Чүйдө өз уулу сабаган 64 жаштагы аял ооруканага түштү  

Чүй районунун Ак-Бешим айылында эркек киши өз энесин мыкаачылык менен сабап, энеси ооруканага жеткирилди. Бул маалыматты облустук милиция тастыктады. Маалыматка ылайык, 8-июль күнү 1961-жылы туулган аял көптөгөн жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Алынган маалыматтар боюнча, 7-июль күнү кечинде анын уулу Б.З. мас абалында келип, эч себепсиз энесине кол көтөргөн.

Бул окуядан бир нече күн мурда эле аталган үйдүн бир бөлмөсүндө өрт чыккан. Жабыркагандар болгон эмес, өрт өз убагында өчүрүлгөн. Үй ээси Б.Б. териштирүүдөн баш тарткандыктан, кылмыш иши козголгон эмес. Өздүк булактар билдиргендей, өрттүн чыгышына шектүү катары ошол эле уул каралууда. Бирок бул версия азырынча расмий түрдө тастыктала элек. Учурда окуя боюнча тергөө иштери уланууда.

Милиция коомчулукка мындай фактыларга кайдыгер болбой, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча ыкчам билдирүү зарылдыгын эскертет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1178, 11-17-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан