Кыргыз спортунда жылдызы жаңыдан жанып, келечектин үмүтү болуп келе жаткан жаш дзюдочулардын бири - Ратбек Жуманазаров. Ал эми спортчунун элге таанылып, жеңиштерди багынтышы өзүнөн-өзү болбойт. Ратбек - талыкпаган машыгуунун, үй-бүлөлүк тарбиянын, чыдамкайлыктын даана мисалы. Ал дүйнөлүк аренада Кыргызстандын атын таанытып гана тим болбостон, жөнөкөйлүгү, адамгерчилиги жана келечекке болгон тунук көз карашы менен айырмаланат. Биз аны менен спорттогу жолунун башаты, алдыдагы максаттары жана үй-бүлөсүнөн алган тарбиясы тууралуу баарлаштык.
- Саламатсызбы, Ратбек? Алгач өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз - кайсы жердин кулунусуз?
– Саламатчылык. Мен Талас облусунун Биринчи Май айылынан болом. Ата-энем мен 2 жашымда Бишкекке көчүп келишкендиктен балалыгым Бишкекте өттү. Спортко бир тууган агам менен келгем. Ошондон баштап бул жол менин тагдырыма айланды.
- Эсиңиздеби, дзюдо менен биринчи жолу качан таанышкансыз?
– Ооба, абдан жакшы эстейм. Ал кезде 8 жашта болчумун. Башында жактырбай, машыгууга такыр баргым келчү эмес (күлүп). Анан аппендицит болуп, бир жылга машыгууну токтотууга аргасыз болдум. Ошондо спорттун, ден соолуктун баркын билдим десем болот, анткени спорт бул - кыймыл да. Ар дайым кыймылда жүрүп, анан бир заматта эле спорт менен машыкмак түгүл жаш балдардай болуп чуркап ойной албай калгандан кийин баркы билинет экен. Айыккандан кийин кайра өз каалоом менен машыгууну улантып кеттим.
- Жеңишке жетүү жолунда эң кыйын учур кайсы болду? Таштап салгыңыз келген учурлар болду беле?
– Негизи кыйын учурлар көп эле болду. Айрыкча жаракат алып калганда же көп машыгып, бирок жыйынтык чыкпай калган убактарда ойлонуп, “туура жолдомунбу?” деген суроону өзүмө берген учурлар болгон. Бирок кайра артка кылчайып көз чаптырганда, ушунча жылдык аракет текке кетпесин, максатыма сөзсүз жетем деген ой менен алдыга карай жол улап эмгектенип келе жатам.
- Спортто ыкмалардын эле эмес, мүнөздүн да мааниси чоң. Сиздин мүнөзүңүздө кайсы сапат эң күчтүү деп ойлойсуз?
– Мендеги эң күчтүү сапат – чыдамкайлык анан сабырдуулук деп ойлойм. Негизи бул сапаттар спортто эле эмес, күнүмдүк жашоодо дагы абдан керек эмеспи.
- Спортчу катары эмес, жөнөкөй адам катары өзүңүздү кандай мүнөздөйт элеңиз?
– Жөнөкөй адам катары өзүмдү тынч жана сабырдуу адам деп мүнөздөйт элем. Ар дайым башкаларга жардам берүүгө аракет кылам. Үй-бүлөмдү, досторумду баалайм. Жарыя кыла бербей, колдоону иш жүзүндө көрсөтүүнү жактырам.
- Оор күндөрдө таяныч тутуп кимге кайрыласыз? Сизге даямы жөлөк болчу адамдар кимдер?
– Ата-энем жана бир тууган агам мага ар дайым күч-кубат берип, колдоп келишет. Алардын колдоосу болбосо ким билет, балким, азыркы деңгеелге жетмек эмесмин.
- Сиздин фамилияңызды укканда Олимпиада оюндарынын эки жолку сыйлык ээси, эжеңиз Мээрим Жуманазарова эске келет. Спортто эжеңиздин колдоосу канчалык?
– Албетте, ар дайым колдоп турат. Ар кандай кеңештерди айтып, пайдалуу нерселерди үйрөтөт.
- Ратбек кайра эле үй-бүлөңүзгө кайрыла турган болсок, угушубузча атаңыз спорттон тышкары, чыгармачылык менен алектенип, ыр да жазат. Балким, сизде да ушундай өнөр бардыр?
– Менде ыр жазган талант жок, бирок жакшы бийлейм (күлүп). Андан тышкары, жаңы нерселерди үйрөнүүгө жөндөмдүүмүн жана бир нерсени бат кабыл алам.
- Эртең менен ойгонгондо сизди эмне тургузат? Сизди түртмөлөп турган эмне мисалы?
– Эртең менен ойгонгондо эң биринчи максаттарым эсиме келет. Дүйнөлүк аренада Кыргызстандын атын таанытуу — ошол кыялдар мени тургузат.
- Бош убактыңызда спорттон тышкары эмне кыласыз?
– Бош убакыт негизи, аз болот. Бирок болгондо табияттын койнунда, ызы-чуудан алыс, кооз жерлерде басып, айланып, эч нерсени ойлонбой отуруп эс алганды жакшы көрөм.
- Спорттон тышкары, кандай кыял жашайт сизде? Мисалы, кино тартуу, бизнес ачуу, айылга кайтуу...
– Туура, келечекте өзүмдүн жеке бизнесимди ачуу кыялым бар. Чын жүрөгүмдөн каалаган иш менен алектенип, өзүмө да, үй-бүлөмө да, Кыргызстаныма да пайда алып келгим келет. “Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны” дегендей, дүйнөнү кыдырып, ар түрдүү элдердин маданиятын, жашоосун көрүп, билип, таанышкым келет.
- Сиз үчүн жеңиш деген эмне? Жөн гана медалбы же башка бир мааниси барбы?
– Бул – көшөгө артындагы талбас мээнет, чыдамкайлык жана берилгендиктин жыйынтыгы.
- Сизге абдан таасир берген адам ким? Ал киши эмнеси менен үлгү?
– Мага эң чоң таасир берген адамдар – атам, бир тууган агам жана машыктыруучум. Атам өзү дзюдо боюнча машыктыруучу. Талас облусуна дзюдо күрөшүн эң алгач тараткан адам. Агам болсо мага бала кезимден бери үлгү болуп келет. Ал эми машыктыруучум Игорь Завражный спорт жаатында мени адам катары тарбиялап, жашоодо жана спортто көп нерселерди үйрөттү. Бул адамдардын жашоомдогу орду аябай чоң, өздөрүнүн жүрүм-турумдары, учурунда берген насааттары, кеп-кеңештери, мага болгон ишенимдери дайым алдыга карай сүрөп келишет.
- Кыргызстандагы спорттук инфраструктура боюнча пикириңиз кандай? Жаш дзюдочуларга шарт жетиштүүбү?
– Дагы көбүрөөк колдоо керек деп ойлойм. Ийгилик жараткандан кийинки колдоо эмес, ийгиликке жетүү жолундагы колдоо жетишпейт. Мен бул жагынан бир аз дагы жолдуумун десем дагы болот, анткени спортту билген түшүнгөн адамдар ар дайым жанымда болушту, бирок мамлекет тарабынан бул багытка көбүрөөк көңүл бөлүнсө жакшы болмок.
- Жеңишке жеткенден кийинки колдоо кандай болду мисалы?
– Албетте, жеңишке жеткенден кийин колдоочулар ар дайым көп болот. Көптөгөн куттуктоолор, каалоо-тилектер айтылат. Айтор, колдоону жакшы эле сезесиң. Бирок мага маанилүүсү - канча жылдан бери мага ишенип, колдоп келе жаткан адамдардын көзүндөгү кубанычты көрүү.
- Келечекте өзүңүздү кайсы жактан көрөсүз — машыктыруучу катарыбы же башка багыттабы?
– Спорттон көп алыстабай, келечекте Кыргызстандын спорт тармагына өз салымын кошкон инсандардын катарынан көрөм. Бирок жаңы багыттарда да өзүмдү сынап көргүм келет. Мисалы, жеке бизнес ачып, спортко байланыштуу долбоорлорду ишке ашырууну кыялданам.
- Ратбек, маегиңизге чоң рахмат, ишиңизге ийгилик!
Асел Нурбекова