Бир бүркүм. Монголия президенти келет...    

Аксыда быйыл Кара-Жыгач – Сары-Челек жолунун 6 чакырымына асфальт төшөлө турганы айтылды.

 20-июлда Кыргызстанга Монголиянын президенти мамлекеттик сапар менен келет.

 Байышбек Астанакулов Талас районунун акими болуп дайындалды.

 Бишкек-Ош жолундагы автоунаалар дрондор аркылуу көзөмөлдөнүп жатат.

 Араван районундагы консерва заводу мамлекетке өткөрүлгөнү айтылды.

 Мирлан Камчыбеков Ак-Талаа районунун акими болуп дайындалды.

 Кыргыз-Орусия “Славян” университетине мыйзамсыз кабыл алынган 17 студент окуудан айдалды.

 Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп шектелип кармалды. 

 ИИМ милиция кызматкерлеринин атынан жасалма интеллект жасаган видео тарап жатканын билдирип, жарандарды сак болууга чакырды.

 Нургазы Курманбеков Бишкектин вице-мэри болуп дайындалды. 

 Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов 77 жашында каза тапты.

 Балыкчы шаарына мэр болуп Баатырбек Жантаев дайындалды.

 Аксыда күнүнө 3 тоннага чейин асфальт чыгарууга жөндөмдүү завод курулууда.

 Жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулунун камактагы мөөнөтү узартылды. 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1179, 18-24-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан