АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстандын жарандарына берилчү иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтүн кыскартты. Жаңы эрежелерге ылайык, иммиграциялык эмес (туристтик, ишкердик) визалар 3 айга гана жана 1 жолу кирүү үчүн гана берилет. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги расмий билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, мындай чаралар Америкага келген чет элдиктерди кылдат текшерүүгө алып, миграциялык системдеги мыйзам бузуулардын алдын алуу максатын көздөйт. Визалык өзгөрүүлөр президент Дональд Трамптын “АКШны чет элдик террорчулардан жана башка коркунучтардан коргоо жөнүндө” буйругуна негизделгени айтылат маалыматта.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул чечим бир тараптуу жана кыргыз тарап менен алдын ала макулдашылбаганын билдирип, тынчсыздануусун билдирди. Мындан улам жакын арада ТИМдин орун басары Алмаз Имангазиев менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери жолугуп, маселени талкуулай турганы айтылды.
Белгилей кетсек, АКШ дагы 36 өлкөнүн жарандарына виза берүүгө чектөө киргизүү мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Алардын катарында Кыргызстан да бар. ТИМ Кыргыз жарандарынын укугун коргоо багытында дипломатиялык иштерди уланта турганын билдирди.