МАКАЛДЫН МААНИСИН БИЛЕСИЗБИ? 

Кыргыздын керемет макал-лакаптары бар. Бир сүйлөм бүтүндөй бир ааламды сүрөттөп койгон учурлар болот. Бул жолу айрым белгилүү инсандардан ошондой макал-лакаптардын маанисин сурап көрдүк.   

“ЭКИ КОЧКОРДУН БАШЫ БИР КАЗАНДА КАЙНАБАЙТ”

Анапия Райымбекова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “Бийлик, тизгин талашкандарга карата айтылган”

– Менимче, “Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт” деген макал илгерки жоокердик доордо жаралган болсо керек. Мисалы, кайсы бир өрөөндө бийлик талашкан эки бек, эки кол башчы же 2 мураскер чыгып калган болсо, бири-бирине жол бошотушу керек болгон. Бирок намыстанып “мен кыйынмын” дегенден, бийлик кумарынан улам бир кепке келип, бири-бирине жол бергендин ордуна каршылашын жок кылууга чейин барышкан. Ушундан улам чыкса керек. Жашоодо деле эки чыгаан адамдын бир жерде иштеши кыйын экенин, бири-бирине тыңсынып, үй-бүлө тизгинин талашкан жубайларды көрүп жүрбөйбүзбү. Макалдын аларга да тиешеси бар. "Эки кочкордун башы" бир казанда кайнайт, эгер адамдар түшүнүктүү, акылдуу, жалпы кызыкчылыкты ойлонууга жөндөмдүү болушса.

 

“ЧАКЫРГАНГА КЕЛБЕГЕН, ЫМДАГАНГА ЗАР БОЛОТ”

Амантай Кутманалиев, Кыргыз Эл акыны: “Кызмат сунуштаса, бой көтөрүп баш тарткандар бар”

– Сыйлап чакырса кыйынсынбай, бой көтөрбөй барыш керек. Каадаланып барбай койсоң бир чакырат, эки чакырат, анан “сыйлаганды билбеген, сыйпалаган көр сокур” дейт да, чакырбай коёт. Ошондо ымдаганга да зар болуп каласың. Кыргыздар “сыйга сый, сыр аякка бал” деп бекер айтышпайт, сыйга сый менен жооп берүүнү да билүү керек.

Айрымдар бар, бир кызмат сунушталса өзүн өйдө коюп “мен андан көп айлыкка татыктуумун” деп, талаптарын коюп туруп алышат. Ошентип ишсиз бош жүрүп калат да, жакшы сунуштан баш тартканына кийин өкүнөт.

 

“ЖЫГАЧ ЖУМШАГЫН КУРТ ЖЕЙТ, АДАМ ЖУМШАГЫН АДАМ ЖЕЙТ”

Айбек Карымов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “Жумшак болсоң башыңа чыгып алышат”

– Адам канчалык жумшак, көңүлчөөк, боорукер болсо, макоо адамдар аны билип башына чыгып алышат. “Жаманыңды билип алдым, кырманыңа кирип алдым” деп анын жумшактыгын өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, үстөмдүк кылып, кемсинтип сүйлөгөн учурлары да болот. Адам жумшагын адам “жеп” жатпайбы?! “Боор оорусаң боорго тебет” деген сөз ошондой макоолорго, ал эми берки жумшак, көңүлчөөк адамдарга “ак көңүлдүн аты арыбайт, аты арыса да өзү жарыбайт” деген макал тийиштүү. 

“АЙДАГАНЫ БЕШ ЭЧКИ, ЫШКЫРЫГЫ ТАШ ЖАРАТ”

Кутман Султанов, ырчы: “Сөзү бар да, иши жок адамдарга айтылат” 

– Бул кыргыздын илгертен айтылып келе жаткан кыйытма, какшык, философиялык макалы. Кылган иши маанисиз, эл ичинде аброю, баркы жок, бирок дымагы күчтүү, колунан сүйлөгөн гана келген адамдар бар. Башкаларга иши менен эмес, сөзү менен тең келишет. Сүйлөгөндө да эч кимди теңине албай, башкаларды адам ордуна көрбөй, көп иштерди кыйратып койгондой, өзүн гана акылдуу, кыйын көрсөтүп сүйлөшөт. Анысы аз келгенсип акыл айтып күйгүзүшөт. А чынында, сөзү менен куру дымагынан башка эч нерсеси жок адамдар. 

“МҮЙҮЗДҮҮ БОЛОМ ДЕП КУЛАГЫНАН АЙРЫЛЫПТЫР”

Венера Назаралиева, ырчы: “Барга топук кылбаган адамдарга арналат”

– Буюрган ырыскыга канаат кылбай, көптү самай берип, аздан куру калгандарга арналган макал. Байыйм деп мамлекеттин мүлкүнө кол салып, анысы билинип, камалып, жегенин төлөп, андан тышкары үй-мүлкүнөн ажырап калгандар жок эмес. Айрым кыздар өз кебетелерин чанып, ашыкча сулуу, келбеттүү болом деп көкүрөк, жамбаш жасатып, кабыргасын алдырып, белин ичкертип пластикалык операция жасатып жатышат. Бирок анын тескери жактары да болуп, ден соолугунан айрылып калгандары да жок эмес. Мүйүздүү болом деп кулагынан ажырагандар ушулар. 

“ӨЛӨР ЭЧКИ КОЙЧУНУН ТАЯГЫНА СҮЙКӨНӨТ”

Ильяз Иманалиев, куудул: “Эчкилер койлорду бадалдуу жактарга баштагандан чыккан” 

– Илгери кою көп адамдар эчкини аз багышкан. Анткени эчкилер таштуу, бадалдуу жерлерде оттошот. Койлорду да ошондой жактарга баштап, ээрчитип кетишет. Койлор эчкилерге кошо бадалдарды аралаган кезде жүндөрү бутак-шактарга илинип, жулунуп, ар нерселер жабышат. Жүндөн болсо аялдар кийиз, шырдак жасап, таар согушкан. Койлордун андай жүндөрүн тазалап, тытуу аялдарга түйшүк жараткан. Ушул себептүү мал кайтарып жүргөндөр таштуу, бадалдуу жактарга койлорду баштап калган эчкилерди көргөндө кыйкырып кайрып, чыбык менен чапкылашкан. Аскалуу жактарга чыгып кеткен эчкилерди айдап түшүү да кыйын. Ошондон улам “өлөр эчки койчунун таягына сүйкөнөт” деп айтылып калса керек. Бул макал туура эмес сүйлөп же иш кылып жетекчисинин жинине тийгендерге, угулуп каларын эсине албай бирөөнү ушактагандарга, акыбалын билбей эле күчтүү бирөөгө себепсиз кыр көрсөткөндөргө карата да айтылат. “Ыйлаар бала атасынын сакалы менен ойнойт” деген ушул макалдын синоними. 

“БАКА МАЙРЫКТЫГЫН БИЛБЕЙ, ЖЫЛАНДЫ ИЙРИ ДЕЙТ”

Кутман Жолдошев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “Өз кемчилигин көрбөйт, башканы укмуш сындайт”

– Кыргыз элинин урпактардан урпактарга өтүп, айтылып келе жаткан мааниси терең, тарбиялык мааниге ээ көптөгөн макал-лакаптары бар. Алардын бири “бака майрыктыгын билбей, жыланды ийри дейт” деген макал. Адам өз кемчилигин билбей, өзүн башкалардан өйдө сезип, кемсинтет дегендей да. Бул макал азыр да абдан актуалдуу. Анткени колунан иш келсе, келбесе да бирөөлөргө укмуш сын таккандар көбөйүп кетти. Бул айрыкча интернет желесиндеги социалдык тармактардан даана көрүнөт. 

“ООЗУ КЫЙШЫК БОЛСО ДА, БАЙДЫН УУЛУ СҮЙЛӨСҮН”

Каныбек Разыков, куудул: “Атасына таянып кыйын болгондорго тийиштүү макал”

– Илгери Совет бийлиги орногуча бай, болуш, хандар байлыгына, бийлигине чиренип элди өздөрү каалагандай башкарышкан. Алардын балдары да атасынын арты менен элге чоңдугун салышкан. Кедей-кембагалдар, кол астында иштегендер алардын айткандарын кың дебей аткарышкан. Аткарбаса өкүм-зордук менен жасатышкан, укпаганы үчүн жазалашкан. Ошого “оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн” деген макал жаралган. Заманбап жашоого келсек, акылдуу, билимдүү, кесипкөй жаштар көп, бирок алар иштей турган орундарда атасынын, тууганынын арты менен кызматка орношуп алгандар отурушат. 

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1178, 11-17-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан