Ырчы Айнура Салахидинованы турмуш кантип өзгөрттү? Ырчылык киреше алып келбей калса кесибин өзгөртүүгө даярбы? Учурда эмне иштер менен алек? Ушул суроолордун жообун маектен табасыз, окурман.
– Саламатсызбы, Айнура айым? Саналуу ай мурун дагы бир кыздуу болупсуз, куттуктайбыз!
– Саламатсыздар, рахмат. Кызыма 8 ай болуп, чоңоюп калды. Жок дегенде төрт балалуу болсом деп кыялданчу элем, ошол кыялым орундалды.
– Төрөткө чейинки, төрөттөн кийинки депрессия деген нерсеге айымдар көбүрөөк маани берип калышпадыбы. Сиз кандай көтөрөсүз?
– Мен оор көтөрөм, ошол токсикоздон коркуп 7 жылдан кийин араң төрөдүм (күлүп). Бирок бала бакыт да, баарына чыдаш керек болот. Депрессия деле болуп кетпейм, бирок толуп кетем төрөттөн кийин. Кызым жоош, апам “артисттердин балдары түшүнүктүү болуп төрөлүшөбү, ыйлабай той-топурда силер менен жүрө беришет” деп калат (күлүп). Анын сыңарындай төрт балам тең жоош болду.
– Чыгармачылык кантип жатат?
– Ырчылыкка кокустан келип калган эмесмин. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда окуп, элдик ырлар жаатында адис катары диплом алып чыккам. Комуздан жана темир ооз комуздан мектептерде сабак берем. Чыгармачылык жакшы эле кетип жатат. Баарыңыздар билгендей, Роза Шакирова, Азиза үчөөбүз чогуу жүрөбүз. Чогуу ырдайбыз дегендей...
– Көп жылдан бери дос болуп жүрөсүздөр, бири-бириңиздерди жарым сөздөн түшүнүп калдыңыздар болуш керек?
– 20 жылдай болуп калды окшойт достугубузга. Бизди сахна табыштырды, анан мүнөзүбүз, жылдызыбыз келишип калды. “Эски достор” деген ырыбыздан кийин бизди эл дагы топ катары кабыл алып калышты. Роза эже менден алты жаш улуу, Азиза да улуу, ошондуктан ортодо сый бар, чын эле бири-бирибизди көз караштан түшүнүп турабыз. Бирибиздин жинибиз келип жатса, башкабыз аны түшүнүүгө, бир ачуусун көтөрүп коюуга аракет кылабыз. Роза эже шайыр, бизге идея айтып турат. Азиза стилист, ал биздин сахнага кие турган кийимдерибизди карайт, а мен менеджермин. Кайсы жакка барабыз, кантип клип тартабыз, ушундай иштерди сүйлөшүү менин ишим.
– Эгерде ырчылык жашоого жетерлик акча алып келбесе аны таштайт белеңиз?
– Жумушум, кесибим ушул болгондуктан ырчылык чоң акча алып келбесе деле таштамак эмесмин. Жан дүйнөмдүн каалоосу үчүн деле. Ырчылыктан тышкары чакан ишкерлик менен алекмин, блогерликтен да акча түшүп турат. Андыктан акчаны башка жактардан тапсам да болот, ал эми ырчылык – жан дүйнөм үчүн маанилүү.
– Маектен тышкары сүйлөшүп жатып “үнөмдүү аялмын” деп калдыңыз...
– Ошондой аялмын го (күлүп). Кээ бир аялдар бар, тапканынын баарын өзүнө чаптап, кымбат косметикалык каражаттарды колдонуп, өздөрүн укмуш карап жүрүшөт. Тапканынын баарын өзүнө жумшашат. Мен "баары үйгө, үй-бүлөгө" деген ураан менен жашаган аялмын. Үй-бүлөгө сиңип кеткен аялдар болот го, ошондоймун.
– Сиз атаган эки башка аялдын кимисиники туура деп ойлойсуз?
– Билбейм эми, аялдардын жаратылышы ар түрдүү да. Бирок мага өзүмө окшогон үйүм, күйөөм, балдарым деген аялдар көбүрөөк жагат.
– 14 жыл болуптур баш кошконуңуздарга. Сиздерде үй-бүлөлүк кризис деген нерсе болдубу, болсо андан кантип чыктыңыздар?
– Уул-кызына той бергендер “сени атайын ырымдап чакырдык, силердикиндей бекем үй-бүлө болсун деп ниет кылдым” деп калышат. Ичимден сүйүнүп калам. Жашоодо баары тептегиз болбойт да, кээде чуңкур жерлери да болот. Бирок баары бир эркек аялдан эки тепкич өйдө турганын эске алып, “сеники туура” деп койсок биздин жеңишибиз. Сабыр менен кризисти да, башкасын да жеңсе болот. Мен деле табиятымдан лидер аялмын, катуу жана өткүр сүйлөйм. Бирок үй-бүлөдө эркектин пикири бийигирээк деп эсептейм. Жолдошумдун ачуусу келип жатканда сабыр кылам, ал менин жиним келип жатканын байкаса сыртка чыгып кетет. Апам “атаңды тарткансың, атаң экөөбүз чукчуңдашып кетсек, беш мүнөттөн кийин жадырап-жайнап кирип келчү” деп калат. Мен да кээде урушканыбызды унутуп калып, эч нерсе болбогондой күлүп-жайнап сүйлөшүп кете берем.
– 14 жыл мурунку сүйүү ошол боюнча эле калдыбы же өзгөрдүбү?
– Биздики ошол боюнча эле калды деп ойлойм. Атам менен апам атамдын көзү өткөнчө бири-биринен бир да күн айрылышпаган экен. Кайда барса чогуу жүрүшчү экен, ошондой жакшы мамилени сактап калгым келет. Күйөөмө “кээде туруп сизди ушунчалык жакшы көрүп кетем, кээде жек көрүп кетем” деп айтып калам. Жашоо ушундай түрдүү эмоциядан турат экен.
– Кызганычтар азайдыбы?
– Кээде кызганып кеткен учурларым болот. Жолдошум мени көп кызганбайт болуш керек. Анткени үч курбу чет өлкөгө ырдаганы кетсек, Азизанын күйөөсү учакка чыкканда да телефон чалат, түшкөндө да чалат, мейманканага жеткенде да чалат. Роза эженики да ошондой. А меники антпейт. Жолдошума “элдин күйөөлөрүндөй болуп эмне чалып койбойсуз?” десем, “мен убакытты көзөмөлдөп турам, сен канчада учакка отурдуң, канчада түштүң, мейманканага канчада жеттиң, баарын билем. Жетип, жайланышып алганыңдан кийин бир жолу телефон чалып коём” дейт. Абдан ишенет окшойт мага.
– Блогермин дагы деп калдыңыз, бул кесиптин жоопкерчилиги кандай сиз үчүн?
– Жоопкерчилиги чоң, акыркы учурда абдан маани берип калдым. Башында жарнамаларга көп көңүл бурбай жарыялаган учурлар болду. Азыр толук жоопкерчилик менен, өзүм колдонуп көрүп, анан жарнамалап калдым. Баракчамды позитивдүү алып барганга аракет кылам. Такыр негатив нерселерди чыгарбайм.
– Хейтерлер сизди эмне деп “туздашат”?
– Сахна жаштыкты, сулуулукту жакшы көрөт эмеспи. Азыр жашым 40ка келип калды, балдарды төрөдүм дегендей. Төрөттөн кийин толуп кеттим, “арыктабайсыңбы, өзүңдү карабайсыңбы?” деп акыл үйрөткөндөр болот.
– Күтүүсүз тийген сокку болду беле жашооңузда?
– Атамды күтүүсүз жоготуп алдык. Эч жери ооручу эмес, сопсонун эле жүргөн. Төрт айлык дааватка чыгам деп даярданып жаткан. Эртең менен намазын окуп, бирөөлөр келмек экен, ошолорду күтүп жата турайынчы деп үзүлүп кете берди. Бир күн мурун инимдин туулган күнү болуп баарыбыз чогулган элек, көрсө, ошондо коштошкон экенбиз. Өзүмдүн тун кызым да төрөлүп, 5 күн жашап чарчап калган, ушул эки сокку мен үчүн күтүүсүз болду.
– Ар бир курактын өз кызыгы бар, азыркы учурда эмнеден ырахат аласыз?
– Балдарым менен алек болгондон ырахат алам. Кээде түн ичинде илхом келип калат, үй жыйнагандан ырахат алам. Эч ким жолтоо болбогон маалда үйүмдү кырып-жышып, ошондон жеңилдеп ырахаттанып калам.
– Элдин пикири сиз үчүн маанилүүбү?
– Ий, ушунчалык оомамын (күлүп). Бирөөнүн пикири маанилүү болмок тургай дароо эле ошого кошулуп кетип калам. Мисалы, сиз экөөбүз базарга барсак, сиз “ушул көйнөк сага жарашат экен” деп койсоңуз, өзүмө жаккан түстү, фасонду унутуп калып, сиз айткан көйнөктү сатып алышым мүмкүн. Айрымдар өзүнө жакмайынча издеп жүрө берет го.
Нуржамал Жийдебаева