“8 БАЛА МЕНЕН ТӨРКҮНГӨ ДЕЛЕ БАТПАЙТ ЭКЕНСИҢ”. Тагдыры оор эне элден колдоо күтөт

Бишкекте балалуу үй-бүлөлөргө батир табылышы кыйын. Эгер үй-бүлө көп балалуу болсо, андан бетер кыйын болору бүгүнкү күндүн чындыгы. Каарманым – 8 балалуу жалгыз бой эне. Ал дагы батир таппай, учурда туугандарынын үйүндө баш калкалап жатыптыр. 

 

“6 класстык эле билимим бар”

– Аты-жөнүм Анара Нусупова. Кичи мекеним – Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылы. Жашым 39да. 8 балалуу жалгыз бой энемин, 5 уул, 3 кызым бар. Жаштары 14, 13, 11, 9, 6, 4, 2, эң кичүүсү 10 айлык. Жолдошум менен ажырашып кеткениме 7 айдын жүзү болду. 6-класска чейин ата-энебиз менен айылда жашап, анан Чүйдүн Беловодское айылына көчүп келгенбиз. Көчүп келгени мектепте окубай калдым. Ата-энеме 5 баланы окутуу кыйын болдубу же башкабы, айтор, себебин билбейм. Таене, таежемдин колунда жүргөндүктөн бир туугандарымдан алыс болуп, аларга боор тартпай калдым. 16 жашымда кафеде пол жуугуч болуп иштеп кеттим. 

“Эки күйөөм тең ичкиликке жакын чыкты”

– 22 жашымда Беловодское айылындагы бир жигитке турмушка чыктым. Экөөбүз 2 жылдай жашап, 2 балалуу болдук. Ал элдин малын баккан чабан болчу. Ичкиликке жакын эле, ичип алганда үйгө келбей жоголуп кетчү. Аны менен ажырашкандан кийин Жайыл районунун Сосновка айылынын Жанболот аттуу тургунуна турмушка чыктым, кичине кызым 3,5 айлык эле. Күйөөм курулушта иштеп жүрдү. “Аңгектен качсаң дөңгөккө” дегендей, бул да ачуу сууга жакын экен. Кийинчерээк ого бетер көп ичип баштады.

“Балдарды көзгө илбей мени сабачу”

– Ичкен сайын балдарды көзгө илбей мени чыркыратып сабап жатып калат. Сыягы, начар турмушта жашаган тагдырына болгон ызасын менден чыгарып алчу беле, билбейм. Көзүмдөн, бетимден көк-ала так кетпеди. Уруп колумду, кабыргамды да сындырды. Колум чыкканда, сынганда врачтар түздөп, гипс коюп беришти. Кабыргам сынганда оорукана кабыл албай “желим бөтөлкөнү үйлөй бер, айыгып кетесиң” деп коюшту. 2 ай бою алардын айтканын кылдым. Бирок айыктымбы билбейм, кээде кабырга тарабым ооруп калат.

“Оңолор деген үмүтүм ишке ашкан жок”

– Күйөөмдү оңолуп кетер деген тилек менен жашап жүрдүм. Кайненем “мунуңду жогот, башка катын ал” деп урушка кошумча себепчи болуп жүрдү. Жаңы баш кошкон убакта бекер үйдө баш калкаласак, кийин чыгарып жиберишти. Батирге чыктык. Күйөөм тапканын ичсе да мейли эле, балдардын жөлөк пулун да аракка жумшачу. 8 бала менен ачка калдымбы, кантип тиричилик кылып жатам, иши да жок болчу. Балдар чоңоюп келе жатат, үй-жай кылалы деп ойлочу эмес. 2-3 жолу ар ким менен мушташып, милицияга түшүп чыккан да жайы бар.

“7 ай мурун ажырашып кеттим”

– 12 жыл бирге ыр-чырда жашап, 6 балалуу болдук. Акыры чыдамым кетти, оңолот деген тилегим ишке ашкан жок. 7 ай мурун ажырашып, өз жолум менен кеттим. Балдарымды жетелеп Аламүдүн районунун Мыкан айылында батирге чыктым. Балдарым 2 ай мектепке барып,  анан жашоонун кыйынчылыгынан окубай калышты. Ошентип жайкы каникул болуп калды. Балдардын жөлөк пулу менен жан сактап, батир акысына 5 миң сом төлөп эптеп жашап жатабыз. Абалыбызды көргөн-билген боорукер адамдардан, социалдык коргоо бөлүмүнөн кээде тамак-аш, кийимден жардам болуп калат. Бирок үйүң жок, 8 бала менен батирде жашаш абдан оор экен.

“Күйөөмдөн алимент албайм”

– 7 айдан бери күйөөм жардам бермек түгүл абалыбызды бир жолу сурап койгон жок. Ушунчалык мерез экен. 8 бала менен төркүнгө, туугандарга да батпайт экенсиң, эптеп өз арабабызды кылдыратып жатабыз. Эки күйөөм менен тең мыйзамдуу никеге турган эмесмин. Экинчисинин паспорту жок болчу, кийин алган. Паспорт алганда “эми балдардын фамилиясын сеникине өткөрөлү” десем болбой койгон. Ошого балдар менин фамилиямда. Экинчи күйөөмдөн алимент талап кылып сотко арыз жазган жокмун. Анткени алимент төлөй турган болсо бизди тынч койбой, док кылып чыр чыгара берерин билем.

“Кызымды врачка текшерткенге каражат жок”

– Жакында 10 айлык кызымдын дене табы көтөрүлүп, талмага окшоп ооруп калды. Врачтар алгач Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында 4 күн жаткызып дарылап, анан Беловодское айылындагы ооруканага которушту. Анда 3 күн жатып чыктык. Эми ушул кызымды толук текшерүүдөн, анын ичинде башын компьютердик томографиядан өткөрүү керек болууда. Анткени врачтар “диагнозун тактатуу кажет, талма болушу мүмкүн” дешүүдө. Бирок буга каражат жок. 

“Жер тилкебиз болсо, эптеп үй салып алат элек”

– Эптеп узак мөөнөткө жашай турган батир таап чыгып алсак, анан улуу балдарым менен талаада акыга жашылча-жемиш терип каражат табат элем. Биздин башкы көксөгөнүбүз, эл жардам берсе, жер тилкелүү же үйлүү болуп калсак деген ниет. Жер тилкебиз болсо, эптеп 1 бөлмө үй тургузуп алсак жашай бермекпиз. Кайрымдуу эл-журт, бизди колдоп коюңуздар, балдар чоңоюп калышса, өз жашообузду алып кетербиз. 

 

Жардам берүү үчүн реквизит:

Мбанк: 996 555 4024 56

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1178, 11-17-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан