(Башталышы өткөн сандарда)
Айкөл көз жашын токтото албады. Кайын энесинин басып-туруп өзүн каарып-кууруп жатканын Айдарга кантип айтат? Канткен менен өз энеси да. Экөөнүн ортосунда от жаккан менен барабар болот эмеспи. Эч нерсе деп айта албай күйөөсүнүн колунан кармап алып, эзилип ыйлай берди.
– Ушундай болот деп ойлогом. Андан көрө шаарда калып, ишиңди бүткөрө берсең болмок. Мени ээрчип келдиң. Эми эмне таптың? Зылдай болгон денемди көтөрө албай, сага жардам бере албай жатканымдын өзү оор. Сенин көз жашыңды көрүү андан да оор.
– Кечир мени, экинчи ыйлабайм,- деди көз жашын сүрткөн келин.
– Айкөл, кетип калчы, жаным. Мени ушунчалык кыйнабачы. Ушул абалымда өзүмө кайгырарымды же сага кайгырарымды билбейм. Аябай күнөөлүү сезем өзүмдү. Мага кыйын. Мени жакшы көрсөң кетип калчы. Бири-бирибизди жүрөгүбүздө сактайбыз. Мага ушундай курмандыктын кереги жок. Бул оору – менин сыноом... Сенин эч кандай күнөөң жок. Абалымдан мурун сени ойлоно берип жаным эки эсе эзилчү болду.
– Айдар?
– Мындан ары абал жеңилдебейт, курчугандан курчуй берет. Апам токтоно албайт, атам же агаларым ага каршы бир ооз сөз айта албайт. Мен сага болушсам, ого бетер абал курчуйт. Күчөп кетет. Сен эле кыйналып каласың. Апамды да күнөөлөй албайм. Ага да оор. Ачуусун, ызасын кимден чыгарарын билбей жатат.
– Мен кете албайм!- деди ый аралаш мууна шыбыраган Айкөл. – Мен анда жашап эмне кылам? Сенсиз кантип жашайм? Сени ушул абалыңда таштап кетсем, өзүмдү кандай сезем? Ким эмне десе ошо десин, сенин жаныңдан чыкпайм.
– Сен канчага чейин минтип чыдайсың?
– Чыдайм. Эсиңдеби, экөөбүз биринчи жолу сүйүүбүздү бири-бирибизге айткан күн? Ошол күнү бири-бирибизге сөз бергенбиз го, эсиңдеби? Кандай күн башыбызга келсе да бири-бирибизди таштабайбыз дегенбиз.
– Ал эми сөз болчу да. Жашоо такыр башка турбайбы...
– Мен сендей абалга туш келсем, сен мени таштап кетет белең?
– Айкөл, сени бир мүнөт да таштабайт элем. Колумда көтөрүп жүрүп өтмөкмүн. Бирок деген нерсе бар...
– Эмне бирок?
– Мен эркекмин. Мен сени көтөрүп бакмакмын. А сен анте албайсың. Белиң ооруп калат. Сенин колдоруң майыпты багыш үчүн жаралган колдор эмес. Сенин жолуң бар, Айкөл. Сени эл жакшы көрөт. Сен...
– Сенсиз эч кайда кетпейм.
Айкөл кандай десе да өжөрлөнө ушул сөздү кайталай берди. Айдардын колун кармап жатып ошол жерде уктап калган экен. Кайненесинин заар үнүнөн ойгонду.
– Карасаң, ушундай убакта да жабышып алганын... Түнү менен оорулуу баланы кыйнап чыккан окшойсуң сен. Тур, бул жакка!
Уйкулуу көздөрүн ачып-жумуп кайненесин карап турду.
– Эмне оозуңду ачып турасың, ботом? Мени жаңы көрдүңбү? Бар, уйду саап, атаңа жардам бер. Мен баламдын жанында отура турайын.
Айдар мемиреп уйкуда. Анткени түнү менен жаны кыйналбасын деп оору басаңдата турган дары беришчү. Апасынын сөздөрүн уккан жок, бирок укса деле Айкөлгө болуша турган абалы барбы? Бир сөз ашыкча айтса ого бетер келинчегинин жанын сууруп аларын билбейт беле ал? Билет, ошон үчүн унчукпайт. Көрсө да көрмөксөн, укса да укмаксан болууга аргасыз.
Ал эми кайнене тынчый албады. Айкөлдү алгач алып келгенде эле эмнегедир жактырган эмес, кырсык болгондон кийин жек көрүүсү ого бетер күчөп кетти. “Баарына ушул келин күнөөлүү, ырчылыгы болбосо балам шаарга бармак эмес, бул кырсык болбойт эле” деген энелик ич күптүсү аны абалга реалдуу карата койбоду. Айкөлгө заарын чачканы чачкан.
Айкөл эшикке чыкты. Чакасын алып уй сааганы жөнөдү. Эптей албай жатчу башында, эми араң үйрөнүп келе жатат. Атасы менен апасы аны такыр оокат кылдырышкан эмес. “Сенин колуң комуз үчүн, музыкалык аспаптар үчүн жаралган, оокат кылбай эле кой, апаң экөөбүз жетишебиз. Сен окууңду оку” дей берчү атасы. Ошол боюнча Айдар экөө үйлөнүп шаарга кетишти. Оор ишке көнбөгөн жаны илмийип арыктап кетти. Уюн саап бүтүп, кайнатасы ага боор ооруп карап турганын байкады.
– Ата, музоосун салайынбы?
– Кызым, сен кире бер. Мен өзүм музоосун салып, анан бадага айдайм.
– Жок, мен эле кылайынчы.
Жыландай ышкырган кайненесинин үстүнө киргенден заарканып турду.
– Ата, мунун баары кайсы бир күнү бүтөбү?- деди Айкөл көзү жашылдана бир топтон кийин.
– Билбейм, кызым. Башка түшкөндү көтөрүш керек дешет.
– Бул абалдан чыгуунун бир жолу болушу керек...
Айкөл муну өзүнө айттыбы же кайнатасына айттыбы, билбеди.
– Кудалар кошуна эле айылда, бир аз убакыт барып эс алып келбейсиңби?
– Жок, Айдарды жалгыз калтыра албайм.
– Биз барбыз, Айдар жалгыз эмес, кызым.
– Жок.
Башын чулгуп макул болбоду. Аңгыча торпок тыбырчылап чакадагы сүттү төгүп, жер аппак болуп жатып калды. Коркуудан калтырады келин.
– Айкөл!
Чыңырган кайненесинин эмне деп жатканы кулагына кирип-кирбей тура берди. Жоолугу шыпырылып, көздөрү жалдырап кетти. Кайнатасы кемпиринин алкынган абалын көрбөйүн да күйбөйүн дедиби, уйду айдап качты. Айтчусун айтып алып үйгө кирип кеткен кайненесинин аркасынан карап келин туруп калды. Чыгууга эч мүмкүн болбогон караңгылыкка түшүп кеткендей сезилди. Эсин жоготуп койду.
ххх
Палатада эсине келди. Атасы колун кармап ыйлап отурган экен.
– Ата?
– Кызым, көзүмдун нуру...
– Мага эмне болду?
– Бир аз каның түшүп кетиптир, врач олуттуу эч нерсе жок деди.
– Уйкум келип жатат.
– Эс ал, ушундай дары сайышты окшойт. Эч нерседен коркпо, мен сенин жаныңдамын.
Кызы уктап кетти. Саамайынан сылаган атанын жүрөгү канап жатты. Бир айдын ичинде кызы ушундай абалга түшүп калат деп эч ойлогон эмес. Кудагыйы мурунку келиндерине да каардуу экенин укканы бар, бирок мындай абалга алып келет деп ойлобоптур. Айнектей болгон кызынын абалы жанын эзди. Ансыз да башына түшкөн тагдырга жаны кашайып жүргөн эле, ого бетер жинденди кудагыйына.
– Үйгө барып эс ал, бир аз убакыттан кийин кетесиң,- деди ал бир-эки күндөн кийин.
– Жок, ата, үйгө барсам кайра мени Айдардын жанына жакындатпай коюшат.
– Олдо кызым, ай, тагдырга кээде баш ийиш керек го. Сен эми...
Андан ары сөз айта албай атасы толгонуп кетти.
– Кайын журтумдун күткөнү ошол, ата. “Айкөл кетип калды, биз айтканбыз, ал эч нерсеге чыдабайт болчу” деп шылтоо менен мени Айдардын жашоосунан чыгарып коюшмакчы. Сиз билесиз го, Айдар баарына каршы чыгып мага үйлөнүп алганын. Мен азыр сиз менен кетсем, “ооба, силер туура айткансыңар, мен чыдабайм” деп жеңилип калганыма барабар болот. Алар ошону күтүп жаткандай...
– Кызым, бул курмандык өзүн актайбы?
– Мен Айдарга эки дүйнөдө чогуу болом деп убада бергем. Сиз мени убадамдан кайтпай турганымды билесиз. Мени кайнатамдын үйүнө жеткирип коюңуз. Апам менен да сүйлөштүм. Ага түшүндүрдүм.
– Сен өмүр бою ушундай жашоого ыраазысыңбы, чырагым?
– Айдар айыгат. Мен буга ишенем. Эгерде айыкпай калса да, өмүр бою анын жанында болгонго ыраазымын, ата. Мен тагдырыма ыраазымын. Айдардын жанында болсом мага жетет.
(Уландысы кийинки санда)