ТОРСУК, КАНЖА, ҮТ... “ЭСКИ” СӨЗДӨРДҮН МААНИСИН БИЛЕСИЗБИ?

Кыргыздын айрым сөздөрү бүгүн колдонуудан калып баратат. Колдонулса да маанисин орто муун, жаш муун биле бербейт. Бул жолу ата-бабабыздан калган айрым сөздөрдүн маани-маңызына токтололу дедик. 

 

АЙЛАНАЙЫН...

Адатта балдарды айланайын деп эркелетебиз. "Айланайын, айланып кетейин" деп апалар алкап каларын көрүп эле жүрөсүз. Бул “айланайын” деген сөз кыргыздын байыркы ишеними менен байланыштуу деп айтылат. Мисалы, илгери кыргыздарда адам ооруп калганда атайын бирөөнү жиберип, алыстан эмчи-домчу алдыртышкан. Алар бейтапты айланып дем салып, Жаратканга жалынып-жалбарып отуруп ооруну өзүнө өткөрүп алышкан деген маалыматтар бар. Дарылаган адамдын энергиясы күчтүү болсо, өзүнө өткөн ооруну сезбей, ооруган эмес. Алсыз болсо ооруп калган. “Айланайын” дегенге синоним катары “тегеренип кетейин”, “садагаң болоюн” деген сөздөр айтылып жүрөт.

Кыргыздар эмне үчүн балдарын “адамды тегеренбе” дешкен? Демек, тегеренүү адамдагы терс энергияны өткөрүп алуу деген түшүнүккө жетелейт. 

КАТЫГҮН...

Адатта бул сөз адам чочуганда, кейигенде, өкүнгөндө айтылат. Мисалы, “Манас” эпосунда Макел дөө көрүнгөндө Алмамбет Чубакка “Манаска кабар салалы, өзү беттешип көрсүн” дейт. Анда Чубак “катыгүн, Алмам, не дейсиң, качуунун камын не жейсиң?” деп ага кайрат айтат.

“Катыгүн” сөзү “катуу” жана “күн” деген эки сөздөн туруп, катуу, оор, азап-тозоктуу күн деген маанини берет. 

ТОРСУК...

Кыргызда “Жаман атка жал бүтсө, жанына торсук байлатпайт” деген макал бар. Торсук деген эмне? Бул кымыз, айран, чалап сыяктуу суусундуктарды куюп жүрүүчү эчкинин же кийиктин терисинен жасалган кол чанач же баштык.

 

АБЫСЫН-АЖЫН...

“Абысын-ажын” деген кош сөз бар. Абысын го түшүнүктүү, ал эми ажын деген эмне? Илгери келиндер кайнагасынын аялын “абысын” деп, абысыны кайнисинин аялын “ажын” деп аташкан. Демек, бир туугандардын жубайларына тийиштүү аталыш. Бул чечмелөө атактуу окумуштуу Константин Юдахиндин эмгектеринде да айтылат. 

КУДА-СӨӨК...

“Куда” жана “кудагый” деген сөздү баарыбыз билебиз, ал эми куда-сөөк деген эмне? Тува элинде “сөөк” деген “тууган” деген маанини билдирет. Кыргыздар илгери Алтайды жердеп турганда туугандарын “сөөк” деп аташкан, ошондон улам лексикага кирген деп айтылат. Демек, 2 тараптын куда-кудагый болушу – тууган болуп калышы деген маани. Кыргызда туугандык байланышы бар адамдарды “тамыр-сөөк” деп да аташат. 

КАНЖА...

“Канжа” сөзү кытайдын “ганцзы” сөзүнөн келип чыккан деп айтылат. Тамеки тарта турган түтүк. “Манас” эпосунда Коңурбайдын канжасы тууралуу да айтылат:

... Капчыгынан бу доңуз,

Канжасын сууруп алганы,

Канжасына салганы.

Алтымыш чейрек тамеки,

Аз бөксө болуп калганы...

ШАШКЕ...

Шашке – күн аркан бою көтөрүлгөн кез же саат 10:30 чамасы. “Чоң же улуу шашке” десе, анда күн бийик көтөрүлүп, түшкө жакындап калган маал. “Күн шашке болгуча уктабай, тургула” деп ата-энелер балдарын урушуп калганын угуп жүрсөңүз керек. 

 

ҮТ...

Элибизде “Үйгө үт киргенде, желинге сүт кирет” деген макал бар. Үт – жарык, күндүн шооласы. Элибиз боз үйдүн жыртыгынан түшкөн күн шооласын “үт” дешет. “Үйгө үт киргенде, желинге сүт кирет” деген – жаз келип, үйгө күн шооласынын ысык нуру көп тийип, күн жылымдап, мал төлдөй баштаган убак деп чечмеленет.

 

ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Кемел – жетилген, жетик деген маанини берет. "Кемелине келгенде" дегенди “баралына жеткенде, толук жетилгенде” деп түшүнсө болот. Мисалы, “кемелине келгенде эл башкарган адам болчудай” деп айтылат.

Кашка — элден, уруудан, жоокерлердин арасынан чыккан мыкты адам.

Тушар – жерден жылкы туягынын тушала турган жерине чейинки бийиктик. Болжол менен 15-20 сантиметр. “Балдар тушардан келген көк шибердин үстүндө ойношту”.

Эли — бир манжанын туурасы. Болжол менен эки сантиметрдей. Эл муну көбүнчө кара малдын семиздигин аныктоодо колдонот. Мисалы, “бул жылкыдан 2 эли май чыгат” деген божомол.

Олпок — ичине кебез, жүн салынып шырылган, ок өтпөс сырт кийим. Баатырлар аны негизинен жоого кийишкен.

Торбо, дорбо — баштык, жем баштык. Байыркы убактарда кийик, теке, эчки жана башкалардын терисинен жасалган.

Бакай — жылкынын туяктан жогорку биринчи муун менен жиликтин ашташкан жериндеги топ кыл. Бул сөз кээде кара малдын башка түрлөрүнө карата да айтыла берет.

Жамбы — койдун, жылкынын жана башка малдын туягынын формасындагы ар түрдүү көлөмдө жана ар кандай салмакта уютулган алтын же күмүш.

Ак серке — айран же чалап кошулган шорпо.

Акшам — күн баткан мезгил.

Аргамжы — эшме өнөрү аркылуу бүткөн буюм. Аркандын кыскараагы. Бир нерсени байлоо, таңуу үчүн пайдаланылат. Аны да аркан сыяктуу кылдап, топоздун, эчкинин кылтагынан кыл аралаштырып, эшип жасашат. Элде “атты аргамжыла” деп айтылат.

Жылаажын — желпинүү аркылуу үн чыгарып, көбүнчө алгыр куштарга тагылуучу кичинекей коңгуроо.

Көнчөк – кулак калканынын астынкы жумшак бөлүгү.

 

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1179, 18-24-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан