Жакында Астанада өткөн дүйнө кубогунан коло медаль тагынып кайткан кыргыз спортчусу, мушкер Нурадин Рустамбек уулу менен баарлаштык. Рингдеги чыңалуу жана машыгуунун түйшүгү, патриоттук сезим, жеке жашоо жана бокс дүйнөсүндөгү көз караштары тууралуу айтып берди.
– Нурадин мырза, саламатсызбы? Жакында Астанада өткөн дүйнө кубогунда коло медаль тагындыңыз. Куттуктайбыз! Беттештер кандай өттү?
– Рахмат. Беттештер жакшы өттү, буюрса, бардык катышуучулар мыкты даярдык менен келишкендиги таймаш учурунда көрүнүп эле турду. Албетте, жеңишти каалайсың ар бир беттеште, бирок таймаш учурундагы сезимдер таптакыр башка десем болот. Өзүңө канчалык деңгээлде ишенип турсаң дагы жыйынтык кандай болору ар дайым белгисиз. Ошондуктан таймаш алдында булчуңдарыңды гана эмес, эмоцияларыңды дагы башкара билүүң абдан маанилүү.
– Бул жеңишиңизди куттуктап Камчыбек Ташиев сизге автоунаа белек кылды. Сизге сюрприз болдубу же билет белеңиз?
– Мен билген эмесмин. Болгону беттештен кийин машыктыруучубуз “Камчыбек Кыдыршаевич менен жолугушууга барабыз” деген, бирок автоунаа жөнүндө айткан эмес. Жолугушууда автоунаа белек кылганы күтүүсүз, абдан кубанткан көрүнүш болду. Автоунаадан мурун ошондой деңгээлдеги адамдын атайын убакыт бөлүп, белек тапшырганы кубандырды. Негизи спортто ийгиликке жетүүнүн жолу абдан опурталдуу, анан узак эмеспи, айлап, жылдап тынбай машыгууң керек болот жеңиштерге жетиш үчүн. Анан ошол мээнетиң бааланса, албетте, аябай кубанат экенсиң.
– Ташиевдер менен бир айылдан болот экенсиздер, буга чейин бири-бириңерди таанычу белеңер?
– Ооба, бир айылдан болобуз. Мен кичинемден эле Камчыбек аганын “Таймурас” аттуу клубунда машыгып, ошол жактан чыккам.
– Барпыдан спортчулар көп чыгат, эмнеге деп ойлойсуз?
– (Күлүп) Бизди ушинтип колдоп-коштоп турган Ташиевдей агаларыбыз бар, ошондон болсо керек. Тамаша, албетте. Азыр негизи эле өлкөбүздө спорт тармагы абдан жакшы өнүгүп жатпайбы. Мурун бизден дүйнөлүк олимпиадага бирөө катыша турган болсо, ал окуя абдан чоң сенсация болчу да. Азыр болсо ондогон улан-кыздарыбыз катышып, байгелүү орундарды ээлеп жатышат.
– А сиз бокско качан, кантип кызыгып калгансыз?
– Биринчиден, спортко, бокско келишиме эки агам чоң түрткү болушту десем болот. Анан атамдын эң кичүү инисинин жакын досу Улан Сагынбаев агай менен таанышып, бүгүнкү күнгө чейин ошол агайдын колунда машыгып келем. Негизи машыктыруучунун орду абдан чоң, алардын кылган иши ар дайым көшөгө артында, көмүскөдө калат. Бирок кээде ошол машыктыруучунун бир эле сөзү, кичинекей эле бир кеңеши абдан көп нерсени чечип коюшу мүмкүн.
– Кайсы мушкерди кумир тутасыз, кимдин бокстогу ыкмалары жагат?
– Негизи эч кимди деле кумир тутпайм. Бирок дүйнөлүк олимпиаданын эки жолку чемпиону, украиналык Василий Ломанченконун мушташканы жагат десем болот. Жаш кезимден эле ошол кишинин таймаштарын көрүп өстүм.
– Боксто кандай жетишкендиктериңиз бар?
– Жетишкендиктер, буюрса, көп эле, баарын айта турган болсом кеп узарып кетет. Бир сыйра саресеп сала турган болсок, Азиянын эки жолку чемпиону, үч жолку байге ээсимин. Студенттер арасында Дүйнө чемпиону болдум. Негизи бул сурооңузга жооп берип жатып, жетишкендиктериме эмес, басып өткөн жолума басым жасагым келет. Өзүмдүн эле эмес, жалпы кесиптештерим үчүн айткым келген нерсе – мушкер болуу оңой эмес. Эмнеге дегенде мушкерлер ар күнү эртең менен жана кечинде машыгышат: чуркоо, “груша” менен иштөө, спарринг, кара күч машыгуулары. Булчуңдар чарчап, дене дайыма чыңалууда болот. Ар бир салмак категориясына туура келүү үчүн мушкерлер кээде 5-10 килограммга чейин кыска убакытта арыкташат. Бул организмди кыйнайт, психикалык жактан да оор.
Бокс – бул бетке, башка, денеге тийген соккулар. Мурундун сынышы, көздүн айланасынын жаракат алышы, мээнин чайкалышы – боксто кадимки эле көрүнүш. Ар бир раунд – бул чарчоо, тердөө, дем жетпей калуу. Мушкер күчтүү эрк жана демге ээ болушу керек.
– Бокс менен жакшы киреше таап үй-бүлө бакса болобу?
– Болот, Кудайга шүгүр. Бирок азыркы учурда биздин негизги максат акча табуу, үй-бүлөнү багуу гана эмес, өлкөбүздүн желегин дүйнөлүк аренада желбиретип, гимнин угузуу. Буюрса, ал күндөр дагы алыс эмес деп турабыз.
– Сиздин оюңузча, патриот деген ким, ал кандай адам болушу керек?
– Патриот деген, менин оюмча, өз мекенине күйгөн, мекени үчүн жанын аябаган адам деп ойлойм.
– Спортто бирде жеңиш, бирде жеңилүү болот. Жеңилүүнү көтөрүү оорбу?
– Жеңилүүнү кабыл алыш кыйын эле, анткени жогоруда айтып өткөндөй, ар бир таймаштын аркасында опол тоодой эмгек жатат. Бирок бардык нерсе Кудайдан эмеспи, буйрук болсо жеңесиң, буйрук болбосо жеңилесиң.
– Спортчу катары сиз такыр жебей турган тамак-аш барбы?
– Күндөлүк турмушта көп деле антип тамак тандабайм. Бирок машыгуу жыйыны учурунда же салмакты кармаш керек болгондо камыр, анан майлуу тамактардан бир аз баш тартууга туура келет. Бирок абдан сагынганда алардан деле аз-аздан жеп коём.
– Мушкер катары башкалардан айырмачылыгым эмнеде деп ойлойсуз?
– Мушкерлерден салыштырмалуу артыкчылыгым деле жок, баарыбыз бирдей элебиз.
– Машыктыруучуңуз ким, аны 100 пайыз угасызбы?
– Жеке машыктыруучум Улан Сагынбаев агай. Улуттук курамда башкы машыктыруучу Төлөгөн уулу Данияр агай, ал эми улуу машыктыруучу Акыйкат Абаев. Негизи агайлардын сөзүн дайыма эле угам, андай болбосо жыйынтык чыкпай калат. Алардын да эмгегин баалай билиш керек.
– Бокс менен “даканса” кетесизби же белгилүү бир максаттарга жеткенден кийин токтотосузбу?
– Чынын айтсам, бул жөнүндө таптакыр ойлонбоптурмун. Азырынча негизги максат – олимпиададан өлкөбүздүн атынан алтын медаль тагынуу болуп турат. Калган нерсени ошого жеткенден кийин ойлоном го.
– Үйлөнгөнсүзбү? Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?
– Жеке жашоомду, үй-бүлөмдү коомчулукка көп чыгара бергим келбейт. Үй-бүлөдө беш бир туугандын төртүнчүсүмүн. Үйлөнгөм, келинчегим бар. Ата-энем, бир туугандарым жана келинчегим – менин эң чоң күйөрмандарым десем болот.
– Бокстон башка эмнелерге кызыгасыз?
– Спорттун бардык түрүнө эле кызыгам. Кээде бош убактымда футбол, анан теннис ойноп турам.
– Бокс дүйнөсүнүн легендарлуу өкүлү Майк Тайсонго 5 мүнөткө жолуксаңыз, андан эмнелерди сурамаксыз?
– Ал кишинин биографиясына көңүл бурсаңыз, карьерасы эле эмес, жеке жашоосу дагы бир топ опурталдуу. Кайсы бир жылдары ичимдикке жакындап, жаман иштерге аралашкандыгы менен аты чыгып жүргөн болсо дагы, азыркы учурда мусулман. Жолуксам бокс тууралуу эмес, жашоосу тууралуу сурамакмын.
Асел Нурбекова