КОЙ
(21.03–20.04)
Аптада пландалган көп иштерди бүтүрүүгө жетишесиз. Ортодон акыл үйрөтүп, жол көрсөткөндөр чыгат, бирок кулак салбаңыз, ички туюмга ишенип кадам таштаңыз. Чоң буюм алам деп тургандар ашыкча чыгым болбоюн десе баасына эмес, сапатына көңүл бурганы жакшы. Сүйүү жаатында бир кезде жүрөктү жаралап кеткен сезимдер кайрадан кол сунушу күтүлсө, айрымдардын дос мамилесиндеги адамы сүйүүсүн ачыктайт. Сүйгөндөн, сүйүлгөндөн коркпоңуз, бактылуу көз ирмемдер күтүүдө.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Телефон, интернетке аз убакыт гана баш багам деген ой менен кирип кетип, убакыттын кандай өткөнүн билбей калбаңыз. Мунун айынан маанилүү иштер артка жылып кетип, үйдөгүлөр менен кер-мур айтышуу күтүлөт. Шаршемби, бейшемби күндөрү сүйлөгөндүн ордуна көбүрөөк башкаларды угуп, байкоо процессинде болсоңуз, ийгилик сиз тарапта болот. Аптада онлайн акча которууда тыкыр текшерип туруңуз, туура эмес жакка которуп, кайтара албай калышыңыз мүмкүн.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Баарына жетишкиңиз келсе, иштерди бүтүрүү үчүн убакытты туура бөлүштүрүңүз. Жетишпей калам деп корксоңуз, тааныштарды жардамга тартканыңыз оң. Апта ортосунда тамак-аштан ууланып калуу коркунучу бар, этият болуңуз. Кесиптештер сизден демилге күтүшөт, андыктан жаңы идеялар болсо айтып калыңыз, колдоо табасыз. Дем алыш күнү эс алуу менен бирге жаңы тааныштарды таап, чер жазуу менен өтөт. Бойдоктор үчүн апта романтикалык маанай тартуулайт.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Ийгиликтүү апта күтөт, негизгиси жумуш менен жеке жашоонун ортосунда балансты кармай билиңиз. Бирине көбүрөөк убакыт бөлсөңүз, экинчиси аксай түшөт. Өзгөчө шейшемби, шаршемби күндөрү жумушка берилип кетип, түгөйүңүзгө сөз берген нерсени унутуп калышыңыз ыктымал. Жума күнү топтолгон иштерди бүтүрүүгө ылайыктуу. Учтуу, миздүү, курч буюмдар менен иштөөдө абайлаңыз. Үйдөгүлөрдү кубантып үйдөн сырт, табият коюнунда эс алуу уюштурганыңыз жакшы болот.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Көптөн бери эмгектенип келген ишиңиз эми жемишин берет деп үмүт кыла берсеңиз болот. Өтүмдүүлүктү, чечкиндүүлүктү, тобокелчиликти талап кылган иштер күтөт. Сизге жакындарыңыз арыз-арманын айтып бугун чыгарышы мүмкүн. Өзүңүзгө жаккан нерсени сатып алып кубанасыз. Бойдоктордун жеке жашоосунда жарык, бирок кыска мөөнөткө гана созулган жолугушуулар орун алат. Ойлорду иретке келтирип, келечекке максат, план түзүү үчүн жалгыздыкта эс алуу сунушталат.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Мурда чечими жок сезилген маселелер оң жагына чечилип кубанасыз. Жаңы иш баштоого киришкендер тийиштүү адистерден кеңеш алып, анан ишке киришсе ашыкча чыгымдын алдын алган болот. Түгөйлөр ортосунда түшүнбөстүктөр жаралып, таарынышуулар орун алат. Аптанын экинчи жарымында чөнтөгүңүзгө акча түшүүсү күтүлөт. Дем алышты пландабай эле койгон оң, анткени ал планды бузгандар чыгат. Бирок жаңы план сиздин маанайыңызга төп келип, жагымдуу көз ирмемдер жаралат.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Аптанын көпчүлүк бөлүгүндө өзүңүздү энергиялуу сезесиз. Андыктан үйдү тазалоо, актап, сырдоо сыяктуу жумуштарды колго алышыңыз мүмкүн. Сиздин пикирге кошулбаган адамга орой сүйлөп таарынтып албаңыз. Андан көрө айтылган сөздөрдү анализдеп, анан жыйынтык чыгарыңыз, балким, баштапкы пикириңиз өзгөрөт. Үйүңүзгө күтүлбөгөн коноктор келүүсү же өзүңүз айттырбастан бирөөнүкүнө барышыңыз мүмкүн. Кан басымы жогору адамдар ысыкта сак болушу керектелет.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Убактылуу амбицияларды четке жылдырып, көпчүлүктүн катарында болууга туура келет. Бирок көп өтпөй лидерлик сапаттарыңыз кайрадан сизди “сахнага” чыгарат. Бойдоктор түгөй издөөдө күчтүүлүгүн жашырып, алсыздыгын алдынкы планга чыгарса “кайырмакка” илинчүлөр табылат. Үй-чарба иштеринде баштаган ишиңизге жакындарыңыз жардам беришет. Дем алышты үй-бүлөңүз менен биргеликте өткөргөнгө аракет кылыңыз, эс алуу үчүн атайын акча бөлгөнүңүз жакшы.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Бул аптада колуңузга канча иш алсаңыз да, баарын ийгиликтүү бүтүргөнгө алыңыз жетет дешет жылдыздар. Жасаган ишиңиздин жыйынтыгына өзүңүз ыраазы болосуз. Досторуңуздун бири уюштурган кечеге барууңуз күтүлөт. Жетекчилик тараптан чөнтөгүңүздү томпойткон сый акы аласыз. Акыл кампаңызды кеңейткен ийримдерге барууну каалап жүрсөңүз, алга. Ири сумманы талап кылган соода иштерине аралашпай туруңуз. Дем алышта жакын адамыңыздан сюрприз күтө бериңиз.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Көп убакыт дос катары мамиледе жүргөн адам сезимин ачыктап, аптанын сиз күтпөгөн окуясы болушу күтүлүүдө. Кесиптештер арасында дагы ушундай жакшы мамиле улансын десеңиз, көпчүлүктүн катарында болуңуз, менменсинүү, текебердик сапаттары сиз үчүн эмес. Өзүңүздү гана ойлосоңуз, элден четтеп каласыз. Туугандар ортосундагы чырды чечүүдө адамдын психологиясын окуу сапатыңыз жардамга келет. Апта аягында үй чарбасы менен алектенүүгө мажбур болосуз.
СУУ КУЯР
(21.01–19.02)
Аптада бир күнүңүз динамикалуу өтсө, экинчи күнүңүз тескерисинче өзгөрүүсүз жай ыргагы менен таң калтырат. Бейшемби-жума күндөрү ишиңиздин акыбети кайтып, мактоо сөздөрүн угасыз. Финансылык абалыңызды жакшыртуу үчүн кошумча иш алганыңыз туура. Жумуш деп жүрүп үй-бүлө экинчи планда калбашы керек. Андыктан бош убактыңызды өзүңүзгө жана үй-бүлөңүзгө арнаңыз. Түгөйүңүз тобокелчилик талап кылынган планы менен бөлүшөт, экөөлөп ойлонуп, чечим чыгарганыңыз жакшы.
БАЛЫК
(20.02–20.03)
Карьера, жумуш дегендерге бул аптада убакыт таппай калышыңыз мүмкүн. Алдынкы планга жеке жашоо, туугандардын түйшүгү чыгат. Шаршемби-бейшемби күндөрү ката кетиришиңиз мүмкүн, бирок ал ката көп нерсеге көзүңүздү ачат. Апта ортосунда күтүлбөгөн жерден эски таанышыңызды кезиктирип, өткөн-кеткенди эстеп отурасыз. Эс алуу күндөрү конокко чакыруу алышыңыз күтүлөт. Сапарга чыгам деп турган бойдоктор жолдон төгөрөгү төп келген адамына жолугуусу мүмкүн.