Дүйнөлүк статистикага таянсак, ар бир 300 ымыркайдын орточо 40 чактысы кашка жиликтин башынын жакшы өнүкпөй калышы (дисплазия) менен туулат. Бул дарттан улам балдарын дарылатып жүргөн ата-энелер Кыргызстанда да көп. Дарттын жаралышына эмнелер себеп болууда? Алдын алууга мүмкүнбү? Балдар ортопеди, медицина илимдеринин кандидаты Мирбек Эмилбеков маалымат берет.
Балдарга караганда кыздар көп жабыркайт
Дисплазия – байыркы гректердин “бузулуу” жана “түзөм” деген сөздөрүнөн турат. Медицинада бул бала курсакта кезинде кашка жиликтеринин башынын толук өсүп жетилбей калышы деп түшүндүрүлөт. Башкача айтканда, тубаса патология. Мындай болгондо кашка жиликтин башы жамбаш сөөккө бекем бекибей, өз ордуна туура орнобой өйдө же бош орноп калат. Аны курчап турган булчуңдар да, тарамыштар да өнүкпөгөн бойдон калат.
– Дисплазия менен эркек балдарга караганда кыздар көп төрөлүшөт. Ооругандардын орточо 80 пайызын түзүшөт. Анткени табият кыздардын сөөктөрүн эркектердикине караганда ийкемдүү кылып жаратат (кийин эне болуп, төрөө үчүн). Дисплазия балдардагы тубаса патологиялык оорунун түрүнө кирет.
Бала бир бутундагы томугу же 2 томугу тең жетилбей төрөлүшү мүмкүн. Убагында дарылатпаса томугу жетилбей калган буту кыска болуп, кийин аксап калат. 2 томугу жетилбей төрөлсө, кийин баланын басышы кыйындайт, бат чарчап, буттары ооруйт, келбети бузулат,- дейт Мирбек мырза.
Дарттын жеңил, орточо, оор деген 3 даражасы бар. Так диагноз коюу үчүн жамбаш сөөктөрдү рентгенге тарттыруу керек.
Томуктар 11 айында калыптанып бүтөт
Адистердин айтымында, бала дисплазиясы жок төрөлүп, илдет кийин жаралышы да мүмкүн. Буга ата-энелер күнөөлүү. Анткени муундары, сөөктөрү отурууга, басууга даяр боло электе баланы “ходунокко” салып коюшат. Натыйжада бутуна, таманына, томуктарына күч келип, аталган дарт жаралат.
– Баланын томуктары 10-11 айында толук өөрчүп бүтөт. Эгерде андан эрте “ходунокко” сала берсе, баланын салмагынан жакшы калыптана элек томуктар эзилип калат. Натыйжада кашка жиликтин башы жамбаш сөөккө туура бекибей, өз ордуна туура орнобой өйдө же бош орноп калат. Дисплазияны толук дарылап айыктырбаса, бала баспай калышы ыктымал,- деди врач Эмилбеков.
"Балдар организминин өзгөчөлүгүнө, генине карап бири эрте, бири кеч басат. 1,5 жашка чейин басса норма болуп эсептелет. Ага карабай кээ бир ата-эне шашкалактап эрте аракет кылышат. Бул туура эмес" дейт врач. 1,5 жашка жетсе да баспай жатса, ошондо гана ортопеддерге кайра текшертүү зарыл.
Ортопедге 1, 3, 6, 12 айлык кезинде текшертүү керек
Бала төрөлгөндө эле хирург анда дисплазия бар же жогун текшерет. Бар экени билинсе, дароо дарылатып баштоо зарыл. Дарылануу курсу бүткөндө рентгенге тарттырып, дарылоо натыйжасы кандай болгонун аныктатуу кажет. Эгер дароо дарылатпаса, жеңил түрү акырындап оор түрүнө өтүп кетип, дарылап айыктыруу кыйындайт.
– Негизи ата-эне баласы оорубаса деле балдар ортопедине 1, 3, 6 айында, 1 жашында сөзсүз текшертиши кажет. Ушул убактарда мүмкүн буга чейин билинбеген дисплазия же башка муун оорулары болсо так билинет. Баланын ден соолугу чың болгонуна карабай, 1 айлыгынан тартып буту-колуна сөзсүз массаж жасап баштоо сунушталат. Бул бут муундарынын жана бут булчуңдарынын туура өсүшүнө шарт түзөт жана бала бат торолот,- деди Мирбек Эмилбеков.
Тубаса дисплазияны ата-эне аныктай алат
Врач жана ата-эне балада тубаса дисплазия бар экенин кантип биле алышат? Баланы чалкасынан жаткызып байкоо ыкмалары:
• 2 бутун тең сундуруп, теңеп көргөндө бир буту экинчисинен кыскараак болот.
• 2 бутун тизесинен бүгүп, анан эки жакка кергенде баланын бир таманы (же 2 таманы тең) тегиздикке тийбей калат.
• 2 бутун тизесинен жана жамбашынан бүккөндө “кырт” эткен үн чыгат.
• Бир санында экинчи санына караганда тери бүктөмү ашыкча экендиги байкалат.
Баланы көмкөрөсүнөн жаткызып байкоо ыкмалары:
• Баланын жамбашынын бир бөлүгүндөгү тери бүктөмдөрү экинчи бүктөмдөргө дал келбейт (ассиметрия). Бул баланын 2-3 айында абдан даана билинет.
• Кармап көргөндө бутунун булчуңдарынын чыңалып турганын байкоого болот.
Дартты түйүлдүктүн чоң болушу да жаратат
Тубаса дисплазия менен төрөлүүгө кош бойлуу аялдагы жана түйүлдүктөгү төмөнкү себептер жеткирет:
• Аялда талгактын оор өтүшү, кеч талгак, гормоналдык бузулуулар. Ошондой эле вирустук оорулар, тамеки тартуу, ичимдик ичүү. Аялдын организминде витаминдердин, микроэлементтердин жетишсиздиги. Өзгөчө кальцийдин жетишсиздигинен сөөктөр, анын ичинде томуктун башы жакшы өнүкпөй калышы мүмкүн.
• Түйүлдүктүн чарайна суусунун аз же түйүлдүктүн чоң болушу, мисалы, 3500 граммдан чоң. Мындайда баланын жамбаш муундары аз кыймылдап, жакшы өнүкпөй калат.
• Түйүлдүктүн салмагынын аз болушу (2500 граммдан аз).
• Курсакта баланын жамбашы менен жатышы.
• Тукум куучулук. Баланын энесинде же атасында аталган патология болсо, балага да өтүшү мүмкүн.
Айыктырууда массаж керектелет
Ата-эне ортопеддин кеңештерин аткарып баланы толук дарылатса, анда кашка жиликтин жетилбей калган башы (томук) жетилет жана өз ордуна бекем орнойт. Дарылап, айыктырууда булар керектелет:
• Массаж.
• Электрофорез. Бул электр тогун колдонуп кашка жиликтин башына кальций менен таасир этип, кандын жүрүшүн ылдамдатып, томуктун өсүшүн камсыздоо.
• Парафин терапиясы, дарылык гимнастика.
• Кальций каражаттарын ичирүү.
Үйдө баланын буттарын маал-маалы менен эки жакка керип туруу, сууда сүздүрсө да жакшы.
Ортопедиялык жабдыктар
• Виленский кергичи (шина).
• Павликтин үзөңгүсү – эң ыңгайлуу жабдык. 3-9 айлык балдарга арналат.
• Фрейктин жаздыгы (пластик жаздыктар) – 2 бутту эки жакка керип турат.
• Аталгандардын баарын камтыган ортездик жабдык бар. Ал “Момбековдун функционалдык шина абдуктору” деп аталат. Бул Кыргызстандык ортопед, илимпоз Момбеков ойлоп тапкан жабдык.
Булардын кайсынысын, канча убакыт колдонуу керектиги дисплазиянын даражасына жараша болот.
Дарылатпаса бала аксак болуп калат
Баласында дисплазия бар ата-энелер төмөнкүлөрдү эске тутуулары зарыл:
• Дарылатуу аягына чыкпай калса, анда дарт оорлошот. Бул басыктын өзгөрүшүнө (майпаңдап же аксап басуу), муундун жакшы иштебей калышына, дайымкы оорутууга алып келет. Томуктун эзилип кетишине да жеткирип, операция жасатууга туура келет.
• Дарыланып жаткан бала өзү теңдүүлөрдөн кеч басат. Бирок ата-эне шашпай, баланын толук айыгып кетишин ойлошу кажет.
• Ортопеддин уруксатысыз өз алдынча баланы бастырууга болбойт. Болбосо томукту өөрчүтүп, калыбына келтирүүгө болгон аракеттин баары текке кетет.
Канымжан Усупбекова