Түркиянын көрүнүктүү кино өкүлү, татынакай актриса Айча Айшин Туран үй-бүлөсүндө 7 бир туугандын жетинчиси. 7 баласынын бири дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө таанымал адам болот деген ой ата-энесинин түшүнө да кирген эмес. Бирок жашоодо сыйкырдуу көз ирмемдер болот эмеспи. Эгер актрисанын чыгармачылыгына көз салып жүгөн болсоңуз, макаладан өмүр баяны менен да таанышып алыңыз.
Туулган жери: Түркия, Синоп
Туулган жылы: 1992-жыл, 25-октябрь
Жылдыз белгиси: чаян
Бою: 167 сантиметр
Кесиби: актриса
Тартылган белгилүү тасмалары: “Кара гүл”, “Назик жана коркунучтуу”, “Мерьемдин махабаты”, “Коргоочу”, “Арал жомогу”, “Сүйүүнүн айынан...”, “39 градустагы сүйүү” жана башка
Кара деңиз жээгинде чоңойгон
Тарыхы, маданияты кенен Түркиянын таланттуу кызы Кара деңиздин түштүк жээгинде жайгашкан Синоп шаарында төрөлүп-өскөн. Үй толо быжыраган балдар, 7 бир туугандын беши эркек, экөө кыз эле. Айча Айшин тирелген 5 агасынын жана 1 эжесинин сүйүктүү карындашы, сиңдиси, ата-энесинин көкүрөк күчүгү. Атасынын түпкү теги тээ Түндүк Африканын Тунис Республикасын мекендешсе, апасы тарап гректерге барып такалат экен. Демек, Айча Айшинде көп улуттун каны бириккен.
Көп балалуу үй-бүлөдө дайыма шаңдуу маанай, сүйүү, мээрим орун алып, балалыгы бактылуу көз ирмемдерге толо болгонун айтат актриса. Ата-энесинен мурун кыздын тарбиясын агалары колго алып, элинин маданиятын, үрп-адатын, коомдо өзүн алып жүрүү адебинен бери үйрөтүшкөн. Анан албетте, кыз кабыла турган бардык жамандыктардан, кооптуу учурлардан агалары коргоп келишкен. Азыр да үй-бүлөсү менен тыгыз байланышта, адам жашоодо кайсы бир ийгилик багынтышы үчүн жакындарынын колдоосу өтө маанилүү деп эсептейт.
Чыгармачылыкка жол
Мектепте “жакшы” деген окуучулардын катарында эле. Окуусуна да жетишкенге аракет кылды, окуудан сырткаркы иш-чаралардын да активдүү катышуучусу болгон. Ырдаганды, бийлегенди жакшы көрөт. Мектепти бүткөндөн кийин университетке тапшырып, бюджет бөлүмүнө өтпөй калган. Акы төлөп окутууга ата-энесинин чамасы жок болчу. Ойлонгон кыз Стамбул университетинин театр, кино жана радио бөлүмүнө тапшырып, өтүп кетет. “Келечекте тандаган кесиби менен кызым ийгиликке жетет” деген ишенимди атасына, бир туугандарына жеткирүүгө, алардын ишенимин алууга апасы жардам берген. Ал эле эмес, “кызым чоң шаарда жалгыз калбасын” деп Айча Айшин менен чогуу Стамбулга апасы да келип алган.
Кинодогу орду
“Азыркыга чейин кайсы роль болбосун, тасма тартылардын алдында коучтарга барып, актёрдук чеберчилик боюнча сабак алып турам. Андан сырткары профессионалдык көндүмдөрүмдү арттыруу үчүн китеп-журналдарды окуйм, тасмаларды көрөм, жаңылыктардан кабардар болуп турам...”
Студент болуп жүргөндө эле киного тартылуу үчүн проба, кастингдерден өтө баштаган. Алгачкы эпизоддук ролун 2007-жылы алып, “Фантазия жана фактылар” сериалына тартылган. Атактуулук оңою менен эле келе калган жок. Көптөгөн долбоорлорго тартылып, тажрыйба топтогондон кийин гана режиссёрлордун көзүнө илинген. Актрисаны популярдуу кылып ойготкон 2013-жылы чыккан “Кара гүл” сериалы болду. Бул үй-бүлөлүк драмада Туран негизги каармандын образын жараткан. Ошондон бери Айча Айшин Турандын ысымы Түркиянын белгилүү адамдарынын катарына кошулуп, ийгиликтүү ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Актриса катышкан кино тизмегине көз чаптырсаңыз болот: “Назик жана коркунучтуу”, “Мерьемдин махабаты”, “Суук” (“Стужа”), “Бейбаш” (“Задира”), “Коргоочу”, “Арал жомогу”, “Мени ишендир”, “Сүйүүнүн айынан...”, “39 градустагы сүйүү” жана башкалар.
Кинодон жолуккан сүйүүлөрү
Ата-энеси, бир туугандары жөнүндө ырахаттануу менен кеп салып берген актриса, жашоосунун романтикалык эшигин көп ачкысы келбейт. Бирок атактуу адамдар үчүн сыр сактоо оор болот окшобойбу. Алгач анын актёр, режиссёр, ырчы Өзжан Дениз менен сүйүү мамилесинде болгону маалымдалган. Өзжан Дениз убагында көптөгөн айымдардын жүрөгүнө чок салган, “бабник” аталган мырза. Анын “сүйүү тузагына” Айча Айшин да илинген экен. Экөө “Татынакай жана коркунучтуу” сериалында чогуу иштешип, ортодогу 29 жаш айырмачылык сүйүүгө тоскоол боло алган эмес. Дал ушул комедиялык сериалда актриса биринчи жолу башкы каармандын ролун ойногон. Эки жылдык мамиледен кийин, коомчулук экөөнү мына-мына үйлөнөт деп күтүп жатканда, 2017-жылы романга чекит коюлганы билинген.
2021-жылы актриса “Арал жомогу” сериалындагы өнөктөшү актёр Альп Навруз менен кыз-жигит деген кабар тараган. Эки тарап тең бул кабарга комментарий беришкен эмес, бирок чогуу жүргөндөгү сүрөт-видеолор байма-бай интернет желесине тарап, акыры атактуулар мамилесин моюнга алууга аргасыз болушкан. Бирок 2022-жылы актёр махабат оту өчүп калганына байланыштуу ар кимиси өз жолу менен кеткенин билдирген. Андан бери актрисаны жандаган башка мырза тууралуу кабар чыга элек.
Асыл Орозбекова