Сентинель – дүйнөдөгү эң жапайы уруу

Сентинель уруусу Бенгаль кысыгындагы Андаман архипелагында жайгашкан Түндүк Сентинель аралында жашашат. Бул уруу тууралуу дээрлик так илимий маалыматтар жок. Анткени жергиликтүү адамдар аймагына кадам таштаган бейтааныш адамдардын бирин калтырбай өлтүргөнгө шашышат. Андыктан азырынча изилдөөгө мүмкүнчүлүк боло элек. Ошентсе да бул жапайы уруу тууралуу аздыр-көптүр такталбаган маалыматтар бар.

Башында аралда болжолдуу 500гө жакын адам жашаган, алардын 180дейи аңчылыкка, урууну душмандардан коргоого жараган эркектер. 2001-жылы жашоочулардын санын алыстан эсептегенге аракет кылып, 21 эркек жана 18 аялды санашкан. 2004-жылы Индия океанында болгон цунамиден кийин аралдагылар аман калдыбы деп тик учак менен барышканда, тик учакты бактардын башына чыккан адамдар жаа менен аткылап жолотпой коюшкан. 2011-жылдагы эсеп менен 15 гана сентинелдикти санашкан.

Сентинелдиктер тууралуу алгачкы маалымат 18-кылымда деңиз саякатчылары тарабынан айтылган. Жээкке келген кемени жаа менен аткылап, колдоруна түрдүү курал алган кара терилүү аборигендер аларды кууп жакындатпай коюшкан. 2018-жылы америкалык Жон Аллен Чау жапайы уруу менен байланышка чыгуу максатында топ, балык алып жакындаганга аракет кылган: “Менин атым Жон, мен силерди жакшы көрөм, оюнчук, тамак алып келдим деп түшүндүргөнгө аракет кылдым. Болжолдуу 10 жаштагы бала биринчи жаа менен атты. Анын артынан толтура жебе учту мени көздөй. Колумдагы библия китебине бир нече жебе тийгенде артка качтым”,- деген Аллен Чау. Жылдын аягында ал кайрадан аборигендерге жөнөгөн. “Жаа менен атышса да токтобой Жон жээкке чыкты, жарадар болгон анын моюнуна жип илип жээк бойлой сүйрөп кетишти. Бир маалда бир нерседен чочуп, денени таштап кетишкен. Эртеси кайра сүйрөп кетишти. Биз коркуп жакындай алган жокпуз” дешкен балыкчылар.

Азыркыга чейин айыл чарба, мал чарбачылыгын өздөштүрүшкөн эмес. Тик учактан түшүрүлгөн мал-жандык, өсүмдүктөрдү өстүрүү, көбөйтүүнү билбей эле жеп коюшат. Аңчылык, балык уулоо менен жан багышат таш доорундагыдай. Бири-бири менен кайсы тилде сүйлөшөрү да белгисиз.  

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1179, 18-24-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан