ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 21-июлдан 27-июлга чейин

КОЙ
(21.03–20.04)

Аптада сиздин кесипкөйлүк жөндөмүңүзгө чакырык ташталат. Өзүңүзгө тиешелүү жоопкерчиликтен сырткары да милдеттер моюнуңузга артылышы мүмкүн. Алактабай, коркпой жасай бериңиз, шаршемби, бейшемби күндөрү артылган жумуштун баарын өз ордуна жайгаштыра аласыз. Досторго бугумду чыгарам деп ашыкча сыр айткандан сак болуңуз, өзүңүзгө каршы бурулган курал болуп калышы мүмкүн. Түгөйүңүз менен такташуу иштери орун алышы ыктымал.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Кыймылсыз мүлк сатуу, сатып алуу менен алектенгендер үчүн ийгиликтүү апта. Чыгармачыл адамдар да аптада музасын таап, эргүү алышат. Абройлуу адамдардын ишеничинен чыкпайын десеңиз, бухгалтерияга байланыштуу эсеп-кысап иштеринде так болуңуз. Жалгыздыкта калуу сунушталбайт, достордун же туугандардын курчоосунда болуңуз. Бейшембиде керектүүлөрдү сатып алганга базарга чыгышыңыз мүмкүн, ашыкча акча коротуудан сак болуңуз. Алдыда активдүү дем алыш күндөрү күтөт.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Жакындар арасында көптөн бери чечилбей келген маселенин түйүнү чечилет, ага катыштуу адамдар да жеңилдеп калышат. Шаршембиде көпчүлүк алдына чыгып сөз сүйлөшүңүз мүмкүн. Аптанын экинчи жарымы дүйнө таанымды кеңейтүүгө ылайыктуу, кайсы бир окууга тапшырам, үйрөнөм деп турсаңыз кадамыңыз ийгиликтүү болот. Үй-бүлөлүк маселеге байланыштуу бирөө жарымга кеңеш айткандан алыс болуңуз, акырында сиз күнөөлүү болуп чыга келесиз.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Бул апта бөйөндөр үчүн акча магнитин активдештирет, андыктан жасаган ишиңиз аркылуу да, андан сырткаркы булактардан да түшкөн акчадан чөнтөгүңүз томпоюп кубанычта болосуз. Аптанын биринчи жарымында иш жаатында жолугушуулар күтөт, ал иштен пайда таппасыңызды билсеңиз да жолугушууга барып, пайдалуу тааныш күтүү сунушталат. Өзүңүзгө көңүл буруп, косметологиялык процедураларга барыңыз. Дем алыш күндөрү үй-чарба иштери менен алек болосуз.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Арстандар бул жумада өзүнө күтүлбөгөн жоруктарды жасоого, шаан-шөкөт уюштурууга уруксат беришет. Айланаңыздагы адамдарда өзгөрүүлөр орун алат же жаңы адамдар кошулат, же эскилердин бири достордун катарынан чыгышы мүмкүн. Пландап койгон нерсеңизден көптү күтпөй туруңуз, ишке ашпай калуусу мүмкүн. Алтын-күмүш сындуу асем буюмдарды сатып алууну кийинкиге жылдыра турганыңыз оң. Романтикалык жаатта мамиле бекемделип, түгөйүңүз менен гармонияга келесиз.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Сизге тиешеси болбогон ишке баш оорутпаганыңыз оң. Айрыкча бул туугандар ортосундагы мамилеге байланыштуу. Жакындарыңызды сюрприздер менен кубантканга аракет кылыңыз, алар сиздин көңүл бурууңузга, сүйүүңүзгө муктаж болуп турушат. Юридикалык жактан кандайдыр бир маселелер чыгышы күтүлөт, даяр болуңуз. Алдын ала айып пул (машинага же башкага байланыштуу) деген маселелерди чечкен оң. Апта соңунда көңүлүңүздү көтөргөн жакшы жаңылык угасыз.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Бул күндөрү өзгөчө харизмалуу, жылдыздуу болуп чыга келесиз. Убакыттан пайдаланып маанилүү иштерди бүтүрүп алсаңыз болот, харизма жардам берет. Аптанын экинчи жарымында бирөөгө карыз болсоңуз бериңиз. Бул каржы жаатында же болбосо кызмат көрсөтүү багытында болушу мүмкүн. Бирөөгө өз оюңузду таңуулагандан алыс болуу керек, ар кимдин өз ою бар экенин унутпаңыз. Өзүңүз уюштуруучу катары көптөн бери жолукпай жүргөн достордун башын бириктирсеңиз болот.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Иликтөө иштерине, анализ чыгарууга, ойлонууга ыңгайлуу апта. Финансы жактан бир аз маселелер жаралышы мүмкүн, ал маселе аптанын аягында чечилет. Иш билгендердин же сизден улуу адамдардын кеңешине кулак салуу пайдалуу. Аптада бойдоктор экинчи жарымын жолуктуруп, тагдырыңызда олуттуу өзгөрүүлөр орун алышы мүмкүн. Ден соолугуңузду жакшылап караңыз жана табият коюнунда эс алганыңыз сиз үчүн пайдалуу болорун унутпаңыз. Апта аягында шопинг кылышыңыз күтүлөт.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Жумушка байланыштуу ишенчиликтүү адамдардан сунуш аласыз, бирок жооп айтканга шашпай туруңуз, оюңуз өзгөрүп кетиши мүмкүн. Жашоодогу максаттарыңыз да өзгөрүп, трансформация болушу ыктымал. Туугандардыкына, достордукуна конокко барасыз же алардын сиздикине келиши күтүлөт. Жолго чыгууда сак болуңуз. Каржы маселесин азырынча артка жылдыра туруп, эс алууга, ден соолукту чыңдоого көңүл буруңуз. Бош убактыңыз жакындарыңыздын курчоосунда өтмөкчү.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Каалаган кийимди кийип, каалаган тамакты ичип, чет өлкөгө чыгып саякаттоо сыяктуу иштерди кылгыңыз келет, жумушта камалып отурбай. Бул күндөр да келет, ага жетүү үчүн же акча топтоо же акчасы көп жумушка которулуу керек. Бейшемби күнү жеке жашоодо өзгөрүүлөр орун алат, бул көбүнчө бойдокторго тиешелүү. Жума күнү балдар же туугандарыңыз убактыңызды алышы мүмкүн. Электр жабдыктары менен иштөөдө сак болуңуз. Аптанын аягында кичи сапарга чыгышыңыз күтүлөт.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Бир аз оорчулук жараткан, бирок пайдалуу иштерди жасайсыз. Көп убакытты талап кылган иш сапарынан баш тартканыңыз туура болот. Ашыкча эмоция сизге зыян алып келет, андыктан токтоо болуп, абалды үстүртөн караганга аракет кылыңыз. Финансылык жактан стабилдүүлүк орнойт. Үй-бүлөңүз да сизге колдоо көрсөтөт. Бирок жылдыздар сизге кимдир бирөөнүн мактоосунан таасирленип кетпешиңизди эскертишет. Кандай учур болсо да акыл калчап иш кылыңыз.

БАЛЫК
(20.02–20.03)

Сабырдуу жана акылман болсоңуз, чыр-чатакка алып келе турган жагдайлардан айланып өтүүгө мүмкүн болот. Чыгармачыл адамдар үчүн жемиштүү апта. Бул күндөрү башыңызга эмне идея келсе, аны дароо блокнотко жазып коюу сунушталат. Ал идеялар келечекте жакшы каржы булагына айланышы ыктымал. Бойдоктор чечкиндүү болуп, биринчи кадам жасоо демилгесин колго алганы оң. Дем алышта нерв системин тынчтандыруучу жерде, тагыраагы, табият коюнунда эс алуу сунушталат.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1179, 18-24-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан