” деген баа алышыбызга такыр көз жума алчу эмес. Абдан жакшы окушубузду каалачу. Мектептен “эки” алсак, өлдүк эле. Ошон үчүн бардык бир туугандар жогорку билимдүү, бир кесиптин ээси болдук. Апамдын жазасынын мөмөсүн азыр жеп отурабыз.
“Апам менин эл уулу болгонумду көрдү, ушуга шүгүр кылам”
– Апам дайым эле биздин колубузда болду. Акыркы мүнөттөргө чейин жанында болдук. Каза болоруна жакын бизди чакырып алып ыраазычылыгын айтып, бизден да ыраазычылык сурады. Өлүп калат деп эч ишенген жокпуз, анткени дарыланып бир аз жакшы болуп калган эле. Апам ал сөздү баштаганда Максатай ыйлап жиберди, эшикке чыгып кетейин дегенде апам токтотуп калды. “Менин ыраазычылыгымды угуп ал, өкүнүп каласың, кызым” деди. Анан “неберелеримди жакшы кара, Азизимди жакшы кара” деп туруп акыркы келмесин айтып, тилден калды. Апам менин эл уулу болгонумду көрдү, ушуга шүгүр кылам. Колумдан келген жакшылыктын баарын апама арнадым, ден соолугуна кам көрдүм. Акыркы белегим – алтын буюм алып бергем. Аны деле бир эле жолу тагынды, алтыным.
“Сагындым, кусалыктан ыйлайм”
– Апама болгон кусалыгымды сөз менен жеткире албайм, ушунчалык оор. Үйдөн балдарымдын, келинчегимдин көзүнчө ыйлай албайм, эшикке чыгып көз жашымды төгүп кайра келем. Өлүм улук экен, сооронуп, ыйлап, алаксып, кайрат кылып жаткан учурум. Сагындым апамды. Эне менен баланын мээримин башкача кылып жараткан окшойт. Эгер апама кат жазсам... Анын ордун менин жүрөгүмдө эч ким баса албай турганын, ал адамсыз мен эч ким эмес экенимди айтып жазмакмын. Быйыл ажылыкка барабыз деп максат кылып жатканбыз, тилекке каршы, жетишпей калдык. Бирок мен барып апамдын атынан ибадаттарды жасап келсем деп турам. Апам бейиштин гүл бакчаларында чуркап жүрөт деп үмүт кылам. Бейиштен жолукканча, апа...
Нуржамал Жийдебаева