Айдана Оторбаева, футболчу: “Эмнеге адамдар абдан агрессивдүү болуп кетишти?”

Кыргыздын сыймыктуу кызы, белгилүү футболчу Айдана Оторбаева учурда кайда? Спорттук карьерасында кандай жаңылыктары бар? Баштан өткөн оор сыноолорду кантип жеңди? Бул суроолордун жообу кызыктырса, маекке көз салыңыз. 

 

– Айдана, кандайсыз? Футболчу Айдана кичинесинде эмнелерге кызыгып, эмнелерди кыялданчу?

– Бишкек шаарында төрөлүп-өстүм. Жети кыздын эң кичүүсүмүн. Негизи үйдүн кичүүсү эрке болот деп коюшат эмеспи, бирок эрке болгон жокмун. Үйдүн кенжеси болуунун жакшы жагы – үй жумуштарынан, тамак бышыруудан алыс болуп чоңойдум, ал иштердин баары мага кезек жеткенче эле бүтүп калчу (күлүп). Эң эле эсимде калганы – көчөдөн мени көргөндөр “балага окшошсуң” дешсе абдан жаман көрчүмүн. Анткени чачымды ар дайым кыска алып жүрчүмүн да. Кичинекей Айдана тууралуу айта турган болсок, ал кыялкеч, тартынчаак, өзүнүн кичинекей дүйнөсүндө жашаган кыз болчу. Үйүбүздүн алдында бир түп сирень бар эле, негедир жамгыр жааганда музыка коюп алып, терезенин түбүндө ошол сиренди тиктеп ойлонуп отурганды аябай жакшы көрөр элем. Азыр эстесем, бир чети күлкүм келет. Апам баарыбызды кичинебизден эле эмгекчил кылып өстүрдү десем болот. Кичинемде апама жардамдашып, базарда соода кылып, сэндвич, суусундук сатып акча тапкан күндөр өттү.

– Футбол сизди качан кызыктырды? Эмне үчүн көркөм гимнастика, сууда сүзүү же жеңил атлетика эмес, футбол?

– Мен үчүн футбол – жөн гана оюн эмес. Башында футбол башкалар менен таанышуунун, дос табуунун бир жолу эле. Кичинемде бир чети бир аз тентек болсом, бир чети абдан тартынчаак элем. Эч качан өзүм биринчи болуп таанышып, сүйлөшүп кете албаган кыз элем. Футбол ойногондо менин ойногонумду көрүшүп, мени менен өздөрү келип таанышып, маек куруп, достук башталат эле. Ошондуктан дагы болуш керек, досторумдун көбү эркек балдар, курбуларым көп эмес.

– Жакындарыңыз, чөйрөңүз сиздин футболду тандаганыңызды кандай кабыл алышты?

– Бул жагынан ата-энеме абдан ыраазымын, анткени алар бизди абдан эркин өстүрүштү. Эч качан атам же апам  мага “футболду ташта, бул кыздар үчүн эмес” дегендей сөздөрдү айткан жок.  Ал эми көчөдөн, албетте, айткандар болчу, азыр деле кээде социалдык тармактардан жазып калышат ушул сыяктуу сөздөрдү. Ал эми мен андай сөздөрдү мурун деле жүрөккө жакын кабыл алчу эмесмин, азыр деле албайм. Анткени алар менин жан дүйнөмдү, жашоодогу принциптеримди билишпейт да, ошондуктан көп деле маани бербейм. Бир эле таң калганым – эмнеге адамдар мынчалык орой, агрессивдүү болуп кетишти? Эмнеге башка бирөөнүн көңүлүн оорутуп, жан дүйнөсүн жаралап алуудан коркушпайт?

– Бир жылдары ден соолугуңузда маселе жаралып, "Айдана футбол ойнобой калышы мүмкүн" деген маалыматтар чыккан эле. Ал сыноону кантип жеңдиңиз?

– Ооба, 2015-жылы бир бутум ооруп, доктурлар футбол ойномок түгүл жөн гана басып-туруумдан күмөн санай башташкан. Көпкө чейин так диагноз коё алышпай, абдан чайналганбыз. Ошол учурда апам дайыма жанымда колдоп жүрдү. Мага ошол учурда “сөөк рагы” деп диагноз коюшкан. 2024-жылы гана оорунун чыныгы себебин табышып, “Бехтеревдин оорусу” деген диагноз коюшту. Анан дарыланып жүргөн учурда апамдан айрылып калдык. Апамдын каза болуп калышы бизге күтүүсүз болду, анткени оорубай, сыркоолобой бир жакшынакай эле жүргөн болчу. Апам кечинде жолдон өтүп бара жатканда мотоциклчен бир жаш бала сүзүп кетип каза болду. Жанында кошунабыздын баласы болгон экен, апам аны куткарып, бирок өзүн куткарганга жетишпей калыптыр. Эң өкүнүчтүүсү – сүзүп кеткен бала жазага тартылган жок. Бир жылдай соттошуп жүрүп, акырында чарчадык. Ал бала соттун чечими менен 100 миң сом айып пул төлөп жазадан кутулуп кетти. Элестетиңиз, апамдын өмүрүн болгону 100 миң сомго баалап коюшту. Эң жакшы көргөн адамымдан айрылганым жана жашоодо өзгөчө орду болгон футболдон убактылуу болсо дагы четтегеним мага абдан оор тийди.

– Пандемия маалында дарыгерлерге жардам берип, аймактарды кыдырып жүрдүңүз. Буга ким же эмне түрткү болду?

– Апам. Кичинебизде түшүнбөй бир чети кыжырыбыз келсе, бир чети таң калат элек. Анткени апам өзүнүн түйшүгү бир топ болсо да, ар дайым башкаларга жардам бергенге шашыла берчү. Көрсө, апам бизге ошентип үлгү бериптир. Мен ковидге чейин эле ыктыярчылык кылып жүргөм. Ал эми азыр андай иштерди жөн гана убакыттын жетишсиздигинен улам кыла албай жүрөм.

– Карьераңызга кайрыла турган болсок, Испанияда, Түркияда жана Орусияда ойнодуңуз. Учурда Аялдар футболу ассоциациясынын вице-президенти болуп иштеп жатасыз. Пландарыңыз тууралуу айтсаңыз?

– Тилекке каршы, Испанияда аз убакыт эле ойноп калдым. Негизи бизде эркектер футболуна караганда, аялдар футболунда мүмкүнчүлүк көбүрөөк. Анткени кыз-келиндер арасында профессионалдуу футбол бүт жакта эле жаңыдан өнүгүп келе жатат. План дей албайм, бирок максатым – биздин кыз-келиндерибизди дүйнөлүк футбол аренасына алып чыгуу. Азыр биз аймактарда аялдар футболун өнүктүрүүгө аракет кылып жатабыз. Анткени аймактарда таланттуу, бирок мүмкүнчүлүк жактан бир аз чектелген жаштарыбыз абдан көп.

– Сиздин бул маегиңизди окуп жаткан жаштарга кандай кеңеш же каалоо айтат элеңиз?

– Негизи жаштарга кайрылат элем. Кыялдангандан коркпогула, аракет кылгыла, окугула, жашоодо өз ордуңарды тапканча тынбагыла. Анан эң негизгиси – өзүңөргө ишенгиле!

– Ийгилик сизге, бар болуңуз!

 

Асел Нурбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1178, 11-17-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан