Амантур Мусаев, актёр: «Актёрдун дарамети тасмадагы 1-2 саатта эле билинет»

Лейлектин кулуну, кино жана театрдын жүзү, тамада, айтор, көп кырдуу талант Амантур Мусаев менен көптөн бери маектеше элек экенбиз. Жан дүйнөсүн ачып, суроолорго ачык-айкын жоопторду берди.  

 

– Амантур мырза, маектешүүгө убакыт бөлгөнүңүз үчүн рахмат. Куржун толо жаңылыктар менен келдиңизби?

– Жаңылыктар десек, Арсен Умуралиев атындагы Бишкек шаардык театрында 2012-жылдан бери иштеп келе жатам. Театрда акыркы 1 жыл ичинде “Кош дегим келбейт”, “Саадак какты” спектаклдеринде роль жараттым. 5 клипке тартылдым. Учурда “Үч күн” тасмасына тартылып жатам, баш каармандардын бири Акжолдун ролундамын. Жалпы 10дон ашуун тасма, 50дөн ашык клипке тартылыптырмын. Акыркы кездерде клиптер сюжети жагынан бири-бирине окшошуп кетти, ошого азыраак, сюжети оригиналдуусун гана тандап тартылып калдым. Болбосо сунуштар көп.

– Тажрыйбалуу актёр деле кээде образды ачып бере албай калышы мүмкүнбү?

– Актёр ролу менен ар кандай адамга айланат эмеспи. Мисалы, баш кесерге, миллионерге, акылы кем адамга, спортчуга, сүйүүсү үчүн күрөшкөн жанга... Бул үчүн абдан көп эмгек кетет, бирок баары бир элге сенин кыйналганың көрүнбөй, билинбеген  бойдон калат. Эл сахнадан же экрандан каарманыңдын жашоосун даяр формада гана көрөт, ошону менен тааныйт. Сен жараткан образ элге таасир берип, унутулбай калса, анда бул сенин жеңищиң.

Кээде тартуу иштери шашылыш жүрүп же сценарий жакшы жазылбай калган учурлар болот. Шашылыш тартылганда толук даярданууга жетишпей каласың. Сценарий жакшы түзүлбөсө канча аракет кылсаң деле каарманыңды ачып бере албай калышың мүмкүн. Менде да ушундай 2-3 роль бар, калгандары өзүмө жагат.

– Актёр үчүн сериалдарга тартылуу менен тасмаларга тартылуунун айырмасы эмнеде?

– Тасмада 1-2 сааттын ичинде актёрдун чеберчилиги, дарамети, таланты канчалык экендиги билинип калат. Ал эми сериалда сюжет узун, бул нерселер акырындап билиниши мүмкүн. Менимче, айырмасы ушунда.

– Бир эпизодду кайра-кайра кайталап тарткан учурлар болот. Бул нерсе тажатабы?

– Ооба, ошон үчүн актёрлор сабырдуу, чыдамкай болушубуз керек (күлүп). “Атамдын керээзине” тартылгам. Анда жамаат арабада бара жатып, жарма ичкен эпизод бар. Ошол эпизод бир күн кечке тартылган. Кызыгы, эртеси күнү болуп жатпайбы. Көрсө, кечинде режиссёр эпизодду карап көрсө, айрым чыныларга жармалар толо куюлбай калыптыр. Ошентип, кинонун ошол жери кайра тартылган.

– Тасма талаасында сиз кабылган кызыктуу окуялардан уксак?

– “Флэшбек” тасмасында терс каармандын, баңги жигиттин ролун аткаргам. Каарманыма окшоштурушуп чачымды “наращивание” жана мелировка кылышты (үстүн сары түскө боёшту). Узун чач бетиңе түшө берсе, аргасыз башыңды артка силке берет экенсиң да. Ошондо кыздардын абалын түшүндүм. Кызыгы, ошол чач жасалгам менен үйгө барганымда болду. Кызым мени көрүп, коркуп ыйласа болобу? Ошентип 2-3 күн мага жакындабай жүрдү. Ошол чач менен кинону тартып бүткүчө бир ай жүрдүм. Ал чачты алдырганда кыска чачым менен кызыктай болуп жүрдүм, ага көнүп калыпмын да.

“Ата-эне тилеги” сериалына да тартылгам. Сериал мени “өлтүрүп” кеткен эпизоддон башталат. Башыма таш менен чаап өлтүрүшүп, анан сууга ыргытып жиберишет. Тартылып бүткөндөн кийин сериал телеканалдан көрсөтүлө баштады. Үйгө келсем, балам менен кызым кадимкидей өңгүрөп ыйлап жатышыптыр. Келинчегиме “буларга эмне болду?” десем “сериалды көрүп, атамды өлтүрүп салышты деп ыйлап жатышат” деди. Ошондон кийин келинчегиме “мен катышкан кинонун тигил же бул жерин балдарга көрсөтпө” деп эскертчү болдум. Балдарга бул менин жумушум экенин, ар кандай болуп аткарышым керектигин айтып отуруп акыры түшүнүп калышты. 

– Жубайыңыз Миргүл айымга баш кошконуңузга 8 жыл болуптур. Үй-бүлөлүк жашоо силерди кантип өзгөрттү?

– Жаңы баш кошкон убакта кыйынчылыктар болду. Эмнеге мындай болуп жатат деп көп ойлонуп, өзүмдү ичимден жей берчүмүн. Убакыт өтүп, акыл-эсти токтотуп калгандан кийин анткеним калды. Майда-чүйдөгө кейибегенге үйрөндүм. Жашоо бизди бышырды. Азыр   Миргүл экөөбүз бири-бирибизди сыйлап, урматтап, баарын көз караштан түшүнүп турабыз. 3 балалуу болдук. Улуу кызым мага абдан жакын, мен үйгө баргыча уктабай күтүп отурат. Ушул кызым 3 клипке тартылып калды. 8 айлыгында Гүлжигит Сатыбековдун “Өмүр” ырынын клибине тартылганбыз. Мен аткарган ролдогу жигиттин келинчегинин колунда кичине баласы болушу керек экен. Ошого кызымды тартканбыз.

3 жашка чыгып калганда Нуриланын “Ыйлагым келет” ырынын клибине тартылганымда кичине кыз керек болуп калды. Кызымдын сүрөтүн көрсөтсөм “жарайт” дешти. Кызым клипке түшүп жатканын деле билген жок. Мени менен ойноп “кел, келегой” десем чуркап жүрүп тартылды да калды. Машинада аны менен бара жаткан жерин тартуу кезинде кызым абдан чарчаган экен, уктап калды. Ойготсом болбойт. Анан уктап алсын деп 2 саат күткөнбүз. Миргүл азырынча балдар менен үйдө. Адистиги боюнча банк кызматкери. Кичинебиз чоңоё түшсө иштейт го, буюрса.  

– Жалаң ырчы, актрисалардын арасында жүрсөңүз кызганат болуш керек?

– Менин жумушумду түшүнөт. Ошентсе да кино, клипке тартыларда “мындай эпизод бар экен” деп айтып турам. Анткени анын көңүлү менен да эсептешишим керек. Кинодо ачыгыраак эпизод болсо тартылбайм.

– Бири-бириңерге жакпаган кандай адаттарыңар бар?

– Кийимим толтура болсо деле Миргүл мага кийим ала берет, көбүнчө “кроссовки”. Анын жинин келтирген жагым – бош убактымда түшкө чейин уктаганым болуш керек. Анткени кээде той, тартуу иштеринде түн жарымга чейин жүргөн учурлар болот.

– Эң кыйналган, эң көп акча кармаган, эң катуу кубанган күнүңүз?

– Эң көп кыйналган учурум студент кезде болду. Бир кинодогу ролумда 1 чемодан акча кармагам. Ал эми жашоодо 100 миң, 200 миң сом кармаган учур болгон, бирок миллион эмес. Эң катуу кубанганым – биринчи ирет балалуу болгон күнүм.  

– Атыңызды ким койгон?

– Атамдын Амантур Акматалиев деген чыгаан этнограф, журналист досу бар. Атам ошондой белгилүү адам болсун деп ырымдап ошонун атынан койгон экен. Ырым туура келдиби, айтор, мен да эл көзүндөгү адам болдум.

 

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1179, 18-24-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан