Күнгө күйүүдөгү биринчи жардам

Жай, аптап. Ысыкта көлдүн жээгинде эс алуу кандай сонун. Бирок эс алуу деген ушул экен деп жүрө берип күнгө катуу күйүп кыйналгандар бар. Алардын катарында болсоңуз, бул кеңеш сиз үчүн.

1. Алгач күн тийген жерден алыстап, көлөкө, жакшысы бөлмөгө киргениңиз туура.

2. Өтө муздак эмес, салкын сууга (душ, ванна) түшүү керек. Денеге салкын сууга малынган чүпүрөк же сүлгү менен компресс жасаңыз.

3. Күйгөн тери бир аз муздагандан кийин эпидермис катмарын бат калыбына келтирүү жана териде ыйлаакчалар жаралбашы үчүн курамында пантенол бар күйүккө каршы мазь сүйкөө керек.

4. Эгер териде ыйлаакчалар пайда болуп, алар жарылып кетсе самыны жок салкын суу менен жууп, анан дароо врачка баруу кажет. Ал териге инфекция кирген-кирбегенин аныктап, ошого жараша дары-дармек жазып берет.

5. Бөлмө температурасындагы таза суу ичүү керек. Лимон менен көк чай ичүү да сунушталат.

6. Эгер күнгө күйгөн адамдын башы ооруп, айланып, дене табы көтөрүлүп, кускусу келсе, жүрөгү бат-баттан соксо, анда дене табын түшүрүүчү дары керектелет (нурофен же башка). Андан соң дароо ооруканага баруу керектелет. Анткени күнгө катуу күйгөндө адамдын жүрөк-кан тамыр системинде көйгөйлөр жаралуусу ыктымал.

Күнгө күйгөндөн кийин эмне кылбаш керек?

 Териге муз баспаш керек жана муздак душка түшпөңүз. Анткени температуранын кескин өзгөрүүсү теридеги сезгенүү процессин өнүктүрүп жиберет.

 Ыйлаакчаларды жарбаңыз, инфекция киргизесиз.

 Күйгөн териге курамында спирт бар аралашмаларды сүйкөбөңүз. Күйүк алган терини спирт ого бетер кургатат.

 Күйгөн жерге эч кандай өсүмдүк майларын сүйкөөнүн кереги жок. Май теринин үстүнө калың катмар болуп туруп, аба алмашуу, салкындоо процесстерин жайлатат.

 Тери катуу күйсө, ыйлаакчалар пайда болсо же башка жаракаттар, жаралар бар болсо териге сүт азыктарын сүйкөөнүн да кереги жок.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1178, 11-17-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан