Томпоюп чыгып турган ичти “кортизол курсак” деп коюшат дарыгерлер. Курсак дал ушул кортизол гормонунун айынан чыгып жатканын кантип билсе болот? Гормондун адамдын организмине жана жашоосуна тийгизген таасири кандай? “Стресс гормону” деген аталышты да алып жүргөн кортизол тууралуу суроолорго жооп алыңыз.
Кортизол деген эмне?
Кортизол – бул бөйрөк үстүндөгү бездер тарабынан өндүрүлгөн гормон. Ал организмдеги зат алмашууну, стрессти жана иммунитетти жөнгө салууда негизги ролду ойнойт. Эмнеге "стресс гормону" деп аталат, анткени кортизолдун деңгээли адамдагы физикалык же эмоционалдык стресске жооп катары жогорулап турат. Бизди курчап турган чөйрөдөгү стресс жараткан факторлорго, психикалык жаракаттарга жана шок абалдарына көнүүгө жардам берген гормон. Ал мээнин иштешин жакшыртуу, нерв системин сактоо жана жүрөктүн иштешин жөнгө салуу үчүн стресстик кырдаалдарда бөйрөк үстүндөгү бездер тарабынан өндүрүлөт.
Кортизол эмне кызмат аткарат?
Бул гормондун кызматы маанилүү жана көп түрдүү.
- Зат алмашууну жөнгө салат – белоктордун, майлардын жана углеводдордун сиңүү процессине катышып, организмге энергия алууга жардам берет.
- Кандын курамындагы канттын деңгээлин көзөмөлдөйт – түрдүү стресстик кырдаалдарда глюкозанын деңгээлин жогорулатып мээни энергия менен камсыз кылат.
- Сезгенүү процесстерин алдын алат – сезгенүүнү көзөмөлдөө үчүн маанилүү болгон иммундук системдин активдүүлүгүн жогорулатат.
- Кан басымды көзөмөлдөйт – кан тамырлардын тонусун жөнгө салууга жардам берет.
- Стрессти башкарат - организмге оор шарттарга көнүүгө жардам берет.
- Уйку жана сергек жүрүү процессине катышат – бул гормон тең салмактан чыкса, адамдын жалпы абалына таасир берет.
Кортизол гормону көбөйүп кеткенин кантип билсе болот?
• Кан басым жогорулайт;
• Курсакта жана анын айланасында май катмарлары пайда болот, курсак томпоюп чыга баштайт. Ошол эле учурда адамдын колу-бутунда же башка жеринде ашыкча майлар байкалбайт;
• Өнөкөт чарчоо абалы жана алсыздык;
• Адам болор-болбос нерсеге кыжырданып калат же тынчсызданган абалда болот;
• Башы бат-баттан ооруйт;
• Теринин абалы начарлайт, безеткилер чыгышы мүмкүн;
• Кант диабети жаралат - жогорку кортизол организмдин инсулинге туруктуулугун жогорулатат.
Кортизол адамдын салмагына кандайча таасир берет?
Кортизолдун деңгээли нормалдуу көрсөткүчтөн жогорулап кеткенде организмде зат алмашуу процесси жайлайт. Жай метаболизм жана организмдин толук кандуу иштешиндеги өзгөрүүлөр салмак кошуу, чарчоо, депрессия, жогорку кан басым, иммундук системдин төмөндөшү сыяктуу көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн.
Кортизол аз же көп болгондо денеде кандай өзгөрүүлөр байкалат?
Жогорку кортизол: Эгер кыска мөөнөткө жана жеңил стресске кабылган учурда кортизол адамдын тамакка болгон табитин азайтат. Ал эми стресс узакка созулса анда гормон тескери таасир бере баштайт. Тагыраагы, тамакка болгон табит ачылат, болгондо да майлуу, таттуу, калориясы жогору тамак-аштарды жегиң келет. Натыйжада далы тушта жана курсакта май катмарлары топтоло баштайт. Айымдар үчүн жогорку кортизолдун дагы бир минус жагы бар. Аялдарда эркектердики сымал түктөр (кара, катуу, жоон) өсө баштайт, өзгөчө бетинде.
Кортизол жетишсиздиги: гормондун жетишсиз болгонунун негизги белгиси – тамакка болгон табит азаят. Салмак таштайт. Бул бөйрөк үстүндөгү бездердин жетишсиздигин билдириши мүмкүн. Эмнеге жетишсиз болот? Иммундук систем белгисиз себептерден улам дени сак бөйрөк үстүндөгү клеткаларга кол салганда жаралган аутоиммундук реакциядан улам. Андан сырткары бөйрөк үстүндөгү бездер инфекциядан же ткандарда кан жоготуудан да жабыркашы мүмкүн. Дагы бир себеп гипофиз безинин начар иштеши же гипофизде шишик болушу мүмкүн.
