Улан Ташматов, жаратылыш таануучу: “Аюуну, аркар-кулжаны көп тартам”

Каарманым Улан Ташматов табиятты аралап укмуш кадрларды тартып келе жатат. Пайдалуу хобби. Анын фото-видеолору Кыргызстанды көпчүлүккө кайра баштан таанытууда деп айтсак да жарашат. 

 

АНКЕТА

Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Токтогул району

Туулган жылы, күнү – 1978-жыл, 20-март

Билими – жогорку

Учурда – мамлекеттик кызматкер, блогер

 

– Улан мырза, жаратылышка качантан бери кызыгасыз?                               

    – Бала кезден табиятка жакын өстүм. Таята-таенеме жардам бергени жайлоого барчумун. Кийин студент болуп Бишкекке кетип, бир аз алыстай түштүм. Анан 2015-жылы хоббини жандандырдым. Тоо-ташка чыгып, сүрөт, видео тартып, бирок соцтармактарга чыгарчу эмесмин. Чыгара баштаганыма 1,5 эле жыл болду.

– Жер кыдырып видео тартуудагы максатыңыз кандай?

– Бул эми хобби катары да. Эмне үчүн соцтармакка чыгара баштадым? Анткени элибиз туризмге кызыксын, ички туризм өнүксүн, кафеде сыра ичип, шишкебек жеп жата бербей тоо-ташка, жаратылышка чыксын, саякаттасын дедим. Жылуу пикирлер айтыла баштады, “ооруканада жатат элем, сенин видеолоруңду көрүп черим жазылды”, “чет өлкөдөбүз, айылды сагындык, дагы чыгарып туруңузчу” деп сурангандар бар. Негизи, жапайы жаныбарларды, анын ичинен аюуну көп тартып чыгарам. Кудайга шүгүр, өлкөдө мыйзамсыз мергенчилик азайып, жаныбарлар көбөйө баштады. Былтыр Үзөңгү-Куушка барып миңдей аркар-кулжа тартып келдим, Токтогулдан 1 күндүн ичинде 8 аюу тарткам. Быйыл май айында Токтогулдан бир күндө 50дөй эчки-теке, 15тей аюу тарттым. Булардын баары тоонун бир эле бетинен тартылды. Быйыл аюуну 3 мамалагы менен, бир мамалагын жонуна мингизип баратканын тарттым, сенсация жараткан укмуш кадр болду. Мындай кадрды Кыргызстандын тарыхында эч ким тарта элек болчу. Негизи эле аюуну атайын эч ким тарткан эмес, кокустан тартып алгандарды айтпаганда. Мен биринчи тарттым. 

– Тоо-ташта жүрүп кандайдыр бир сырдуу, табышмактуу кубулуштарды байкай алдыңызбы?

– Негизи, ар түрдүү уламыштар айтылат. Бирок өзүм андай сырдуу көрүнүштөрдү байкай элекмин.

– Коопсуздук маселеси кандай? Коркунучтар болобу?

– Тоодо өзүңө сак болушуң керек. Эки жакты байкап басып дегендей. Жылан чагып алышы мүмкүн. Алдыңдан аюу же карышкыр чыгып калса тап салышы ыктымал. 

– Бул иш сизге киреше алып келеби?

– Киреше алып келбейт. Кыргыз элине, жерине колумдан келишинче кызмат кылып коёюн деген эле максат.

– Тарткан видео-фотолоруңуз менен эл аралык сынактарга катышуу планыңыз барбы? National Geographic’те мисалы...

– Ушул суроону мага чет өлкөдөн келген туристтер көп беришет. Албетте, катышкым келет. National Geographic меникинен начар кадрларга деле көңүл бурат экен, негедир мага көңүл бура элек. Балким, келечекте байланышка чыгар. Кымбат дрон, кымбат фотоаппараттар болсо, мындан да сапаттуу сүрөттөр тартылмак. Азырынча “любительский” эле да менде.

– Эмнелер жөнүндө кыялданасыз? 

– Кыргыз жерин, туризмин, жапайы жаныбарларын дүйнө жүзүнө тааныткым келет. Туризм канчалык өнүксө, ошончолук көп акча түшөт. Азыркы учурда анча-мынча байларыбыз чет өлкөлөрдөн эс алып акчаларын чачып жатышат. Ошолор ички туризмге да кызыкса деген ойдомун. Туризм анча өнүкпөгөн жерлерди чагылдырууга басым жасайм, ошол жакка эл тартылсын деп. “Сиздин видеолоруңуздан көрүп ушул жерге эс алганы келдик” деп калышат. Андайда “туризмди өнүктүрүүгө пайдам тийип жаткан экен” деп сүйүнүп калам. 

– Бар болуңуз! 

 

Асел Ишенбай кызы

 

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1178, 11-17-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан