19 жаштагы жигит таанышын коркутуп 3,5 миллион сом алган

Нарын шаарында 19 жаштагы Р.Ж. аттуу жаран таанышын коркутуп, андан 3,5 миллион сом талап кылган деп кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, 10-июлда Нарын ОИИБиге Б.А. аттуу тургун кайрылып, 2023-жылдын декабрь айынан бери таанышы опузалап акча талап кылып, коркутуп келгенин айткан. 2023–2024-жылдары жабырлануучу жалпы 770 миң сомдон ашуун каражатты накталай жана банк аркылуу бергенин билдирген.

21-июлда шектүү жаран 50 миң сом алып жаткан учурда кармалды. Азыркы тапта кылмыш ишинин алкагында убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө жүрүп жатат. Кылмыш иши тийиштүү кодекстин 208-беренеси (“Кызмат абалын колдонуу менен акча талап кылуу”) боюнча иликтенүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1180, 25-31-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан