Жарым жылда курулушта 15 кырсык болуп, 8 курулушчу каза тапты

2025-жылдын алгачкы 6 айында Кыргызстанда 41 өндүрүштүк кырсык катталса, анын 15и курулуш тармагында болду. Бул кырсыктардын кесепетинен жалпысынан 18 адам каза болсо, алардын 8и курулушта иштегендер. Бул тууралуу Профсоюздар федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу курулуш объекттерин текшерүү учурунда билдирди. Анын айтымында, кырсыктардын көпчүлүгү коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгынан улам келип чыккан. “41 кырсыктын 15и курулушта болуп, 8 куруучунун өмүрү кыйылганы – өтө кооптуу белги. Бул статистика бизди дароо чара көрүүгө милдеттендирет”,- деди чиновник.

Мониторингдин жүрүшүндө федерациянын эмгек боюнча техникалык жана укуктук инспекторлору жумуш шарттары жана коопсуздук эрежелеринин сакталышы менен таанышты.

Жумадилде уулу белгилегендей, жумушчулардын коопсуздугу үчүн толук жоопкерчилик иш берүүчүлөргө жүктөлөт. Федерация коопсуз иш шарттарын камсыз кылуу боюнча көзөмөлдү күчөтөрүн билдирди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1178, 11-17-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан