8 ЖАШАР КЫЗ КамАЗ ТЕБЕЛЕП КАЗА БОЛДУ.  Атасы айдоочунун дароо камакка алынбаганына нааразы

Жол кырсыгы дагы бир чырактай кыздын өмүрүн алды. Ата-энеси, жакындары сыздап, күнөөлүү адамды мыйзам алдында жоопко тартууну талап кылып, тергөөгө нааразычылык билдирүүдө. 

 

“Жумуштан келе жатсам жаман кабар угузушту”

– Аты-жөнүм Чоро Ашымбаев, 40 жаштамын.  Бишкектин четиндеги Ак-Ордо-3 конушунда жашайбыз. Келинчегим экөөбүз 5 баланы тарбиялап, өстүрүп жаткан элек. Минтип 1 кызыбыздан айрылып калып, ичибизден кан өтүп, сыздап отуруп калып жатпайбызбы?!

28-июнь күнү кадимкидей жумушка кеткем. Келинчегим балдар менен үйдө болчу. Кечки саат 7лерде жумуштан үйгө келатканымда кошунам телефон чалып, кырсык болгонун айтты. Аны угуп дендароо болуп, акылым тумандап, ишене албай 30 мүнөттө кырсык болгон жерге жетип келдим. Биздин үй Чубак Жалилов жана Зайырбек Ажыматов көчөлөрүнүн кесилишине жакын жайгашкан. Аталган кесилиште курулуш материалдарын саткан дүкөн бар. Кырсык ошол кесилиште, дүкөндүн түбүндө, жолдун жөө адамдар өтүүчү тилкесинде (ред.: зебра) болуптур.

 

“Айдоочу качып кетиптир”

– Келсем эл топтолуп калыптыр, мени көрүп чуру-чуу түшүп калышты. Карасам кызым КамАЗдын арткы дөңгөлөгүнүн түбүндө жатат... Үстүн бир нерсе менен жаап коюшуптур, ачып көрүп бакырып жибердим. Баш сөөгү талкаланып кетиптир (ыйлап). Тээп жүргөн велосипеди мыйрыйып сынып жанында жатат. Абдан катуу нес болуп, өзүмдү бир топко жоготуп койдум. Анан элден сураштырып, кызымды тебелеп кеткен айдоочуну издеп баштадым. Көрсө, качып кетиптир.

 

“Кылмыш ишин козгоону суранып арыз жаздым”

– Топтолгон эл милицияга, “Тез жардам” кызматына чалыптыр. Алар 1,5 саат дегенде келишти. Ага чейин кызымды көтөрүп алып чыгып, жолдун четине жаткырып койдум. Милиция кызматкерлери кыздын атасы катары менден бир ооз да сөз сурап коюшпады. Ошол жерде тигил КамАЗдын айдоочусу менен бирге иштешкен 3-4 эркек жүргөн экен. Алар милиция өкүлдөрүн ары-бери тарткылап, бир нерселерди сүйлөшүп жүрүштү. Бир убакта милиция кызматкерлери мага кызымдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алып келүүмдү айтышты. Мен алып келгиче кызымды “Тез жардамга” салып өлүкканага алып кетип калышыптыр. Артынан бардым. Барсам өзүн тергөөчү деп тааныштырган адам КамАЗдын айдоочусунун үстүнөн кылмыш ишин козгоону суранган арызымды жаздырып алды. Кызымды өлүкканадан 2 саат дегенде чыгарып беришти, айылга алып кеттик.

 

“Камаз күү менен келип чукул бурулганын айтышты”

– Күбөлөрдүн айтымында, окуя мындай болуптур:

Кызым Аэлина кечки саат 7лерде сейилдеп келмекке велосипеди менен көчөгө чыгат. Келинчегим 1 жашар балабызды коляскага салып артынан чыккыча Аэлина узап кетет. Кызым жолдун чети менен Зайырбек Ажыматов көчөсүнө жетет. Курулуш материалдарын саткан дүкөндүн жанынан, жөө адамдар өтүүчү тилкеден эми үйдү көздөй акырын бурулганда алды жагынан катуу келе жаткан КамАЗ күү менен чукул бурулуп, тепсеп кетет. Кызымдын кыйкырыгы чыкканда гана барып токтойт. 2-июлда мага бирөө кырсык болгон учур тартылып калган видеону алып келип берди. Видео элдин айтканын тастыктайт. Видеодо айдоочу кыз тарапты, башкача айтканда, оң жакты карабай, сол жакты гана карап катуу ылдамдыкта бурулганы көрүнүп турат.

 

“Кызым дароо эле каза болуп калган”

– Айдоочу жерге түшүп, кызды көрөт да ары жакка барып, кыйкырып-өкүрүп отуруп калат. Өтүп бара жаткан адамдар, коңшулар чогула башташат. Курулуш дүкөнүндө иштеген жигит кызымдын күрөө тамырын кармап көрсө, жүрөгү токтоп калыптыр. Дүкөнүнөн кездеме алып келип кызымдын үстүн жаап коёт. Коңшулар кырсык болгон жерди сүрөткө тартып, жазып, коңшулардын вотсапп тайпасына жөнөтүп башташат. Коңшулар жолдон өтүп бара жаткан “Тез жардам” унаасын токтотушат. Андагы врачтар кызды бир сыйра карап көрүшүп, каза болуп калганын айтышат.

 

“Айдоочу 2-3 күн эркиндикте жүргөн”

– Кызымды айылга алып барып жерге бергендин эртеси коңшулар мага чалышып, милиция кырсык болгон жерге келип, ченеп, КамАЗды ары-бери айдатып көрүп жатышканын кабарлашты. Дароо тергөөчүгө чалып “эмне үчүн айдоочу эркиндикте жүрөт? Аны эмнеге камаган жоксуңар? Эмне үчүн эми гана протокол түзүп жатасыңар?” деп сурадым. Ал “териштирүү бүтмөйүнчө айдоочуну убактылуу да камай албайм” деп койду. Эмнеге мындай болушу керек деп Бишкекке келип, журналисттерге байланыштым, келип тартып кетишти. Айдоочу эмне үчүн 2 күн эркиндикте жүргөнүн билбейм, бул боюнча мага эч ким маалымат берген жок.

Айдоочу 40-41 жаштагы нарындык, 6 балалуу киши экен. Анын кайненеси, апасы, таякеси биздин айылга кызыбызга топурак салганы барышты. Алардан “балаңардын өзү каякта?” десем, "камакта" деп коюшкан. Көрсө, калп айтышыптыр. Айдоочу убактылуу кармалуучу жайга 1-июлда гана киргизилгенин тергөөчүдөн ошол күнү уктум. Ага чейин аны эмнеге камашкан эмес? Эмне үчүн жол кырсыгы болгон жерди эртеси ченеп, протокол толтурушкан? Протоколдо окуянын күбөлөрүнүн суракка алынгандыгы боюнча маалымат барбы же жокпу, аны да билбейм.

2-июлда тергөөчүгө барып кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгү (жол кыймылынын жана автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу)  менен козголгонун билдим. Айдоочунун туугандары келип, бизден кечирим сурап, ишти жаптырганга аракет кылышууда. Бирок биз чырактай кызыбызды өлтүргөн адамдын мыйзам алдында жазасын алышын талап кылабыз.

 

“Чоңойсом мугалим болом дечү”

– Аэлина быйыл 1-классты бүткөн. 5 баламдын экинчиси эле. Бала бакчага барып жүргөн кезинен ырдачу. Эң алдынкы окуучу, класском болчу. Келечекте мугалим же врач болом деген аруу тилектери бар эле. Ырларды өз алдынча жаттап алчу. Үйдө балдарды карап, үй жумуштарын жасашып, апасына жардам бергенге жарап калды эле. "Чоңойсом апам менен атамды Меккеге алып барам" деп да айтып калчу. "Каникул маалында Ысык-Көлгө чоң энеме, Ошко таенеме барып келем, аларды сагындым" деп жаткан. Ал тилектерине жетпей калды...

Мындан 3-4 жыл мурун ырчы Биржан Байбол Бишкекке концерт берерде социалдык тармакка 1 ырын жүктөйт. “Ушуну ким эң жакшы ырдап видео тартып жөнөтсө, концертиме 2 чакыруу билетин берем” деп жазат. Ошондо Аэлина ырдап, апасы видеого тартып жөнөтүп, ошол 2 билетти утуп алышат. Ошол концертте Биржан Аэлинаны сахнага чакырып, экөө дуэт ырдашкан. Ошол видеону азыр айрымдар социалдык тармактарга жүктөп жатышат. Ушундай тыпылдаган, акылдуу, зээндүү кызыбыздан айрылып отурабыз.

 

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1177, 4-10-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан