Ностальгияга салган “Лило жана Стич” тасмасы

Кайрадан 2002-жылга кайтабыз. Бул жылы “Лило жана Стич” анимациясы чыгып, Лило аттуу кичинекей кыз жана башка планетадан келген Стич деген жандык көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган эле. Быйыл ошол мультфильм кино форматында экранга чыкты. Мультфильмден эмнеси менен айырмаланды, окшоштугу, жетишкендиги тууралуу фактыларга токтолдук.

Тарткан өлкө: АКШ, Канада, Австралия

Чыккан жылы: 2025-жыл, 23-май

Жанры: фантастика, комедия

Режиссёру: Дин Флейшер Кэмп

Сценаристи: Крис Кеканиокалани Брайт

Кинокомпания: Walt Disney Pictures

Узактыгы: 1 саат 48 мүнөт

Бюджети: 100 миллион доллар

Кассадан топтогон каражаты:  945 миллион доллар

Башкы ролдордо: Крис Сандерс (Стичтин үнүн коштогон), Майя Кеалоха, Зак Галифианакис, Билли Магнуссен, Сидни Агудонг жана башкалар

 

Мазмунун эске салсак

6 жаштагы Лилону багуу милдети анын эжеси Нанинин моюнунда. Нани сиңдисин кароо менен бирге окуйт, иштейт дегендей. Андыктан көпчүлүк учурда Лило үйдө жалгыз отурат, зеригет. Бир күнү кыздардын кошунасы Наниге “жаныбарлар баш калкалоочу жайдан ит багып алсаң, Лилого эрмек табылып, көп жалгызсырабай калат” деп кеңеш берет. Айтса-айтпаса төгүнбү деп сиңдисин ээрчитип алып аталган жайга барышат. Лило болсо иттерди карабастан, башка планетадан келген жандыкты көтөрүп чыгат. Ага Стич деген ат коюп да алган.

Чынында, жандыктын өз мекенинде коюлган аты Эксперимент 626. Планетасында генетикалык эксперименттин натыйжасында жаралган. Бардык нерсени бузуу, бат үйрөнүү жана бат калыбына келүү жөндөмдөрүнө ээ. Космостук лабораториядан качкан жандыктын артынан галактикалык полиция кууп, акыры жандык Жерге келип калган. Эми тентек, жеткен жерин урандыга айланткан Стичти тарбиялоо милдетин Лило колго алды. Экөөнүн кызыктуу жоруктары тасманын көркүн ачты десек болот.

“Охана – демек, үй-бүлө”

Мультфильмдеги айтылуу “охана – демек, үй-бүлө” деген сөз эсиңиздеби. Тасмада да бул чакырык кайталанды. Лило менен Стичтин достугу, кырсыктан ата-энесинен ажыраган эже-сиңди мамилеси, үй-бүлөлүк баалуулуктар, үй-бүлөм деп санаган адамдар, жандык үчүн баарына даяр болуу... Негизи эле мультфильмдин ремейки оригиналынан алыстаган эмес, окуялар, сюжет дээрлик окшош. Дал ошол окшоштугу, башка окуяларды кошуп көрөрмандын оюн эки анжы кылбай ностальгия сезимин гана жаратканы үчүн сынчылардын жогорку баасына арзыды. 

Айырмачылыктар

Албетте, жалпы сюжет мультфильм менен кинонуку бирдей, айырмачылыктар деталдардан гана байкалат. Башкача айтканда, деталдар азыркы учурга ылайык заманбапташтырылган. Мисал келтирелиби, агент Пликли Жерге келгенде инфлюенсер болуп калат, Жамба болсо Жерге келгенде маникюр жасатып, аны бузуп албаштын аракетин кылат. Мультфильмде космостон учуп келген кемелер тарелканы элестетсе, тасмада “Tesla Cybertruck” чыгаргандай килтейген кеме болот. Айтор, мындай айырмачылыктар дароо көзгө көрүнөт.

Өндүрүш

2018-жылдын күз айларында Walt Disney Pictures компаниясы “Лило жана Стичтин” ремейкин өндүрүшкө киргизүү иш-аракети башталганын маалымдаган. Тартуу иштери 2023-жылдын 17-апрелинде башталмак, бирок 16-апрелде реквизиттер сакталган трейлер күйүп кеткен. Ал жерде каармандардын костюмдары жана башка баалуу реквизиттер бар эле. Өрттү өчүрүү иштери бир суткага созулуп, кеткен чыгымдын баасы 200 миң доллар деп эсептелген. Ошентип отуруп акыры тартылып, 2025-жылдын май айында экранга чыкты.

100 миллион доллар бюджет менен тартылган тасма прокаттан өзүн бир нече эсе актап, тагыраагы, 945 миллион доллар тапкан.

Актёрдук курам

Майя Кеалоха – Лило Пелекаи. Лилонун ролу менен актрисалык дебютун 6 жаштагы Майя Кеалоха жасады. Майя да өз каарманы Лило сыяктуу гавайилик кыз.

Сидни Агудонг – Нани Пелекаи. Лилонун эжеси Нанинин ролунда “Деңиз полициясы: атайын бөлүм” сериалы менен таанымал актриса Сидни Агудонг. Анын бул ролго тандалышы нааразычылык жараткан, себеп, актрисанын филиппиндик болуп, гавайиликтерге келбети окшош эмес эле. Бир ирет аны тартуу иштеринен четтетип да коюшкан, бирок макулдашуулардын арты менен Сидни айым кайтып келди.

Крис Сандерс – Стич. Мультфильмдеги Стичтин үнүн, анын ырылдаганын, күлкүсүн өзгөчө кылып коштогон актёр Крис Сандерс да кайтып келди тасмага. Демек, мультфильмде да, кинодо да Стичтин үнү бир адамга таандык.

Кыскача фактылар

  • Алгач Walt Disney Pictures компаниясы тасманы Disney+ санарип платформасына чыгаруу планын гана карап жаткан. Бирок тасманын трейлери 24 саатта
    158 миллион көрүү топтоп, кошумча жакшы ой-пикирлерди алгандан кийин кинотеатрларга чыгаруу чечимине келген. Анан да кинотеатрларга чыккан биринчи күнү башка тасмаларга салыштырмалуу билет эң көп сатылган да “Лило жана Стич” тасмасы болгон.
  • Тасманын саундтректеринин арасында мультфильмде жаңырган ырлар да бар. Алардын катарында Элвис Преслинин “Hawaiian Roller Coaster Ride и (Youre the) Devil in Disguise” чыгармасы жаңырат.
  • Тасма прокатка чыккандан кийин Лилонун ролун аткарган жаш актриса Майя Кеалоханы “жылдын ачылышы” деп атагандар көп болду. Мекенинде “кичинекей Гавайи вулканы” атыккан Майяны сынчылар “балалык баёолук менен өжөрлүктү эң сонун ачып берген” деп баалашты.
  • Тасманы көргөн адам сөзсүз баарын таштап салып Гавайиге кеткиси келет. Океан, суу, сёрфинг, жаратылыш кооздугу... Бир маалда тасма көрүп жатканыңды эстеп кетет экенсиң. Жаратуучулар Гавайинин туризмин жакшы жарнамалашыптыр, айтор.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1178, 11-17-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан