Кыям – кыш, жаз мезгилинде жайдын даамын чакырган десерттердин бири. Дасторкон үстүндө кызылы кызыл, сарысы сары болгон, эзилбеген кыямды көрүп кожойкенин иш билгилигине суктанса болот. Ошондой кыямдарды кайнаткан кожойкелерден суралган кеңеш менен кошо кыям түрлөрүн сунуштайбыз.
Кыям кайнатууда эске алуучу эрежелер!
• Жемишти туура тандаңыз. Кандай жемиш болбосун баары бирдей тегиз бышканын тандаңыз. Бири эзилип, бири чала бышып калган мөмө кыямдын кебетесин бузат.
• Таттуу жемиштерге 1 килограммга 800 грамм кумшекер кошуу жетиштүү. Ал эми кычкыл жемиштерге, мисалы, алчага, чычырканак ашына 1-1,3 килограмм кошсоңуз болот. Малина, черникага 1ге 1 кошуу кажет. Анткени булар бат бузулуп кетүүчү мөмөлөр. Кыям жасоодо кумшекерди аз кошсо ачып, көп кошуп жиберсе коюуланып катып кетет.
• Мөмөлөр формасын сактап калсын десеңиз, этап менен кайнатып бышыруу кажет. Бир эле отко коюп, 15 мүнөт кайнатып бышырып алууда тунук, эзилбеген кыям чыкпайт.
• Аралаштырууда темир кашык, кепкирди колдонуунун ордуна желим же жыгач кепкирди колдонуңуз.
• Кайнатуу үчүн сыр, нержавейка, жез мискей, чараларды колдонуу кажет. Алюминий идиш мөмөлөрдүн кычкылынан карарып, кыямга кошо чыгат. Мындан кыямдын өңү да, даамы да өзгөрүп кетет. Идишиңиз да карарып калат.
• Кайнатуучу идиш жайпак болсо тегиз бышат. Кууш идиштен баш тартыңыз.
• Отко сөзсүз маани берүү керек. Кайнаган соң ошол замат отту жайлатып кайнатуу кажет.
Алча кыямы
Керектелүүчү азыктар:
Алча – 3 килограмм
Кумшекер – 3 килограмм
Кайнатылган муздак суу – 150 грамм
Даярдоо ыкмасы:
1. Алчаны жууган соң кумшекерди аралатып жогорудагыдай салып, үстүнө кайнатылган муздак суу куюп жиберебиз. Бул алчанын ширесинин чыгышына жардам берет.
2. Ширеси бөлүнүп чыкканда бөлүп алып, орточо отко коюп кайнатабыз. Кайнагандан кийин 1-2 мүнөт күтүп, алчага жаба куябыз. Муздаганда кайра сиробун өзүнчө куюп кайнатып, алчанын үстүнө куябыз.
3. Баары муздаган соң чогуу 5-7 мүнөт кайнатабыз. Муздаган соң банкаларга куюп сактай бериңиз.
Малина кыямы
Керектелүүчү азыктар:
Малина – 1 килограмм
Кумшекер – 1 килограмм
Суу – 700 миллилитр
Даярдоо ыкмасы:
1. Малинаны кайнатылбаган түрүндө сактоо үчүн мөмөсүн эт туурагычтан же блендерден өткөрүп эзип алабыз да, ага ошол эле өлчөмдөгү кумшекерди кошуп аралаштырабыз. 2-3 саат муздак жерде тыныктырып коюп, дагы аралаштырып, идиштерге куюп такай муздаткычта сактайбыз.
2. Эгер кайнатып алам десеңиз, бул түрүн да сунуштайбыз. Ал үчүн 700 миллилитр сууга 1 килограмм кумшекерди кошуп, отко коюп сироп даярдайбыз. Сироп 10-15 мүнөт кайнаган соң үстүнө бүкүлү малинаны салып жыгач же желим кепкир менен аралаштырып, муздаганча күтөбүз.
3. Эми баарын орточо отто 10-15 мүнөт кайнатабыз. Көбүгүн тазалап алып салыңыз. Муздаган соң банкаларга куюп капкагын бекем жабабыз.
Кулпунай кыямы
Керектелүүчү азыктар:
Кулпунай – 1 килограмм
Кумшекер – 800 грамм
Даярдоо ыкмасы:
1. Кулпунайды жууган соң гана башындагы мөмө кармаган жалбырагын алып тазалайбыз. Ага чейин тазалап, анан жуусаңыз мөмөнүн ичине суу кирип, кыям ойдогудай чыкпай калышы мүмкүн.
2. Жуулуп-тазаланган кулпунайды кайнатуучу идишке бир аз салып, үстүнө кумшекер себелеп, кийинкилерин да ушундай катмар менен себелейбиз. Ширеси чыкканча коё турабыз. Кумшекер толук эрип кетпейт. Эришин күтсөңүз ысык аба ырайында мөмө ачып баштайт. Ошондуктан мискейди же чараны кыйшайтканда бөлүнүп чыккан ширени болушунча мискейге өзүнчө куюп алабыз.
3. Ширесин орточо отко коюп кайноого жеткизебиз да, 1 мүнөттөн соң кулпунайга жаба куябыз. Бул муздаганда кайра ширесин бөлүп алып кайнатабыз да, мөмөгө дагы жаба куябыз.
4. Үчүнчү жолкусунда мөмө менен чогуу орточо отко коюп кайноого жеткизебиз да, 3-4 мүнөт кайнатып чыгарабыз. Мындан ашыкча кайнатсаңыз кулпунай эзиле баштайт. Көбүгү көп деле чыкпайт, аны алуунун кажети жок, өзү муздап жатканда тарап кетет. Муздаган соң банкаларга куюп, капкагын бекем жаап коёбуз.
Кошумча! Ушундай эле жол менен, ушундай эле өлчөмдөгү азыктар менен өрүк кыямын кайнатсаңыз мөмөсү эзилбей, сиробу тунук чыгат.
Асел Ишенбай кызы