Соттолгон адамдар эми чоң кызматтарга ат салыша алышпайт  

Кыргызстанда мындан ары соттолгон жарандар жогорку кызматтарга талапкер боло алышпайт. Президент Садыр Жапаров кол койгон мыйзамга ылайык, соттолуу фактысы бар жарандар төмөнкү кызматтарга ат салыша алышпайт:

Өлкө президенти, Жогорку Кеңештин депутаты, өкмөт жетекчиси, өкмөт мүчөсү, мамлекеттик органдардын башчысы, БШК мүчөсү, Улуттук банктын төрагасы, Улуттук банктын төрагасынын орун басары жана башкармалык мүчөсү, Эсептөө палатасынын аудитору.

Ошондой эле диний уюмдардын өкүлдөрү кызматтан кеткенден кийин 5 жыл ичинде президенттикке же депутаттыкка талапкер бола алышпайт.

Жогорку Кеңеш быйыл 18-июнда кабыл алган бул мыйзамдын максаты – жарандардын мамлекеттик органдарга болгон ишенимин күчөтүү, жогорку кызмат адамдарынын кемчиликсиз аброюн калыптандыруу, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө экени айтылат.  

Мыйзам үстүбүздөгү жылдын 7-августунан тарта күчүнө кирет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1181, 1-7-август, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан