Куштардын махабаты (Сүйүүсү үчүн бардык курмандыкка барган аял тууралуу сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

 Апасы  Айжанар ооруканадан кызы келет деп ойлоп алган эле. Жеңиш жалгыз кирип келсе шалдайып туруп калды.

– Кана кызың?

– Кетти.

– Ай ботом,  колунан кармап үйгө эле алып келбейт белең, арыктап да кетиптир. “Бир аз эс алсын” деп кайын энесине да айттым эле.

– Болбой койду, байбиче. “Айдардын жанына барам” деп кайын атасынын машинесине отуруп кетип калды.

– Сен да анан  коё берип койдуң, катуураак эле айтсаң болмок, “үйгө бар, үч-төрт күн апаңдын жанында бол” деп. Айкөлгө келгенде эле такыр катуу боло албайсың. Турмушка чыкканда да “кызым өзү билет” деп туруп алгансың. Бир аз коё турсун, жаш дегем, укпай койгонсуңар. Жок дегенде үйлөнбөй коё турушса, балким, кызым мындай абалда калбайт беле?

– Тагдыр деген улуу нерсе бар, байбиче. Болор иш болду,  ким билди мындай болорун.

–  Эк, койчу деги, дайым эле айта турганың ушу.

– Сен эмне айтпайсың анда, энесине кыз жакын болот, сырын тартып өзүң сүйлөшүп көрбөйт белең? Качан болсо эле мен күнөөлүү болуп чыга келем...- деп тарс жарылды Жеңиш. Ансыз деле ачуусу мурдунун учунда турганда, аялы күнөөлөй бергенине жарылып кетти. Көз жашын шыпырып, мурдун алып ыргытып, бышактап аял жанында отурду. Бир топко үн катпай отурушту.

– Койчу эми, байбиче, ыйлабачы,- деди ичи түтпөй Жеңиш.

– Кантип ыйлабайм, ия? Кантип? Өмүр бою эми Айдарды карап калабы?  Врачтар “басып кетишине үмүт жок” деп айтыптыр, бүт айыл айтып жатат. Өмүрү ушунтип өтүп кетеби? Тиги жакта карьерасы калды. Эми чыгып келе жатканда, жылдызы жанып келе жатканда үч бүктөлүп жерде калган жалбырактай болуп калып калды. Жалгыз кыз деп көзүн карап жүрүп, такыр эле бизди укпай калды.

– Кудайдын башка салганы ушу болсо эмне кылабыз? Чыдаш керек,  сабыр кылыш керек, кантип эле кызыма бир жарык нур тийбей калсын. Мен деле ойлонуп жатам, бирок анын тандоосуна каршы чыга албайбыз да. Азыр жаш, курч, бара-бара ойлонот. Үмүт кылалы. Андан көрө ден соолугу жакшы болсо болду.

– Кайын энеси да кызыбызга зиркилдеп эле турат деп айтып келишти көргөндөр. Тим эле Айкөл барып анын уулун сабаткандай сезет ал да. Кырсык да.

– Эми эмне кыл дейсиң, дагы бир аз көрөлү. Болбосо өзүм алып келем. Болгону сен ыйлабачы, баары жакшы болот.

– Макул, сенин жүрөгүң оорубасын деп такыр ыйлабай жүргөм,  Жеңиш. Бирок чыдабай кетпедимби, мени кечир. Кармана албай калдым.

Бирин-бири сооротуп, бирин-бири эш кылып, сабыр кылып токтошту ата-эне. Жалгыз кызынын бактысын тилеп зыркырап жатышты.

 

ххх

Айдар жаны кейип жатты. Акыркы күндөрү ушунчалык жаны кыйналчу болду,  түнү менен онтоп чыгат. Башында Айкөлдү аяп уктасын дечү, азыр антип ойлогонго да чамасы келбей калды. Тек гана жаны менен алышып калды. Көз алдында шамдай болуп өчүп бара жаткан жаш колуктунун кыйналганын да байкабады. Адам бар нерсеге бат көнөт, Айдар да Айкөл дайыма жанында экенине аябай көнүп алды. Андан башкача болушу мүмкүн эмес дегендей сезилчү болду. Мурун аны аячу эле,  жанын кыйнаган оору менен алышып жатып кырс, өзүмчүл, таш боор адамга айланып бара жатты. Бир кезде мээримге толгон үн эми кыска жана ачуулуу чыкчу болду.

– Айкөл!

– Ии?

– Мени оодарып койчу, бир жагым менен төрт саат жаттым, байкап койсоң боло...

– Дарыларымды бир жерге жазып койчу, бергенде адашып калып жатасың!

– Канчада тамак ичиш керек экенимди унутуп калып жатасың!

Ушундай кыска жана өкүм айтылган сөздөр Айкөлдүн жанын сыздатчу. Бирок Айкөл андагы өзгөрүлгөн мүнөзүн ооруга жоруду. Ушунчалык таза эле дили, башкача ойлоно алчу эмес. Дайыма жан кейиткен оорусун басаңдатканга аракет кылчу. Жанында отуруп, маңдайында бир аз болсо да жаны сеп алып уктап кетсе ошого сүйүнчү. Бирок алсырап бара жатты. Ооруган күйөөсүнүн түйшүгү, үйдөгү тиричилик, кайын эненин катаалдыгы күндөн күнгө анын ден соолугун алып жатты.

Убакыт учкан куш, тез эле  жарым жыл өттү. Бир күнү майыптардын арабасына Айдарды отургузуп алып эшикке алып чыкты. Сапсары жалбырактар бут алдында тепселип, табияттын ажары чыгып турган кез эле. Айкөлдүн жүрөгү түрсүлдөп, табиятка таасирлене кетти.

– Айдар? Эсиңдеби, баягыда биз...

– Жок, эч нерсе эсимде эмес менин. Эстегим да келбейт!

Айдар адатынча  чырт этти. Анткени бардык эскерүүлөр анын ден соолугунун кадырын эстетчү. Эки буту басып, чуркап турган учурун эстегиси келчү эмес. Качандыр бир кезде Айкөлүн көтөрүп алып, тээтиги адырга чуркап чыгып кетчү күндөрүн эстөөнүн өзү оор эле. Эстебегени жакшы, болгон реалдуулук ушул. Демек, ушул абалын кабыл алуу керек.

– Айдар, мен атамдардыкына барып келсем дегем.

– Эмнеге барасың?- деди күйөөсү андан серт үн менен.

– Атам ооруп жатыптыр.

– Мен оорубай элеминби? Менин түнкү дарымды ким берет?

Айкөл унчукпай калды. “Чын эле”деди ичинен. “Түндө тынчы жок уктайт, балким, кулап калат керебетинен, эч ким көрбөй калышы да мүмкүн, дагы бир аз чыдайын” деп койду оюнда.

Айдарды коркуткан башка нерсе болчу. Эң башында өз абалын кабыл алганда, Айкөлдү кетип кал дегенде дал ушундан корккон. Аны коё бере албай каламбы деген. Эми коё бериш үчүн кеч болуп калды, Айкөлгө көнүп алды. Аялы анын баспаган буту, кыймылдабаган колуна айланып кетти. Атасыныкына кетсе, экинчи келбей коёт деген коркунуч каптачу болду. Ал эми коркууну кырстык, өжөрлүк, катуулук менен чыгарчу болду. Анын мурунку мээримдүү, кең пейил сүйүүсү ушундай бир өзүмчүл, таш боор сезимге айланды.

– Мейли, мен кетпейм. Телефон менен сүйлөшүп атамдын абалын билейин, ал мени түшүнөт,- деди жарк эткен Айкөл.

– Үйгө кайталыбы?

– Жок, бир аз туруп туралы. Же эмне, мени сүйрөп жүргөнүңө элден уялып жатасыңбы?

– Айдар!

– Уялсаң кетели,- деди Айдар уятын оройлугу менен жаап.

Ушунун баарын алыстан карап турган кара машинедеги адамды Айкөл байкаган жок. Ал Акбар болчу. Канча убакыт өтсө да ал буларды унутпады. Алыстан карачу. Эч жардам бере албай же басып кете албай, эзилгени эзилген. Канча жолу келди, бирок бир да жолу жолуга албады. Алыстан караганына ыраазы болуп, кайра кайтат. Сахнада көпөлөктөй учуп, көзү жанган бул керемет жандын  жоолукту баса салынып, азыңкы жүзү менен муңайым жылмайган келинге айланып кеткенине эч көңүлү ыраазы боло албай тегеренип кетет.  Айкөл күйөөсүнүн жакасын кымтылай берди.

– Үшүдүңбү? Кетелиби?

– Макул. Айкөл, чоң жолдо турган кара машинаны байкаган жоксуңбу?

– Жок.

– Өткөн жолу да ушул машинаны көргөндөй болдум беле? Эстей албай жатам.

– Жөн эле турган машина болсо керек.

Айкөл бейкапар унчукту. Майыптар арабасында күйөөсүн сүйрөп бара жаткан Айкөлдү көрүп жаны кыйнала онтоп жиберди Акбар. Аялдын сүйүүсүнө таң калды. Өзү да билбеген, байкабаган бул улуу күчкө тан берип жатты. Ушул майып жигит үчүн баарынан кечип кеткен аялдын жүрөгүнө баа берди. Жаштыгына, талантына, сулуулугуна, сырткы дүйнөсүнө суктануу, сүйүү башка, адамдын адамдык сапатын, күчүн сүйүү башка эле. Ал бул керемет жандын эки тарабын тең жан оту менен берилип сүйдү.

– Бул адамды ушундай сүйө алган жүрөк, мени да бир кезде сүйө алат,- деди ичинен.

 

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1179, 18-24-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан