Адамдын жеке чек арасы: өзүңдүкүн сактап, бирөөнүкүнө кирбегенди үйрөн

Адамдын жеке чек арасы (личные границы) тууралуу угуп эле жүрсөңүз керек. Ошол чек араны сактап, башканыкына кирбөө эрежелерин бузгандар көп. Жеке чек ара деген эмне? Анын кандай түрлөрү бар? Чек ара бузулганда эмне болот? Кызыктуу маалыматты кызыгуу менен окуп коюу сунушталат.

 

Адамдын жеке чек арасы – бул ...

Жеке чек ара – бул адам өзүнүн эмоционалдык, физикалык жана психикалык тынчтыгын, ыңгайлуулугун коргоо үчүн койгон чектөөлөр. Ал чектөөлөрдү ар бир адам өзү коёт. Башкалар ага карата эмне жасабашы керек, эмнеге жол берилет же берилбейт. Өзүнүн жеке чек аралары сакталышына кам көргөн адам башкалардын чек арасына да сый мамиле жасаган учурда эки адамдын ортосундагы байланыш ыңгайлуу, жагымдуу болот. Ар бир адамдын жеке чектөөлөрү анын коомдогу ордун көрсөтүп турат. Адамдын жеке чек арасы негизинен экиге бөлүнөт: психологиялык жана физикалык.

Физикалык чек ара

Физикалык чек ара – бул жалгыз адамга гана тиешелүү нерселерге болот. Сизге эмне тиешелүү: денеңиз, буюм-тайым, кийим-кече жана башка. Физикалык чек ара кайсы учурда бузулушу мүмкүн? Мисалдар көп, айрымдарын тизмектейли. Сиз каалабаган адам учурашканда бетиңизден өбөт, кучактайт, өтө жакын келет. Телефонуңузду уруксат сурабай алат же сиз бир нерсе көрүп же окуп жатсаңыз жакын келип кошо көрөт. Сумкаңызды сизден сурабай туруп аңтарат, каалаган нерсесин алат. Кийимиңизди “кийип көрсөм болобу?” деп сураса да сиздин жоопту күтпөй кийип алышы мүмкүн. Үйүңүзгө айттырбай, чакыртпай келет же ыңгайсыздык келтирип жатса да бир нече күн кетпей жүрүп алат. Айтор, уланта берсе бул тизмек узакка созулуп кетиши мүмкүн. Айрымдарга булар чектөө эмес, айрымдарга чек. Ошон үчүн ар бирибиздин жеке чек араларыбыз ар башка.

Психологиялык чек ара

Психологиялык чек арага адамдын эмоционалдык, руханий, интеллектуалдык абалын кошуп караса болот. Бул чек аранын бузулушуна көбүнчө талап кылынбаган оюн билдирүү, акыл айтуу, кеңеш берүү жана адамды манипуляциялоо аракеттери менен байланыштуу. Мисалы, маңдайда турган адам сизге жакпаган, жеке өзүмдүн ишим деген жагдайларга суратпай мурдун тыгат. Эң көп таралган бир мисал айталы, бойдок кыздарга карата “качан турмушка чыгасың?” деген талап кылынбаган суроо узатылат. Артынан эле “эртерээк чык, бала төрөшүң керек, убактың өтүп баратат” деген суратпаган кеңеш айтылат. Мырза өзүнүн келбетине өзү ыраазы, бирок жанындагы адам “сен арык экенсиң, толсоң жакшы болот” дейт. Адамдын чек арасын бузган популярдуу: “канча айлык аласың?”, “айлыгыңды эмне кыласың?”, “акчаңды жөн эле корото бербей муну жаса да”, “качан төрөйсүң? экинчисинчи?”, “элдин баары чет өлкөгө кетип, толтура акча таап келип жатышат, сен эмне отурасың аз айлык менен, кет” жана башка сөздөрдү сиз улантып кетиңиз, окурман.

Өзгөрмөлүү чек аралар

Ооба, адамдын жеке чек аралары туруктуу эмес, өзгөрмөлүү. Өзгөрүү же убакытка, же адамдарга, же ошол учурдагы сиздин эмоционалдык абалыңызга байланыштуу болот. Эмоционалдык абалдагы өзгөрүүлөр: кубанып турган учурда бейтааныш адамды деле кучактагыңыз келет. Тескерисинче, ачууңуз келип турган маалда жакын адамыңызды да жаныңызга жолоткуңуз келбей калат. Адамга байланыштуу: чач тарачка барганда эч кандай дискомфорт болбой башыңызды карматып, чачыңызды кырктыра бересиз. Бирок дагы бир башка адам чачыңызды кармаса жактырбайсыз. Убакытка байланыштуу: мурда бетиңизден өөп учурашууга эч кандай маани берчү эмессиз, кийинчерээк бул процесс жакпай калат же тескерисинче болушу мүмкүн. Адамдын жеке чек аралары ийкемдүү, өзгөрмөлүү болушу мыйзам ченемдүү эле көрүнүш.

Чек ара бузулганда...

Чек ара бузулганда эле терс эмоцияларды ачык көрсөтүп, “жарылып” кетүү туура эмес. Чек арасын сактагысы келген адам ар тараптан күчтүү болушу керек. Алгач сиз үчүн башкаларга карата эмне чектөөлөр бар экенин так түшүнүү зарыл. Андан кийин оюңузду агрессия менен эмес, адекваттуу ой менен түшүндүргөндү үйрөнүңүз. Агрессия өзүнө карата агрессияны гана жаратат. Адекваттуу, акылдуу жооп экинчи адамды ойго салып, кийин сизге карата чек араны бузбоо керектигин түшүндүрөт. Жакпаган нерседен баш тартып, “жок” деп айткандан коркпоо керек. Анан да сизге эмне жагат, эмне жакпайт экенин өзүңүз билишиңиз шарт. Билгенден кийин аны башкаларга түшүндүрүү милдети турат.

– Жеке маселелерди сүйлөшүүдөн баш тартуу

– Жакпаган жерге баруудан баш тартуу

– Башкалардын иши, жашоосу үчүн эмоционалдык жоопкерчилик алуудан баш тартуу жана башка.

Чыдаш керекпи?

Чек ара бузулганда чыдап жүрө берүү да туура эмес. Өзгөчө жогоруда айтылгандай талап кылынбаган суроо, кеңештерден улам адам билинбей эле стресске түшөт. Бул абал депрессияга айланып кетиши мүмкүн. Андыктан сизге жакпаган абал, маектешүү орун алганда жумшак, ошол эле учурда так кесе жооп айтканды үйрөнүңүз. “Кеңешчилер” алгач таарынышы мүмкүн “мен сага бакыт каалаган үчүн айтып жатам да”, “жакшы болсун эле дегем”, “биздин үйдө кийимдерди бири-бирибиздикин сурабай эле киебиз” деген сыяктуу. Бирок сиздин чек араңыз бар экенин, аны бузбаш керектигин түшүнүп калышат. Түшүнбөсө, сизди сыйлабаган адам менен андан ары байланыш түзүү кереги барбы-жокпу, ойлонуу керек.

Чек ара бузулгандагы белгилер

Чынында эле жеке чек ара бузулганын кантип билсе болот? Адам бир нерсени жактырбай, ачууланып, коркуп, кыжырданып баштаганда чек ара бузулганын билсе болот. Анткени ага карата жасалган бир процесс физикалык же психологиялык маанайда жакпай калды. Жакпай калганын инстинктивдүү түрдө терс эмоция менен билдирет. Терс эмоция – бул адамдын өзүн-өзү коргоо аракети десек болот.

Башкалардын чек  арасын сыйлоо

Көпчүлүк учурда адам өзүнүн жеке чек араларын коргоп жатып, башкалардыкын унутуп калат. Өзүңүзгө карата талап койгон жакшы, бирок ошол талап башкаларда да бар экенин унутпаңыз. Адамдын эмоционалдык абалына туура келбеген, этикага жатпаган суроолорду бербеңиз, сурабаса ашыкча кеңеш да айтпаңыз. Адамдар менен сылык, сый формада баарлашсаңыз, ошондой жооп аласыз.

Жеке чек араны сакташ үчүн...

• Өзүңдүн кызыкчылыктарыңды, керектөөлөрүңдү так түшүнүү.

• Жеке мейкиндикти жөнгө салуу. Физикалык жактан кайсы учурда дискомфорт жараларын сезүү жана коргоо.

• Так коммуникация. Оюңузду кыска-нуска түшүндүрүү, өзүңүздү актоо форматында эмес, ыңгайлуулукту тандаганыңызды билдирүү форматында.

• Башкалардын чек арасын сыйлоо.

• Өздүк абройду, бааны (самооценка) көтөрүү. Ал үчүн ар тараптан өнүгүү, окуу, кругозорду кеңейтүү процесстери керек.

Асыл Орозбекова   

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1178, 11-17-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан