Маектешим кытайлык кыргыздардан чыккан ырчы Гүлмира Макелек кызы. Репертуарында Муса Баетовдун “Сагынам”, Апаз Жайнаковдун “Кыргыз жери”, Атай Огонбаевдин “Күйдүм чок” деген ырлары бар. Чыгармачылына колдоо аз экенин, элдик ырларга суроо-талап азайып баратканын, ырчы катары элге кеңири тааныла албай жатканын айтат Гүлмира айым.
АНКЕТАСЫ
Туулган жери — Кытайдын Кызыл-Суу автономдук округу, Ак-Чий айылы
Туулган жылы, күнү – 1992-жыл, 2-август
Билими – Кытайдагы Искусство институтунун опера бөлүмү, Кыргыз улуттук консерваториясынын элдик ырдоо бөлүмү
Учурда – Бишкектеги №6 искусство мектебинде мугалим. “Ак саамай” фольклордук ансамблинин солисти
“Көпчүлүктүн ичинде кысылып кетем”
– Эки бир тууганбыз. Апам чек ара кызматкери, иним жеке ишкер. Мен таенемдин колунда чоңойдум. Таенем ачык, акылдуу, чечкиндүү адам. Өмүр бою акушер-гинеколог болуп иштеди. Бала кезде кээде гана кыздар менен ойноп калбасам, көбүнчө жалгыз ойноп жүрө берчүмүн. Ошого азыр көпчүлүктүн ичинде кысылып кетем. Эрке болгондуктан үй жумуштарын кыйратып деле жасабадым. Мектептеги майрамдык иш-чараларда кээде ырдап калчумун. Ырларды магнитофондон угуп, жаттачумун. 2010-жылдан баштап SUPER.KG сайтынын Медиа-порталынан ыр, клиптерди көрүүгө мүмкүнчүлүк болду. Негизинен жакын адамдарымдын таасири ырчы болуп калуума себепкер болду.
“14 жашымда комуз үйрөндүм”
– 9-классты бүтүп, 2 жолу Искусство институтунун опера бөлүмүнө тапшырсам, таенем “ал жерде окубайсың” деп документтеримди алдыртып алды. 3-жолкусунда гана аргасыз уруксат берип, окуп калдым. 14 жашымда комуз чертүүнү үйрөндүм. Кыргызстанга 2015-жылы Бишкектеги Маданият жана искусство университетинде иштеген кытайлык байкенин сунушу менен келип окуп, жашап калгам.
“Кытайдан жаңы келгенде бул чын эле Бишкекпи деп таң калгам”
– Келе электе Кыргызстанды өнүккөн өлкө деп ойлочумун. Кытайдан Бишкектин “Мадина” базарына келип түштүк. Карасам, базардын тегереги таштак, чаң, имараттары эски. Бул чындап эле Бишкекпи деп таң калып, айдоочудан сурасак “ооба” деп койду. Андан бери Бишкек жашыл шаарга айланып, архитектурасы өзгөрүп, кооз болуп бара жатат. Жаңы келгенде байкаганым – баары орусча сүйлөшөт экен. Мен кыргызча, кытайча сүйлөп, орусча билбейм. Окуу жайда мени Кытайдан келген деп тааныштырса, кыргызча билбейт деп ойлошуптур. Кыргызча сүйлөсөм, "таза сүйлөйт экенсиң" деп таң калышкан. Акырындап орусчаны үйрөнө баштадым, азыр деле абдан жакшы билбейм.
“Чоң сахнага “Кыргыз жери” менен чыктым”
– Чоң сахнага биринчи жолу 2016-жылы Бишкектеги Улуттук филармонияда өткөн Борбордук Азия ырчыларынын концертинде “Кыргыз жерин” ырдап чыктым. Эл жакшы кабыл алды. Жетине албай аябай толкундандым. Анткени түшүмө дайыма Кыргызстандагы филармонияда ырдап, сыйлык алып жаткандарым кирчү. Таенеме чалып сүйүнчүлөдүм. Ал “түшүң оңунан чыга баштаптыр, атактуу ырчы бол” деп батасын берип, сүйүндү.
“Беш жылдай сахнадан алыстап кеттим”
– Мени Кыргызстанда 2016-жылы SUPER.KG сайтына маек берип, сайтка 9 ырым жүктөлгөндөн кийин эл тааный баштаган. Бир нече аптадан кийин карасам, ырларым 100 миңден ашык көрүү болуптур. Ошондо сайттын катталуучулары абдан көп экен деп калгам. “Кыргыз радиосуна” көп чакырышчу. Албетте, күйөрмандар социалдык тармактар аркылуу да таанышат, колдошот. Ырдаган ырларымды угушат. Коронавирус пандемиясында катуу оорудум. Ошондон кийин 5 жылдай сахнага көп чыкпай калдым. Эл унутуп калды го дегем, унутпаптыр. Эми кайра чыга баштадым.
“Ак саамай” ансамблинин, Арзыбек Бедияровдун, Саламат Садыкованын жана башкалардын концерттеринде, мамлекеттик иш-чараларда ырдап чыгып жүрөм. Репертуарымда кытайлык кыргыздардын жана сөзү, обону өзүмө таандык ырларым бар. Автордук ырларыма “Жамгырдагы сүйүү”, “Билбедим”, “Жаңы жыл”, “Сен кыргыздын сыймыктанган бир кызы” жана башкалар бар. Кыргызстандын жарандыгын 2020-жылы алгам. Буюрса, эми бул жакта биротоло жашайм.
“Жатаканадан чык дешкен, маселе чечилди”
– Бишкекте Улуттук консерваториянын жатаканасында жашап келе жаткам. Айына 10 миң сомдон төлөйбүз. Ал жерде жалаң чыгармачыл адамдар жашагандыктан бири ырдап, бири музыкалык аспап ойноп дегендей, машыга беришет. Башка батирге чыгайын десең антип машыга албайсың. Дароо эшигиңди каккылап даттанып келишет. Анын үстүнө башка батирде 1 бөлмөгө 25-30 миң сом төлөшүң керек, кымбат. Мени жакында “жатаканадан чык” дешкен. Буга нааразы болуп социалдык тармактарга жазып чыктым. Тийиштүү жетекчилерге да кайрылгам. Анткени Кыргызстанда менин тууган-уругум жок. Айлыгым 19 миң сомдун тегереги, бул батирдин акысына да жетпейт. Анан кайда барам? Буюрса, маселем Маданият министрлиги тарабынан чечилди, бөлмөмдө калдым. Көрсө, жатаканада мени үй-бүлөсү менен жашайт делген адамдардын тизмесине кошуп коюшуптур.
“Элге кеңири таанылам деген тилегим ишке ашпай жатат”
– Чыгармачылыкта мени колдоо абдан начар, ушул жагы көп ойлонтот. Талантың болгону менен, кайда кайрылсаң да тааныш, акча керек тура. Радио, телевидениеге ырларымды алып барсам алышпайт. Же алып туруп унчукпай коюшат, чыгара турганын же чыгарбай турганын билбейсиң. Бир ырымды кайдан алышканын билбейм, бир радио убагында көп кетирип турду. Кыргызстанга келип, элге кеңири таанылам дегем, бирок мен ойлогондой болбой жатат. Негизи, элдик ырларды көп ырдайм. Себеби фольклордук ырчылар элдик чыгармаларга жакын болушубуз керек. Андай чыгармалар барган сайын аз ырдалууда. Кыргыз маданиятына салым кошоюн деген ниетим күч. Кээде иш-чараларга комуз көтөрүп барсам, жетекчилер “эстрадалык ыр ырда” дешет. Аргасыз комузду дубалга жөлөп коюп, алар айткандай ырларды ырдайм.
“Аны ырдоодон уялып 1 жыл жүрдүм”
– “Жамгырдагы сүйүү” ырымдын тексти даяр болчу. Бир күнү жатаканага келе жатсам жамгыр төгүп кирди. Ошондо өзүнөн-өзү кайрыктар жаралып, обону чыкты. Бирок аны эл алдында ырдоодон уялып, 1 жыл жүрдүм. Акыры университетте ырдап чыктым. “Кызга тилек” ырымдын обону кыз узатуу тоюна арналып чыгарылган. “Мен жолго чыгарымда ыйлаба, апанын” обону меники. Кичи мекениме, апама, таенеме бара албай сагынам. Ошого 2019-жылы сагынычтан улам жаралган. “Билбедим” студент кезде жүрөгүмдү ээлеген сүйүү сезиминен улам чыккан.
“Көңүлүм сүйгөн адам жолукса турмушка чыгам”
– Жеке жашоомо келсек, бойдокмун. Турмушка чыгып калсам, кайын журтум, жолдошум ырдоомо каршы чыгышса, ырдабай үйдө отуруп каламбы деп да ойлоном. Туулган жеримден алыска ырчы болом деп келип, кыйынчылыктарды жеңип жарандык алсам, анан ырчылыктын өтөөсүнө чыкпай, канатым кайрылып калабы деп корком. Көңүлүмө жаккан кыргыз жигити жолугуп, сунуш киргизсе, турмушка чыгам. Азыр чыгармачылык менен гана алекмин.
Канымжан Усупбекова