Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети “Памир-Строй” курулуш компаниясынын жооптуу кызматкерлерине карата тергөө иштерин жүргүзүүдө. Алар президенттин жакын туугандарына таянып,
500 миң долларды мыйзамсыз жол менен алган деп шектелүүдө.
Тергөөнүн маалыматына ылайык, Кыргызстандын жараны, курулуш компаниясынын ээси 2023-жылы көп кабаттуу үйдү биргелешип куруу боюнча жер тилке ээси менен келишим түзгөн. Бирок 2024-жылы мамлекеттик органдар аталган жер тилкесине байланыштуу доо арыз менен сотко кайрылышкан. Натыйжада тиешелүү турак жай аянтынын 10 пайызы мамлекетке өткөрүлгөн.
Ушул кырдаалды өз кызыкчылыгына пайдаланууга аракет кылган компания ээси жер тилке ээсинен жер маселесин чечип берүү убадасы менен президенттин туугандарына берүүчүдөй түр көрсөтүп, 500 миң доллар алган. Бирок акча дайынсыз болуп, маселе чечилген эмес.
11-июлда жүргүзүлгөн ыкчам иликтөөлөрдүн натыйжасында курулуш компаниясынын ээси кармалып, №21 тергөө абагына киргизилди.
УКМК бул ишке тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо иштерин жүргүзүп жатат. Окуянын башка жагдайлары иликтөө учурунда белгилүү болот.