Бакыт Мукул, актёр, кинорежиссёр, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «Киного бөлүнгөн акчалардын изин көрүп оозубуз ачылды»

Жакында белгилүү актёр, кинорежиссёр Бакыт Мукул Кыргыз киносу тармагындагы кемчиликтерди айтып Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине ачык кайрылуу жасады. Бакыт мырза эмнеге нааразы? Министрлик эмне деп жооп кайтарды? Ушул жаатта пикир алыштык.  

– Бакыт мырза, министрликке ачык кайрылып нааразычылык билдирдиңиз, окуя эмнеден башталды?

– Кино жаатындагы терс көрүнүштөрдү мен болбосом дагы, башка бирөө айтып чыгышы керек эле. Видеодон өзүңөр көрдүңөр, Кыргыз киносун жетектегендер, Кино департаменти дал ушул Чыңгыз Айтматов үйүндө эмгектенишет. Азыркы учурда Кино департаментин жетектеген Улан Адамалиев, мурунку жетекчиси Акжол Бекболотов, андан мурунку жетекчи Мукталы Бектеналиев башкарып, жетектеп келген. Өзүңүздөр көргөндөй, мындай каралбай калган имараттар толтура. Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясынын акыбалы дагы мышык ыйлай турган абалда, бүлүнүп-талкаланып жатат. 35 жылдан бери эле ушундай көрүнүш. Мамлекеттен акча каражат деле жакшы бөлүнүүдө, бирок кино тармагында дегеле жылыш көрүнбөйт.  

“Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман” дегендей, чындыкты айткан адам адам эмес да, киного деген каражатты өз билгениндей уурдап, жеп жаткандар акылдуу, мээлүү адамдар экен. Жетекчилердин уурдап, жеп жатышкандарын бардык эле киночулар көрүп-билип турушат, бирок айтып жаман көрүнгүсү келбейт. Алардын арасына аралашып кеткендери деле бар. Эмне кылалы, реалдуулук ушундай болуп жатпайбы. Кемчиликтерин айтсаң “биз мына, жакында оңдогону жатканбыз” деп актанышат. Оңдогону жатышса келишим, долбоор деген болуш керек да. Калпты ышкыртышат.   

– Дүйнөлүк фестивалдарга көбүнчө режиссёрлор эмес, жетекчилер барып жатышат деген да нааразычылык бар экен?

– Мурдагы жетекчилер иш сапары менен чет өлкөгө бир жылда бир-эки эле жолу барышчу. Кыргызстандын маданият күндөрүндө дегендей. Акжол Бекболотов менен Улан Адамалиев жума  сайын чет өлкөлөп эле жүрүшөт. Кылган иши жок. Же бир кино үчүн инвестор таап келбесе, же кыргыз киносу менен биргелешкен долбоор таап келбесе, эмнеге миллондогон акчаларды коротушат? Алардын кетирген каражатына бир тарыхый кино тартып алсак болот беле? Булардын жер көрүп, экскурсия кылып жүргөндөрү баарына белгилүү. Жанындагы катчыларын "журналист" деп ээрчитип алып жыргап жүрүшкөнү анык. Акыркы төрт жылдан берки жетекчилердин чалчактагандары кайрылуу жасашыма түрткү болду. 

– “Кыргызфильмдин” да, Кино департаментинин да абалы укмуш эместиги маалым, бирок ушул сиз айткан 35 жылда оңдой турган жетекчи келбедиби?

– Келген жок да, келсе дагы жегичтер келет экен да. Болбосо оңолуп кетпейт белек. Айла кеткенде айтасың. Бизге кино искусствосуна тиешеси жок адамдар жетекчи болуп келип отуруп алышат. Кет десең кетпейт. Алар жөн эле бир көрүнүш экрандашып калса, ошону кино деп түшүнүшөт. Биз – кино искусствосуна жаңылык киргизген, ысык-суугуна чыдаган, Кыргыз киносун дүйнөлүк “А” класстагы фестивалдарына катышып утуп, чоң деңгээлге жеткирген адамдарбыз. Мына ошол адамдар эсперттик комиссия болуп текшерип жаман көрүнүп отурбайбызбы. Быйылкы жылы Францияда Канн кинофестивалы өттү. Буга да кинофестиваль эмне экенин түшүнбөгөн адамдар барып алып, элге-журтка шылдың кылышты. Коңшу казактар жазып чыгышты “ой-бай, кыргыз боордоштор сериалдарын Канн кинофестивалына алпарышты гой! Булар болбой турган нерсени дагы болтурушат экен” деп. Каннга дүйнө жүзүнөн беш миңден жети миңге чейин кино барат, алардан аябай тандап, жыйырма, отуз кинону алып фестивалга катыштырат. Биз Ютубдан көргөзүп бүткөн сериалдарыбызды алпарып отурабыз. Канн кинофестивалында сериалдар сатылбайт. Ал жакта дүйнөлүк деңгээлдеги абройлуу кинофестивалдарды уткан кинолорду сатса болот. Ошол Канн кинофестивалына мамлекетибиз киного деген акчасынан кетет. Жылына чоң акча төлөп турат. Баарын билип-түшүнгөн, билимдүү болушса Кыргызстандагы идеологиялуу, философиялуу, профессионалдуу мыкты кинолорду ала барат эле да.

– Алар кимдер, аты-жөнүн айта аласызбы?

– Атабайм. Өзүңөр таап, көрүп алгыла. Казактар ошентип уят кылышты. Баягы тамсилдегидей: канаттуулардын жыйналышына эшек барып алгандай болуп жатат да. “Эй, кыргыз туугандар, болбой турган нерсени болтурасыңар” деди го. Аябай уялдым. Ушинтип эле башы жок немедей болгон кылыктарын көрүп ачууң келет. Кино эмне экенин, жанр эмне экенин, сериал менен кинонун деңгээлин билбесе, эмне дейбиз анан? Канн фестивалына ошентип ойноп эле барып келишти.  

– Бул сиздердин биринчи кайрылуу эмес экен да, демек?

– Нурлан Абдыкадыров деген кино жана театр режиссёру, Кыргыз Республикасынын Эл артисти президентке жана УКМКга кайрылып арыз жазат. “Кыргызфильм” ичип-жеп, мамлекеттен алынган акчанын баарын түгөтүп, өз билгендерин кылып чачып жатышат” дейт. Такташ үчүн УКМКдан аудит текшермек болот. Анан алар Маданият министрлигине кайрылып “текшерүүгө кесипкөй адамдардан кошуп бериңиздер” дейт. Комиссияга режиссёрлор Темир Бирназаров, Бегалы Наргозиев, Руслан Машрапов, Дастан Жапар Рыскелдиев, Болсунбек Таалайбек уулу, анан мен киргем. 

Биз комиссия катары аудит менен кошо текшердик. Таң калычтуу акчалардын изи чыкты, амалкөйлүк менен желген акчалар. Мурун эле шектенип жүргөнбүз, өз көзүбүз менен көрдүк. Мамлекет “Кыргыз киносун өстүргүлө” деп бөлгөн акчанын баарын “сол чөнтөккө” солошуп, аны “адалдаганды” үйрөнүп алышыптыр. Анын баары текшерилди, иш козголду, дагы деле текшерүүлөр болуп жатат. Биз текшерип жатсак “өз кудугуңарга түкүрбөгүлө” деп айтышты. Бул жерде биз эмес, акчаны жеп алгандар түкүрүп жатпайбы. Дагы бир мисал, жакында кино боюнча мамлекеттик чоң иш-чарага бир “мафия” жөнөп кетти. Катчыларын “журналист” деп,   алардын курбуларын да кошуп учуп кетишиптир. Мындайча айтканда, кинодо кимдер жүрөт?   

– Акыркы жылдары мамлекеттен киного акча көп бөлүнө баштаганы айтылууда, бирок анын кандай иштетилип жатканында турбайбы маселе? 

– Ооба, эки жылдан бери мамлекеттен жакшы эле акча бөлүнүп жатат. Бирок Кыргыз киносунун аброюн көтөрө турган тасма тартылган жок. Илгери мындай болчу: мамлекеттен акча алып, кинону жакшы чыгара албай калса, “кесиптик жактан жарабайт” деп экинчи жолу ага кино берилчү эмес. Бизде азыр андай эмес, диплому болсо бере беришет экен. Диплому бар адам көчөдө миллион да. Ар ким эле кино тарта береби? Текшерүүдө билинди да, 100дөн ашык кино сымал тартылыптыр. Булар кино эмес, телерепортаж эле болуп калган. 10-20-30 мүнөттүк кылып тартып эле, акча ошого жумшалды деп отчёт бере беришкен. Биз тааныбаган эле кайдагы балдар жүрүшөт. Таяке, жээн, бөлө, өкүл бала болуп эле, укум-тукуму менен гүлдөп кетишиптир. “Кыргызфильмдин” ичин эзели көрбөгөндөрдүн атына акча которула берген фактылар бар. Алардын баары түшүнүк кат жазышты. 

– Кино тармагын кантип оңдосо болот, сиздин оюңузча?

– Эң жакшы реформа керек. Иштеп кете турган, жемишин бере турган реформа жасоо зарыл. Бизде жетекчи кылып көп учурда кесипкөй эместерди шайлап коюшат, аларды болсо аферист, шылуундар башкарып алышат. Биз баарын ачыкка чыгарып бердик, жыйынтыгын дагы көрөсүңөр, оозуңар  ачылат. 

– Министрлик сиздин кайрылууга берген жообунда кайра сиздерди күнөөлөгөндөй сезилди?

– Менин кайрылуумдан кийин министр чакырды, бардык. Көрсө, министрге жеткирбей эле бери жактагы жардамчылары министрликтин атынан жооп жазып, жарыялап жиберишиптир. Анан министрдин көзүнчө айттым "силер мага жазган жообуңарды оңдогула, бизге кыр көрсөткөндү коюп"   дедим. Жоопто кызык жери бар, “булар арызчыл” деп айыптап кетишкен да. Болбосо бизди өздөрү комиссия кылып шайлап, текшерүүгө жиберип жатышпайбы. Министрдин тегерегиндегилер желмогуз, кыргыз элине жакшылык кыла турган адамдар эмес экенин көрдүк. Министр жалгыз экенин байкадык. “Ким жазды бул жоопту?” десем, юрист жигит “мен” дейт. “Оңдо” дедим. Ошентип такташып келдик.

– Маегиңизге рахмат!   

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1178, 11-17-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан