Мамлекеттик салык кызматы Каржы министрлигинин курамынан чыгарылды, эми түздөн-түз министрлер кабинетине баш ийет. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 15-июлда кол койгону кабарланды.
Мындан тышкары эми Салык кызматына алкоголдук ичимдиктер менен зер буюмдардын өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө милдеттери берилди. Өкмөт бул кадам салык системин реформалоо, санариптештирүү иштерин тездетүү жана көмүскө экономиканы азайтуу максатын көздөөрүн билдирди. “Тармактардагы милдеттерди бириктирүү – башкарууну жөнөкөйлөтүп, кайталанган функцияларды кыскартат”,- деп айтылат расмий билдирүүдө.
Мындан ары Салык кызматы спирт ичимдиктери менен зергерчилик продукциясынын мыйзамсыз өндүрүшүнө жана аткезчилигине каршы күрөштө негизги ролду ойнойт. Белгилей кетсек, буга чейин бул көзөмөл аталган министрликтин башка бөлүмдөрүнө тиешелүү болчу.
Президенттин жарлыгы менен Мамлекеттик бажы кызматы да аталган министрликтин курамынан чыгарылып, министрлер кабинетине өттү.