Кортизол эмнеден улам көбөйөт?
Көп убакытка созулган физикалык жана эмоционалдык стресс кортизолдун көбөйүшүнүн негизги себеби болуп саналат. Андан сырткары бөйрөк үстүндөгү бездердин жабыркашынан да көбөйөт. Айрым дары-дармектер да бул гормондун жогорулашына таасир берет. Уйкунун жетишсиздиги, туура эмес уктоо режими, физикалык күч келтирүү, туура эмес тамактануу, активдүүлүктүн аздыгы да кортизолдун жогорулашына себепкер болот.
Кортизол түйүлдүктөгү балага таасир береби?
Таасир берет. Кош бойлуу аял көп убакыт стресс абалында болсо, бир нерсеге катуу кайгырып, ойлонуп-толгонуп жүрсө, балада тынчсыздануу, депрессия, социалдык адаптация жана психоэмоционалдык бузулуулардын пайда болуу коркунучу жогору болот.
Кортизолдон улам аялдарда айыз цикли бузулабы?
Кортизолдун жогорулашы этек кирдин бузулушуна алып келет. Айыз цикли үзгүлтүккө учурап же таптакыр токтошу мүмкүн. Бул стресс учурунда организм өзүн коргоочу механизмди ишке киргизгенден улам болот. Эгер кортизолдун деңгээли дайыма жогору болгондо, аялдагы репродукция кызматына да (төрөө) коркунуч туудурушу ыктымал.
Кортизолду кантип калыбына келтирүү керек?
Негизи организмде эч кандай патология жок болсо, гипофиз жана бөйрөк үстүндөгү бездердин өз алдынча кортизолдун деңгээлин жөнгө салууга алы жетет. Организмге көмөктөшүп, кортизолду бир калыпта кармап туруу үчүн:
1. Туура уктоо эрежесин сактоо. Уйкуга 6 саат калганда кофеин, алкоголь, никотин колдонууну тыйыш керек. Уктаар алдында телефон колдонбойбуз. Күнү бою денеге өтө күч келтирбегендей активдүүлүктө болуу зарыл. Активдүүлүк уйкунун сапатына жана кортизолдун төмөндөшүнө жардам берет. Уктаар алдында туура дем алуу ыкмаларын жана медитация жасайбыз. Бул уйкуну тынч кылып, кортизолду төмөндөтүп, стресс менен күрөшүүгө жардам берет. Күнүмдүк уйку нормасы – 7-8 саат болушу керек.
2. Стрессти майдалоо. Жан дүйнөнү кыйнаган ооруну бөлүп, андан күнөө, уят жана таарынычты жок кыл. Терс ой жүгүртүүнүн бул элементтери кортизолду жогорулатат, демек, стрессти узартат. Өзүңүздү жана башкаларды кечириңиз, эмне болсо да кабыл алыңыз. Ошол эле учурда сизди бактысыз кылган же абалыңызды начарлаткан нерселер менен мамилеңизди үзүүдөн коркпоңуз.
3. Кандагы кортизолдун деңгээли күнү бою алмашып турат.
Эртең менен (6:00-8:00) – 138-690
Күндүз (12:00-16:00) – 95-395
Кечинде (20:00-22:00) – 18:150
Спорт менен машыксаңыз, күндүн биринчи жарымын тандаңыз. Ошол убакта кортизол көп бөлүнүп чыгат да, экинчи жарымында төмөндөйт. Ушул эле системде уйку режимин жөнгө салуу керек. Таңкы 6дан 8ге чейин кортизолдун көлөмү эң чоң көрсөткүчтө болот. Андыктан бул убакта төшөктө жатып, гормонду организмге сиңирбей, эрте туруп, активдүү болсоңуз кортизолдун организмдеги көрсөткүчү да маселе жаратпайт.
4. Сизди сүйгөн, баалаган адамдардын курчоосунда болуңуз. Позитивдүү адамдар менен баарлашыңыз, көп күлүңүз, өзүңүздү сүйүңүз, баалаңыз.
5. Контрасттык душ.
6. Туура тамактануу, таза аба, таза суу керек. Жаман адаттардан алыс болуңуз.
Асыл Орозбекова