Жакында блогер Канат Шабданбеков өзгөчө кийими менен көпчүлүктүн көңүл борборунда болду. Териден жасалган кийим кийип, жаш улакты кийинтип алып көчөгө жетелеп чыкты. Анын бул образына президент Садыр Жапаров да таңдана карап, жылмайганын интернет желесине тараган видеолордон көрдүк. Маекти ушул окуянын чоо-жайын суроо менен баштадык.
– Канат мырза, көпчүлүктүн көңүлүн бурган образыңыз чын эле өзгөчө, автору ким?
– Ал образды бир гана дизайнер ойлоп тапкан жок. Жалпы команда даярдап чыктык, биздин идеябызды улап кийимди Макс деген дизайнер жигит тигип берди. Башында кийимге сөөк чаптап тигели деп ойлогонбуз. Бирок ал башка маанини берип, шаманизмдин элементтери болуп калбасын деп сөөк эмес, чүкө жабыштырып чыктык. Шариятта кийимге чүкө чаптаса болот экен. Айта кетчү нерсе, мен стилди бирөөдөн уурдап албайм. Изденип, эч кимде жок нерсени команда менен чогуу даярдап, анан алып чыгабыз.
– Кийимге канча каражат кетти?
– 25-30 койдун териси кетти окшойт. Баасы сыр эле болсун.
– Улак, койдун териси, чүкөлөр эмнени символдоштурат?
– Байыркы кыргыздын кийимин заманбап абалга алып келдик. Жаңылануу деген ойду берели дедик. Шым күрөң түстө, багалегинде камчы бар, көз айнекке сөөк чаптап... Улакты да кадимкидей кийинттик, байпактары бар болчу, көрсөңүз. Улактын да өз стили бар, биз ойлогондой жаш улак таппай калдык деп ойлоп жатканбыз. Анткени эчкилер жазда төлдөйт да. Аңгыча бир катталуучум жазып калды “сиз издеп жаткандай улак менде бар” деп. Карасак, так эле биз издеп жаткандай татынакай улак экен.
– Бул образ менен коомго эмнени айткыңыз келди?
– Эч нерсе айткыбыз келген жок, жөн эле чыгармачылык, өзгөчөлүк. Эмнеге кыргыздар чет өлкөнүн блогерлерин гана карап жүрө бериш керек? Бизди да башкалар карап, таң калышсын. Дүйнө жүзүндө эмнелер гана жок, азыр кадимки образың менен эч кимди таң калтыра албайсың. Бир нерсени айтып коюш керек, жашоодо кимдин социалдык баракчасы иштеп жатса, кароолор, катталуучулар көп болуп жатса, ошонун иши жүрүшүп жатат деген сөз. Заман ошондой болуп калды, замандын агымы менен агуу керек. Элди таң калтырыш үчүн, контент үчүн жараттык бул образды.
– Ал күнү президенттин көзүнө көрүнүү үчүн атайы даярданган окшойсуз?
– Башында президентке жолугайын деген ой жок эле. Бирок ушул стилим менен тартылган видео популярдуу болуп кетсе экен деп ниет кылгам. Айтматов проспектинин Түштүк магистралдан өйдө жагындагы оңдолгон бөлүгүнүн ачылышы болмок экен, мен да ошол көчөдөн бассам деп жаткам. Анан көктөн издегеним жерден табылып, ошол күнү “президент келет” деп калышты. Ажобуздун келишин үч саат күттүм. Териден жасалган кийим оор да, шамал болуп, жамгыр жаап жаткан эле, ошого карабай күттүм. Келгенден кийин президентибиздин реакциясы мен күткөндөн да сонун болгондо “вау” дедим. Бул мага дем берди.
– Сүйлөшкөнгө жетиштиңизби ал киши менен?
– “Ассалом алейкум, Садыр Нургожоевич” деп салам айттым. Президент саламга алик алып, мени таң кала карап күлдү. Абдан тез басат экен, саламдашканга эле жетиштим. Жан сакчылары курчап тез басып кетип калды.
– Контент үчүн дагы кандай кадамдарга барууга даярсыз? Жакында бир блогер кыз эл алдына жарым-жылаңач кийинип чыгып талкуу жаратты...
– Жок, Кудай сактасын, мен андайга барбайм. Ал кыздын кадамын чыгармачылык деп кабыл албайм, ал эми биздин команда чыгармачылык менен иштейбиз. Эч кандай ызы-чууну каалабайбыз. Максатыбыз – дүйнөлүк аренага чыгуу, сапаттуу контент жасоо.
– Команда деп калдыңыз, канча киши бар тобуңарда?
– Продюсерим – жети жылдан бери иштешкен Айбек Шергалиев. Андан тышкары чыгармачыл топто 15 киши бар. Командамда ийгиликтүү, креативдүү адамдар көп, бул жагынан жолдуу экенмин. Мээнет кылгандан кийин жыйынтыгы жакшы болуп берсе кубанасың. Экинчи жагы – катталуучуларымдын алдында жоопкерчиликти сезишим керек экенин билем. Абдан кылдат мамиле кылам, урушуп кете турган, элге негатив тартуулай турган эч нерсе жарыялабайм. Менин баракчамда жалаң позитив, элди сергек жашоого үндөө, жана жаңычылдык.
– Жумуш жумушу менен, ал эми жеке жашоодо эмне жаңылыктарыңыз бар?
– Жеке жашоом ойдогудай, жубайым менен бактылуу жашап жатабыз. Жакында уулдуу болуп кубандым. Аты Имран, ысымын апам койду.
– Мүнөзүңүздү өзүңүз кантип сүрөттөйт элеңиз?
– Жыл өткөн сайын токтоо, аркы-беркини кылдат таразалаган адам болуп баратам. Мүнөзүм жакшы эле болуш керек, жубайым мүнөзүм жакшы экенин айтып, уулубуз мени тартса экен деп калат. Жалпылап айтсам, чыр-чатакты сүйбөйм, эч ким менен урушпайм.
– Текеберлик деген илдет менен оорубайсызбы?
– Кудай сактасын. Эми кээде бир аз текеберлик кылып коюшум мүмкүн. Ушул нерседен корком. Бирок пендебиз да, кээде болуп кетиши мүмкүн.
– Блогерлик жумушуңуз кантип башталган?
– Ал кезде пранк Кыргызстанда жайыла элек болчу. Чет өлкөлүк блогерлерден көрүп, досум экөөбүз элди пранкка түшүрүп, ал видеолорду жарыялай баштагам. Элге жагып, блогер болуп калдым. Алты жылдан бери ушул тармакта келе жатам. Блогерликтин түбү чексиз, ошондуктан аракет кыла берсең ийгилик жылмая берет.
– Атактуу болгуңуз келген экен да...
– Ооба, пранк тартып, тамада болуп жүрүп, ушул тармак абдан жага баштады. Тамадалык мектеп мени кыйла такшалтты. Билимдүү тамадалар башка, ал эми тубаса таланттуу, элдин маанайын сезе билгендер башка. Кайсы учурда элди күлдүрүш керек, кайсы учурда токтош керек, сөзүң элге өтпөй баратканын, отургандар зеригип баратканын сезип, аны жөнгө салуу чоң мээнет. Мен ошондой болчумун, бирок азыр тамадалык кылбайм, анткени убакыт тартыш.
– А кесибиңиз боюнча кимсиз?
– Эч кандай жогорку окуу жайды бүтүргөн эмесмин. Сантехник, электрик, ашпоз болуп иштегем. Ашпозчулуктун окуусун окугам.
– Элге тааныла баштаганда окушум керек деген ой келген жокпу?
– Окубай эле изденсе, өнүксө болот деп ойлойм. Күндө кандай видео тартсам деп план түзөм, стилди, үндү, чач жасалганы тез-тезден өзгөртүп турам. Келбетиме кам көрөм, спорт менен машыгам, ачкачылык менен дарыланам, эч качан тоюп тамак жебейм, жүзүмө кам көрөм. Ичпейм, чекпейм, колдон келсе убагы менен уктаганга аракет кылам. Ушундай аракеттерди кыла берсең, тынбай изденсең, жасап жаткан жумушуң кызык болсо болду, башка эмненин кереги бар?
– Кайсы жердин кулуну болосуз, үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз...
– Атам ыраматылык Ак-Талаадан, бирок мен Казарманда төрөлүп-өстүм. Атам кичинемде каза болуп калган, апам жети баланы жалгыз чоңойтту. Апам абдан кыйын аял, акылдуу, юмору күчтүү, курч сүйлөгөн киши. Мен 7 бир туугандын кенжесимин.
Нуржамал Жийдебаева