Бир бүркүм. Орусияда 3 кыргыз каза тапты...    

Кызыл-Кыяда салыкчы алган парасын кайра кайтарып жатканда кармалды.

 Ош облусунда 6 айда 13 бала сууга чөгүп каза тапканы айтылды.

 Кыргызстан АКШда өтүүчү Олимпиада оюндарына 30 лицензия алууну пландоодо.

 Сокулукта жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга шектелип 34 жаштагы жаран кармалды.

 Транспорт министрлиги: Өлкө аймагында жолдорго асфальт төшөө иши тынымсыз уланууда.

 Якутияда шахтанын автобусу жардан кулап, 3 кыргызстандык каза тапканы кабарланды.

 Ысык-Көлдөгү ЖОЖдордо аты бар, заты жок миңдей студент аныкталды.

 Кыргызстан Монголияга жүн экспортун көбөйтмөкчү.

 Өзгөндө Санэпидемстанциянын башкы дарыгери 300 миң сом пара берип жатып кармалды.

 Балдарды 1-2-класстарга каттоо 15-августка чейин уланат.

 Кыргыздын “Калкан” атайын багытынын снайперлери Кытайдагы мелдеште алдынкы орундарды ээлешти.

 Долон ашуусунда автобус жол кырсыгына учурап, 1 аял каза болгону маалымдалды.

 Бишкектин көчөлөрүндө оор жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө 1-октябрга чейин тыюу салынды, чектөө саат 07:00дөн 21:00гө чейин күчүндө болот.

 Кыргызстанда фамилия тандоо мүмкүнчүлүгү кеңейтилди, мыйзамга 23-июлда кол коюлду.  

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1180, 25-31-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан