Белгилүү ырчы, мукам үнү угармандын черин жазган Айпери Кулбаева бул аптанын каарманы. Ырчы айым чыгармачылыктагы жаңылыктары, аялдык бакыт, хайп, хейт дегендерге көз карашы тууралуу ой бөлүштү.
– Айпери, саламатсызбы? Алгач жаңылыктарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз, чыгармачылыкта, жеке жашоодо...
– Саламатчылык, жакында Кентау Назарбек деген казак обончусунун “Жүз жашасын, жакшы адамдар” деген ырын аткарып чыктым. Андан соң Гүлмира Айдосованын “Каниет ыры” деген чыгармасын аткарып, ага клип тартып элге тартууладым. Легендарлуу агабыз Рыспай Абдыкадыровдун “Издейм сени” ырын түрк тилине которуп ырдап чыкпадым беле? Ошол ырга жакында Түркиядан клип тартып келсем деп турам. Андан тышкары бир туугандар тууралуу ыр колума тийди, аранжировкага берип койдум. Чыгармачылыктагы жаңылыктар ушулар. Ал эми жеке жашоодо баары жакшы, шүгүр, өз нугунда.
– Айрым ырчылар “Бишкекте жашоо чыгармачылыкка жакшы шарт түзөт” деп айтышат. Сиз Оштон башка жакка кетүүнү ойлонуп көрдүңүз беле?
– Туура, борбор шаар чыгармачылыкка ыңгайлуу. Шарттар жакшы, сунуштар, мүмкүнчүлүктөр көп. Ырчылардын ар биринин социалдык тармактарда жеке баракчалары бар, “аралык анчалык маанилүү эмес” дегендер да бар. Бирок ал башка нерсе, чыгармачыл инсандар үчүн гезит, радио, теленин колдоосу маанилүү эмеспи. Алардын көбү, албетте, борбордо. Бишкекке көчүп баруу тууралуу ойлор болгон, бир кезде сунуштар да көп түшкөн. Улуттук филармонияга да ырчы катары чакырылгам. Ал кезде жаш кыз элем, алыска чыгуу коркунуч болгонбу билбейм же бул жактагы ишимди таштай алган эмесминби, айтор, барган эмесмин. Азыр да сунуштар түшүп жатат, бирок балдардын мектеби сыяктуу көп нерселерди ойлонуш керек болуп, чечим чыгара элекпиз. Пландар бар, бирок качан ишке ашат билбейм. Бирок борборго жакшылыктарга, концерттерге тез-тез эле барып турам.
– Элге таанылуу ар кимдин тагдырына ар кандай жазылат. Бирөө таланты менен, бирөө келбети менен, бирөө кокустан эле дегендей. Сиз элге кантип таанылдыңыз?
– Ооба, ар ким маңдайына жазылган жол менен таанылат. Мен үнүм жана эмгегим менен таанылдым. Чыгармачылык жолдо абдан мээнет кылдым, аракетиме жараша Кудай мага азыр эмнеге ээ болсом, ошону берди. Чыгармачылыкта мен үчүн билим абдан маанилүү. Талантымды өркүндөтүү үчүн билим алдым, окудум, өнөрүмдү таптадым, бир эмес, 3 дипломдун ээсимин. Билимдүү ырчылар, анан окубаган ырчылар деп бөлүнөт эмеспизби, мен билимдүүлөрдүн катарын толуктайм. Окудум, ошону менен катар иштедим, издендим, өзүмдүн атымды өзүм жасадым. Эч качан демөөрчүгө муктаж болгон жокмун, продюсер менен иштешпедим. Студент кезден иштеп акча чогултуп, ошол акчамды кайра чыгармачылыкка салып жүрүп отурдум.
Алгач комуз менен ырдап чыксам, анан акча топтоп аранжировка жасатып, клип тарттыра баштагам. 2004-жылдан бери сахнадамын. 21 жылдан бери дагы деле эмгектенип, изденип келем. 400гө жакын ыр жаздырып, 50дөн ашык клип тарттырдым. Ушунун баары өнөрдөн тапкан акчага жасалды. Мындайча айтканда, элден алып, элге берип келе жатам. Төгөрөктүн төрт бурчуна, кыргыз элинин баарына таанымал болдум деп айта албайм. Бирок өнөрүмдү сыйлаган, талантымды баалаган күйөрмандарым көп. “Фонограмма эмес, жандуу үндө ырдайсың” деп көп мактоо айтышат.
– Өнөр үчүн кандай курмандыктарга бардыңыз?
– Күнү-түнү элдин кызматындабыз, кээде жол-белде калып, уйкунун режими алмашып кетет. Эки жакка көп чыккандыктан жарым өмүрүм жолдө эле өтүп кеткендей сезилет.
– Социалдык тармактар өнүккөн азыркы заманда хайпка жана хейтке кабылбаган ырчы аз болуш керек... Сизде кандай бул жаатта?
– Ооба, социалдык тармактар жашообузда чоң орунду ээлеп калды. Бирок мен эч качан хайп жаратайын деп жулунган адам эмесмин. Анткени комуз менен нукура кыргызча ырдаган, улуттук колоритке басым жасаган ырчымын. Анан да үй-бүлөм, кайын журтум, бала-чакам бар, аларды ойлойм. Негизи ушул “хайп” деген нерсе табиятыма туура келбеди. Айылда чоңоюп, чоң ата-чоң эненин тарбиясын алганым үчүнбү, мүнөзүм токтоо. Хейтерлер деле мени көп “туздай” элек.
– Оош-кыйыш учурларда кимге же эмнеге таянасыз?
– Эң биринчиден, Кудайга таянам. Жараткандын колдоосун дайыма сезип келем. Андан кийин жолдошумдун ийинине, ата-энеме, бир туугандарыма таянам.
– Балдарыңыз кандай чоңоюп жатышат? Алардын мүнөзү, кызыгуулары тууралуу ой бөлүшсөңүз...
– Жогоруда айткандай, аялдын эң чоң бакыты – эне болуу. Бул кайталангыс, бийик бакыт. Балдарым чоңоюп калышты, мектепте жакшы окушат. Чыгармачылыкка бир аз түрткүлөп көрдүм. Чоңойгондо кайсы кесипти тандашат айта албайм, кайсы кесипти тандашса да каршы болбойм. Бирок кыргыз болгондон кийин жок дегенде комуз черткенди билиши керек дейм. Кадимки мектеп менен бирге музыкалык мектепте да окушат, чоң балам 4-класска көчтү, экинчиси 3-класста окуйт. Экөө тең абдан таланттуу, үндөрү жакшы, комузду жакшы чертишет. Алар менен сыймыктанам. Былтыр Америкага олимпиадага алпарып келдим. Бир балам коло медаль алды, бири катышуучу болуп келди. Сынактарга катышып турушат. Ал эми кенжебиз али кичине, шыгы байкала элек.
– Аялдык бакыт сиз үчүн?
– Аялдык бакыт – мен үчүн энелик. Эне болуу бактысы ар бир аялга буюрсун дегим келет. Аялдык бакытты Кудай үй-бүлөгө, балдарыңдын күлкүсүнө, жолдошуңдун ыраазычылыгына катып койгон окшойт деп ойлойм.
– Эмнеден ырахат аласыз?
– Көп нерседен ырахат алам. Табият коюну эргитип, ырахат тартуулайт. Эл алдына чыгып жандуу үн менен ырдап, төгүлүп алгандан да ырахат алам. Жакындарым менен сапаттуу убакыт өткөрсөм, энергия кошулуп калгансыйт. Жана элдин колдоосунан, жакшы сөзүнөн, талантым бааланган учурдан ырахат алам.
– Жубайлар ортосундагы ынтымактуу мамиле үчүн баарынан эмне маанилүү экен?
– Ишенич жана сый. Бири-бирибизди абдан сыйлап турабыз. Баш кошконубузга 13 жыл болду, казан-аягыбыз катуу деле кагышкан жок. Сый-урматты ордуна коюп алдык деп билем. Бири-бирибизди колдоп, эриш-аркак болуп келе жатабыз.
– Чын эле абдан оор басырыктуу экенсиз. Ошентсе деле кээде эмоцияга баш ийген учурлар болобу?
– Оор басырыктуу элемин. Жоопкерчиликтүүмүн, достукка бекеммин. Негедир карыз болгонду абдан жаман көрөм. Өзүмдөгү эң баалаган сапатым – жоопкерчиликтүүлүк жана адамгерчилик. Шоу-бизнес чөйрөсүндөгү сыноолорду кайсы сапатым менен жеңдим? Жөнөкөйлүгүм жана адамгерчилигим менен жеңдим деп ойлойм. Улуу-кичүү баары сыйлап турганын байкайм. Кайсы сапатым менен утулдум? Ишенчээктигимден жабыр тарттым. Кээде ашыкча боорукер болуп кетмейим бар. “Боор ооруса боорго тепкендер” да болду.
– Маегиңиз үчүн рахмат, сахнанын көркү болуп жүрө бериңиз!
Нуржамал Жийдебаева