Айсулуу Мамашова, депутат: “Элди сүйбөгөн адамдын депутат болуп иштеши кыйын”

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова менен маектештик. Саясаттагы аялдардын орду, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөш, кылмыштуулук, депутаттык милдет, өткөн күндөр тууралуу пикир алыштык. 

 

– Айсулуу айым, саясаттагы жолуңуздун башталышы тууралуу сүйлөшсөк. 26 жашыңызда Жогорку Кеңешке депутат болдуңуз, ал жактагы алгачкы таасирлер кандай болгон?

– Биринчиден, мурда телевизордон, гезит, журналдардан көрүп жүргөн адамдар менен кесиптеш болуп чогуу иштеп калуу мени абдан эле толкунданткан. Анан дагы бир кызык жери, кичинемден орус тилдүү бала бакчада тарбияланып, мектепте да, жогорку окуу жайда да орус тилинде окугандыктан, кыргыз тилинен бир аз кыйналат элем. Парламентте трибунага чыгып кантип сүйлөйм, жаңылып калбасам экен деп коркчумун.

– Парламентте аял депутат болуунун артыкчылыгы же кемчилиги барбы?

– Албетте, парламентте депутат айым болуунун өз оорчулуктары бар. Кээде кесиптеш мырзалар менен талашып-тартышып калган учурларыбыз болот. Алардын “аялдар аз добуш алсаңар деле депутат боло аласыңар, а биз канчалык аракет кылсак дагы шайлоодон өтпөй калышыбыз мүмкүн” деп нааразы болуп калышат. А биз болсо “анда бизди бул жакка келтирбей эле айымдардын укугун коргоп, колдоп бербейсиңерби? Силерде деле микрофон, мүмкүнчүлүк бар” деп калабыз.

– Саясатка активдүү аралашууңуз сиздин үй-бүлөлүк жашооңузга кандайдыр бир таасирин тийгиздиби?

– Жолдошум “үй-бүлө дайыма биринчи орунда турушу керек” деп айтканына карабай, менин жумушумду дайым колдоп-коштоп келет. Билбейм ал кишинин колдоосу болбогондо кандай болот эле. Саясат менен үй-бүлөнү биргеликте алып кетүү түйшүктүү эле иш. Анын үстүнө үч баланын апасы катары дагы жоопкерчилигим аз эмес. Эми бала деген тумоолоп, сыркоолоп калат, багуучусунда ар кандай шарттар болуп калышы ыктымал, айтор, бир чети опурталдуу, бир чети кызыктуу эле.

– “Саясат – бул аялзаты үчүн эмес” деген пикирлерге оюңуз кандай?

– Туура эмес пикир деп ойлойм. Анткени аялдардын көйгөйүн аялдардан жакшы эч ким билбейт. Өзүңүздөр деле көрүп жатасыздар, азыркы учурда үй-бүлөлүк зомбулук абдан күчөп, канчалаган апаларыбыз, кыздарыбыз, кичинекей балдарыбыз жапа чегип келишет. Андыктан жалпы айымдардын үнүн угузуу үчүн саясатта сөзсүз айымдардын орду болуш керек.

– Кээде “чарчадым, жетишет, болду” деп баарына кол шилтеп салгыңыз келген учурлар болобу?

– Албетте, болот (күлүп). Адам болгондон кийин сөзсүз чарчайбыз. Анын үстүнө айымдар бир аз сезимтал болот эмеспизби. Көпчүлүктүн көзүнчө болбосо да жалгыз калганда кээде ыйлап, ичтеги бугумду чыгарып алам.

– Эгерде бир кыз “сиздей болгум келет” десе, ага кандай кеңеш берет элеңиз?

– "Менден дагы жакшы бол" демекмин. Азыркы тапта мен жеткен нерсе башкалар үчүн чек болбошу керек деп ойлойм. Анан "саясат – бул оор чөйрө, ошондуктан оку, билим ал, өзүңдү өстүр" дээр элем.

– Парламентте көбүнчө социалдык көйгөйлөр, аялдардын, балдардын укугу тууралуу көп маселе көтөрөсүз. Мунун себеби эмнеде?

– Балдарым. Эне катары өзүмдүн балдарыма, дегеле жалпы уул-кыздарыбызга, келиндерге коопсуз коом түзүп бергим келет. Апасыз өсүүнүн бардык ачуу-таттуусун таткан адам катары эч бир бала ата-энесиз калбаса экен деп тилейм. 

– Айтсаңыз, ападан эрте айрылуунун кесепетинен арылуу кыйынбы?

– Арадан канча жыл өтпөсүн, бул нерсени айтып берүү мага дагы деле бир топ оор. Анткени билесиздер, апам өз ажалы менен кеткен эмес, аны атып кетишкен. Апамдын көзү өткөндөн кийин үй-бүлөдө анын жоопкерчилигинде болгон көп иштер менин моюнума илинип калды. Бул 14 жаштагы Айсулуу үчүн бир топ эле кыйын болду, бирок бир чети бул сыноо мени эрте чоңойтту, чыйралтты десем болот.

– Парламентке депутат болуу үчүн адамдагы кайсы сапаттар маанилүү деп ойлойсуз?

– Менимче, депутат болуш үчүн адамдарды сүйө билиш керек. Эгерде адамда бул сапат жок болсо, анда иштөө кыйын. Анткени бизге күн сайын көптөгөн адамдар ар түрдүү маселелери менен келишет, албетте, баарына жардам бере албайсың. Бирок жардам бере албасаң да аларды уга билүү абдан маанилүү. Ошол учурда колуңдан келбеген нерсе, балким, кийинчерээк колуңдан келип калат. Парламентке депутат болордо менин эки чоң ниетим бар болчу. Биринчиси – депутат болуп калсам, муктаждарга көбүрөөк жардам берейин деген. Ал эми экинчиси – апамды атып кеткенден кийинки ойдур, балким, өлкөдө кылмыштуулукту азайтууга өз салымымды кошсом деген ниет болчу. Бирөөгө жардам берүүгө умтулган сапат менде кичинемден эле бар. Бала кезден эле менде ата-энеме кантип жардам берсем болот, сиңдиме кантип жардам бере алам деген сүйүү, камкордук сезимдери абдан күчтүү. Анан эс тарткандан тарта атам менен биргеликте бизнеске аралаша баштадым, бул дагы мен үчүн өзүнчө бир чоң мектеп болду. Бизнесте жүрүп адамдар менен мамиле түзүүнү, адамдарды уга билүүнү үйрөндүм.

– Балалыкты көп эстейсизби? Эмнелер көз алдыңызга тартылат эстегенде?

– Балалыгымдагы мага аябай жаккан нерсе – жазда биринчи байчечекей чыкканда атам-апам менен чогуу баарыбыз байчечекей тергени барчубуз. Бул биз үчүн салтка айланган көрүнүш эле. Кичинемде байчечекейди ата-энем менен терсем, салтты бузбай бүгүнкү күндө өзүмдүн балдарым менен терип келебиз. Анан ата-энем биздин билимибизге абдан терең маани берип окутушчу. Убагында апам мени музыкалык мектепке фортепианого алып барганда баргым келбей араң барчумун, бүгүнкү күндө апамдын ошол аракетине абдан ыраазымын. Анан атам “башка тилдерди үйрөнгүлө” деп тил курстарына алып барчу. “Менин кыздарым англисче да сүйлөй алышат” деп сыймыктанар эле.

 

 

Асел Нурбекова

 

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1178, 11-17-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан