А витамини – көз менен теринин саламаттыгы

Көздүн чел кабыгы жана теридеги клеткалар А витаминге абдан муктаж. Демек, көрүүгө жана теринин саламаттыгына бирден-бир таасир этүүчү витамин. Организмде дагы кандай милдеттери бар, жетишсиздигинде кандай ооруларды пайда кылат, кайсы азыктардан алабыз,  ушул суроолорго жоопту макаладан аласыз.

 

Негизги функциялары

А витамини организмдеги көпчүлүк процесске катышат. Бирок алардын ичинен төрт негизги функциясы бар. Алар – теринин, көздүн саламаттыгына, иммунитеттин бекем болушуна жана репродуктивдүү жашоонун жакшырышына таасир этүү.

Териге тийгизген таасири

Жаш өтүп бырыш түшө баштаганда кремдердин түрүн издеп колдонобуз. Андай кремдердин бири ретинол. Же теридеги жаш курактык өзгөрүүлөр менен күрөшүүчү кремдердин курамында ретинол бар. Ретинол жана башка ретиноиддер тобу А витамин деп аталат. Демек, А витаминдин териге тийгизген таасири чоң, ал сырткы катмарды эле жакшыртып койбостон, ичтен да калыпка келтирет. Тери клеткаларынын жаңырышын стимулдаштырат, теринин түзүлүшүн, серпилгичтигин жакшыртып, тунартат.

"А витаминди ичүүдөн сырткары маска коюуда да колдонуп келишет. Бирок териси сезимталдар, ар кандай бетте же денедеги тери ооруларында, кош бойлууларга, бала эмизип жаткандарга колдонууга болбойт. Маска коюуда жогорудагы себептер болбосо аптасына бир жолу, айына экиден ашык эмес бир капсула кошуп койсо болот. Ал эми ретинол кремдерге беттеги көйгөйлөргө жараша өлчөмү менен кошулат, коркпой колдоно берүүгө болот. Ошондой эле аптаптуу мезгилде ретинолду көп колдонууну сунуштабайм. Анткени ретинол кычкылы ультра көк нурларга сезимтал келип, бетти кызартат”, - дейт косметолог Алина Орозбаева. 

Көзгө тийгизген таасири

А витамининин түндө көрүүнү камсыз кылуудагы физиологиялык ролу, тактап айтканда, көрүү пигменттеринин иштелип чыгышына катышары 20-кылымдын биринчи жарымында эле аныкталган. А витамини ошондой эле көздүн кургашын, жаш өткөндө көздүн тунарышын, саргарышын алдын алат. Көздүн тунук, так, чакчайтып көрүшүнө, саламаттыгына А витамини эң керектүү витаминдердин бири.

Репродуктивдүү жашоого таасири

Ретинол сөөктүн өсүшүнө да катышат. Кантип десеңиз? Ал сөөк тканын түзгөн фосфор менен кальцийдин иштелип чыгышына катышат. Ошондой эле А витамини эркек, аялдын репродуктивдүү жашоосуна жардам берет. Тактап айтканда, эркектердеги кыймылдуу сперматозоиддердин иштелип чыгышына жана аялдардын жумурткаларынын жетилишине таасирин тийгизет. Муну менен катар жыныс гормондорунун өөрчүшүнө да таасир этет.

Иммундук системге таасири

Организмге инфекциялар менен күрөшүүгө жардам берүү менен иммундук системдин демейдегидей иштешине маанилүү ролду ойнойт. Ошондуктан ар кандай сезондук жугуштуу оорулардан алдын алуу үчүн ретинолдун организмде керектүү өлчөмдө болушу маанилүү.

А витамини жетишсиз болгондогу белгилер

• Караңгыда көздүн көрүүсүнүн начарлашы, көздүн кургашы, талышы

• Ооздун, мурун көңдөйүнүн кургашы,

• Ичеги-карындын иштешинин начарлашы

• Тумоолоо же иммунитеттин начарлашы, жарааттын көптө айыгышы.

Уйкунун бузулушу, бат ачуулануу. Мындай белгилер көбүнчө кыш, жаз мезгилинде кайталанып, бул учурду авитаминоз деп атап, дарылашат.

• А витамини жетишсиз болсо, аялдарда этек кири келүүсү да бузулушу ыктымал

Эмнеге жетишсиз болот?

• Балансты кармабай бир түрдүү тамактанууда

• Ичеги же өт ооруларынын кесепетинен организмде майды сиңирүү начарлашында

• Кош бойлуу, бала эмизүү учурунда, балдардын боюнун бат өсүшүндө А витамининин көп иштелишинде 

Дарылоо жолдору

Эгер жогорудагыдай белгилерди байкасаңыз, терапевтке кайрылыңыз. Ал жалпы белгилерди жана анализдин жыйынтыгы менен диагнозду, витамин жетишсиздигинин даражасын тактайт. Андан соң дарылоого киришет. Көпчүлүк учурда дарылоо диета жана кошумча А витаминин же комплекстүү витаминдерди жазуу менен коштолот. Өз алдынча дарылануудан баш тартыңыз, анткени А витамини нормасынан жогорулап кетсе тамак сиңирүү органдарынын иштеши бузулат. Бирөөнү дарылайм деп, башка бир көйгөйлөрдү жаратып албаңыз.

Кайсы азыктарда көп?

Организм – чоң бир процесс. А витамини анын бир булагы. Ал булагы жетишсиз же жок болсо сөзсүз көйгөйлөр жаралат. Ошондуктан А витаминин камтыган азыктарды рационго кошуп турууну унутпаңыз. Алар кайсылар?

• Мал азыктарында, мисалы, боордо, балык майында, жумуртканын сарысында, сүт азыктарында.

• Ал эми өсүмдүк азыктарында: ашкабак, сабиз, шпинат, картошка, капуста, брокколи, помидор, кызыл болгар калемпирде, манго, башкача айтканда, сары, кызыл-сары, кочкул жашыл жашылча-жемиштерде А витамини көп камтылган.

Асел Ишенбай кызы

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1179, 18-24-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан