Бул маек кадимки эле медайымдык жумуш эмес, өмүр менен өлүмдүн ортосундагы тынбаган күрөш тууралуу. Айгерим Токтосунова — Бишкектеги диализ борборлорунун биринде иштеген медайым. Ал күн сайын эртең менен же кечинде жумушка келип, аппаратка байланган бейтаптарды тосуп алат. Алардын ар бири төрт сааттай өмүрүн аппаратка ишенип тапшырат. Маекте Айгерим айым кесибинин күңгөй-тескейи, бейтаптардын тагдыры, кайгы менен үмүттүн жанаша турушу тууралуу айтып берди.
– Айгерим, саламатсызбы? Айтсаңыз, сиздин бир жумуш күнүңүз кантип өтөт? Мисалы, кантип башталып, кантип аяктайт?
– Жумушка келип эле гемодиализ аппараттарын текшерип, бейтаптарды кабыл алууга даярданабыз. Биринчи нөөмөттө бейтаптар саат алты жарым, жетиден баштап келе башташат. Ар бири аппараттарда төрт сааттай жатышат. Биздин негизги ишибиз – бейтап аппаратта жатканда анын негизги жашоо көрсөткүчтөрүн көзөмөлдөп туруу, кан басымы, пульс дегендей. Эгер көрсөткүчтөрү көтөрүлүп же түшүп кете турган болсо, доктурлар менен биргеликте биринчи жардамды көргөзөбүз. Ошентип жумуш аппараттарды текшерүү менен башталып, бейтаптарды экинчи нөөмөткө өткөрүп берүү менен аяктайт.
– Гемодиализ деген эмне? Окурмандарга жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берсеңиз?
– Гемодиализ бул – организмдеги канды тазалоо. Мындайча айтканда, бөйрөктүн иштеши начарлап, ал өзүнүн негизги функциясы – кандагы шлак, токсиндерди тазалай албай калганда аппарат менен тазалаш керек болуп калат.
– Медайымдык кесипти тандооңузга эмне себеп болгон?
– Бул кесипти тандашыма ковид пандемиясы жана атам менен эжем түрткү болгон десем болот. Бирок биздин үй-бүлөдө мен биринчи медайым эмесмин, таенем, апам дагы ушул кесиптин ээлери. Бирок кичинемде алардын жумушун көрүп туруп, бул кесипти анча жактырчу эмесмин. Анткени ооруган адамдар таенеме да, апама да күнү-түнү келип укол, капельница сайдырып, кан басымын текшертип, айтор, тынчтык беришпейт эле. Эс алууга чыгышса деле келе беришчү.
– Диализ борборунда медайым болуу эмнеси менен башка бөлүмдөрдөн айырмаланат?
– Бизге келген бейтаптардын абалын “полуреанимационный” деп коюшат, андыктан бул жакта иштөө психикалык жактан бир аз оорураак. Анткени бул жакта бейтаптын абалы начарлап же каза болуп калган учурлар көбүрөөк кездешет. Анын үстүнө көп бейтаптардын жашоого болгон кызыгуусу аябай аз десем дагы болот, көбү өздөрүн “биз жашап жаткан өлүкпүз” деп калышат. Ойлоп көрсөңүз, ушул сөздүн өзү деле кандай оор. Бир чети аларды дагы түшүнсө болот, жашоосу дайыма аппаратка байланган, ээн-эркин эч жакка чыга алышпайт. Бир жакка бара турган болсо, ал жактан гемодиализ борборун таап, кезекке туруш керек. Мага эң эле оор болгону – башка бөлүмдөрдө бейтаптарды айыктыруу үчүн дарылашса, бизде андай мүмкүнчүлүк жок. Биздин бейтаптар, тилекке каршы, өмүрү өткөнчө ушул жерге байланып калышат.
– Сиз карап жаткан бейтаптын абалы кескин начарлап же каза болуп калган учурлар болду беле?
– Болгон. Ошол учурда колуңдан келген жардамды кылганга аракет кыласың, бирок мындай караганда, биздин колубуздан көп деле нерсе келбейт. Эң негизгиси – биз бейтаптын абалы боюнча тезинен доктурларга кабар берип, алардын ишине керектүү нерселердин баарын убагында камсыздап, айткандарын так аткаруубуз керек. Бирок бейтаптын көзү өтүп кеткен учурлар моралдык жактан абдан оор, өзгөчө жаңы иштеп баштаганда кыйналып, эки-үч күн дегенде араң өзүмө келчүмүн. Кээде ушул кесипти тандаганыма өкүнүп кетчүмүн.
– Бейтаптар менен оорулуу эмес, инсан катары сырдашкан учурлар болобу? Алар көбүнчө эмнелер тууралуу айтышат?
– Бейтаптар бизге тууганыбыздай эле болуп калышат. Алар менен көрүшкөндөй туугандар менен дагы көрүшпөйбүз го. Анткени алар бизге күн алыс келишет, сүйлөшүп, сырдашып отуруп төрт сааттын кантип өткөнүн байкабай деле каласың. Көпчүлүгү үй-бүлөсүн, бала-чакасын, өзүнүн басып өткөн жолун айтып берет. Эң өкүндүргөнү – бейтаптардын арасында жаштардын көптүгү. Аларды көргөндө биз эле эмес, бул жакта дарыланып жаткан чоң ата-чоң энелер “биз го жашачубузду жашадык, көрчүбүздү көрдүк, эми булар кантет?” деп кейип калышат.
– Сиздин эсиңизде калган бейтап?
– Эми жумуш учурунда ар кандай нерселер болот. Бирок биздеги бейтаптар абдан “капризный”, кичинекей баладай эле болушат. Этияттап мамиле кылыш керек. Анан көбүнчө эсимде эмнегедир болор-болбос нерсеге урушуп, кыйкырып жаман сөздөрү айткандары менен калып кетишет. Анан эми жакшы көз ирмемдер деле болот, бирок андай учурлар бул жакта абдан чанда кездешет.
– Жасаган ишиңизден ырахат аласызбы? Кандай учурда ырахат тартуулайт, мисалы?
– Ооба, кесибимди сүйөм, ырахат алам. Адамдарга пайдам тийип жатканын билүүнүн, көрүүнүн өзү эле ырахат. Анан кээде бейтаптар ыраазычылыгын билдирип, жакшы сөздөрүн айтып, батасын берген учурларда кадимкидей кубанып калам.
– Айлыгыңыз жакшы элеби? Сыр болбосо айына канча аласыз?
– Азыр сизге “мынча алам” деп так айта албайм. Мамлекеттик ооруканаларда иштеген кесиптештеримдикине караганда бир аз жогору, бирок баары бир жетишсиз. Анткени сиздер деле билсеңиздер керек, азыр бардык нерсе кымбат, батир акысы, тамак-аш, жол кире дегендей. Тапканым ушул нерселерге эле эптеп жетет.
– Диализ аппараттары жетиштүү элеби? Бир күндө канча бейтап процедурадан өтөт?
– Аппараттар, буюрса, жетиштүү эле. Бир күндө 50-60тын тегерегинде бейтап кабыл алабыз.
– Адис катары жарандарга кандай кеңеш айтат элеңиз?
– Ооруп жатып калгыча жүрө бербей, ден соолукка убагында көңүл бургула дейт элем. Бизде көпчүлүк жөпжөнөкөй нерселерди дагы кылышпайт. Мисалы, күнүнө адам 2,-2,5 литр суу ичиш керек болсо, ошону дагы ичишпейт. Эми суу бизде жетиштүү эле го. Анан тамактанууга дагы жакшы көңүл бурушпайт, болбосо бул дагы абдан маанилүү нерсе. Көпчүлүк көңүл бурбай “ии, өзү өтүп кетет” деп жүрө берген сасык тумоо дагы бөйрөктүн иштешине абдан чоң таасир берет. Элибизде жакшы сөз бар “ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат” деген, андыктан ден соолукка кам көрүүнү кечиктирбеңиздер дейт элем.
– Ишиңизге ийгилик каалайбыз!
Асел Нурбекова