“Эч бир сулуу багынта албаган жүрөгүмдү сен багынттың, уулум”

- Жашоомдун эки айрылыш жолунда турам. Бир эсе бактысызмын, бир эсе бактылуумун. Артыма кылчайсам жалаң  аялдардын көз жаштары калыптыр. “Аялды ыйлатпа, алардын көз жашынын тамчыларын Кудай өзү санап турат” дегенди бир жерден окуганым бар. Бирок жаштык менен көңүл бурбаган экенмин. Ачыгын айтсам,  мен бул дүйнөгө жалаң сайран куруш үчүн келгендей жашаптырмын. Чиновниктин жалгыз эркек баласы элем, акыл да, келбет да бар.

Бир нерседен бат тажап кеткен мүнөзүм бала кезимден эле бар эле. Мага жашоо ар дайым түрдүү түстүү боёктору менен боёлуп турушун каалар элем. Бир көпөлөктүн аркасынан кууган жаш баланы элестетиңиз. Ошол мен. Ал бала көпөлөктү кармады дейли, аны эмне кылмак? Мен да дал ошондой маанисиз бир нерселердин аркасынан кубалап жүрө берген экенмин. Жашоонун чыныгы даамын, бакытты сезбептирмин. А балким каалабаган чыгармын... Сездирген бир күн келди.

Чынында мени көптөр ийгиликтүү деп баалашчу. Чакан бизнесим бар, өзүм мыкты адвокаттардын биримин. Аялым, балдарым, үйүм-жайым, кымбат машинем, айтор, баары бар. Айрымдар үчүн бул нерселер бакыт, а мен үчүн ар бир адамда боло турган нерседей баркын сезбептирмин.

Кадимки дем алыш күндөрдүн бири эле. Бир жакка шашып жаткам. Дарбазаны бирөө каккылап калды. Эшикти ачтым. Ачсам жети жаштардагы баланы ээрчитип, орто жаштардагы эркек киши турган экен.

- Салам алейкум, жигит?

- Ва алейкум...

- Касымов Эржан деген ушул үйдө жашайбы?

- Ооба, менмин.

Тиги киши мени карап турду да “четке  жүр” дегендей ишарат кылды. Аркасынан бастым.

- Баланы көрдүңбү?

- Ооба, эмне болду?

- Баланын апасы жаңы каза болду. Аты Арина, сен жакшы таанысаң керек...

Кайсы Арина болуп кетти? Жашоомдо Арина, Асия, Алиялар өтө көп болгон эле, эстей албай турдум. Тиги киши да аны сезип калды окшойт, ток этер жерин айтты.

- Кыскасы, бул бала сеники. Балдызым жол кырсыгынан каза болду. Өзүмдүн беш балам бар, болбосо өзүм эле багып алат болчумун. Айла жок, атасы сен болгондуктан издеп таап алып келдим.

- Кызыксыз го, сиз менин балам десеңиз эле мен ишенип каламбы?

Тиги киши телефонун алып чыгып мени менен Аринанын сүрөтүн көрсөттү. Арина! Көздөрү бакырайган, чачтары тармалдаша төгүлгөн сулуу кыз мени тиктеп турду. Тааныдым. Оозума сөз келбей калды.

- Өзүңдүн жүзүңдү жакшы билсең керек, эми баланын жүзүнө кара. Бул жерден эч кандай ДНКнын кереги жок. Сенин балаң!

- Сиз..

Баланы жакшылап караганымда сөзүм оозумда калды. Менин көчүрмөм эле. Менин тун уулума эгиздей окшош экен. Сөз таба албай калдым. Факт деген ушул. Каршы эч нерсе дей албайсың. Кесибиме жараша башкаларды актап чыгарып жибергенге машмын, бирок бул жолу абийир соту күчтүү болчу. Бул жерде өзүм сот, өзүм тергөөчү, өзүм жактоочу.  Тиги киши мага телефон номерин калтырып, баланын документтери салынган папканы колума карматты да, машинесине түшүп кетип калды. Аманатты колуна тапшырдым деди окшойт.

Эмне кыларымды билбейм, бир баланы карайм, бир колумдагы папканы карайм. Акыры жакын келип, баланын алдына чөгөлөп отуруп жакшылап карадым. Көздөрү капалуу, чочуй тиктеген балакайга түшүнүксүз боор тартуу пайда болду.

- Атың ким?

- Бакай.

Бакай! Арина менен акыркы жолу сүйлөшкөнүм эсиме түштү.

- Мен бул баланы алдыра албайм, Эржан. Мунун ысымы бар. Бакай аты... Сен эмне десең ошо де, алдырбайм.

- Кайдагыны айтпачы, менин аялым бар экенин билгенсиң. Билип эле мамиле түзбөдүң беле, эми башымды оорутуп кайдагы Бакай деп мага... Мага демектен Манас төрөсөң да эч нерсе кыла албайм. Алдыр!

Акчаны алдына ыргытканымда Аринанын башы шылк эткенинен жеңиш деп түшүнүп, макул болуп боюнан алдырат деп ойлоп, машинени учуртуп айдап кетип калгам. Ошол боюнча кабарым жок эле. Мына ошол Бакай азыр жанымда туру.

- Билесиңби Бакай, азыр биз бул үйгө кире албайбыз. Азырынча... Сени башка бир үйгө алып барам. Ошол жакта жашап турасың. Анан...

Бала мени уккан деле жок. Өз кайгысы менен алектей, чоң кишидей карады. Апасынын өлүмү баланы чоңойтуп жиберген окшойт, көз карашы олуттуу экен. Анын  мени тиктеген көз карашынан уялып, өзүмдү шымын булгап койгон баладай сезип кеттим. Бир тууган эжемдикине алып бардым. Ага баарын айтып түшүндүрдүм. Эжем дароо баса калып өпкүлөп жатты. Андан көңүлүм ток эле, бирок эми кантип айтам жубайыма? Ал жакында эле мени бир кыз менен кармап алып, кымбат баалуу тагынчактарды алып берип араң жоошуткам. Эми бул чыкса, кандай болот?

Убакыт өтүп жатты. Таң каларлыгы, мен бир көрүп бул баланы жакшы көрдүм. Биринчи жолу балага болгон мээримим ойгонду сыяктуу. Келинчегим экөөбүздүн ортобузда бир кыз, бир уул бар, бирок аларга деле үзүлүп түшүп кеткеним эсимде жок.

Бирок бул бала башкача эле... Жумуштан келе жатып, аны көргүм келет. Сүйлөшкүм келет. Биз жакын болуп кеттик.  Бакайдын кичинекей болуп туруп акылы башкача эле, эмне суроо болсо да жооп берет. Тарыхтан болобу, математика болобу, жашоодогу маселелер болобу, токтоо отуруп алып олуттуу жооп берет. Ичим ысып кетет.

- Апаң мен тууралуу эмне дечү эле сага?

- Атаң акылдуу, бирок өзүмчүл жана коркок дечү.

- Хм, сен дагы ошондой ойлойсуңбу?

- Андай болбосо мени бул үйгө  жашырбайт элең да.

Сөзү дал бутага тийди. Эч ким мынча намысыма тийген эмес. Дароо кийимдерин чогултуп, машинеге салдым да үйгө алып келдим. Болгонун болгондой айттым. Айтпасам деле Бакай мага окшоп турбайбы. Келинчегим ошол эле күнү балдарды алып атасыныкына кетип калды. Сүйлөшкөнгө аракет кылдым. Бирок көгөрүп “биздин балдар же таштанды балаң, танда” деп туруп алды. Таштанды деген сөзү жүрөгүмө катуу тийди. “Эмне болсоң ошо бол” дедим мен да. Ажырашам дегенине да макул болдум. Бардыгын экиге бөлдүк. Мүлкүбүз, балдарыбыз, жашообуз экиге бөлүндү да калды. Балдар жуманын жарымы апасында, жарымы менде. Бакай экөөбүз батирлеп көчүп жашап калдык. Кечээ эле ийгиликтүү делген мен эч нерсеси жок отуруп калдым. Бирок мен мурункуга караганда бактылуу элем. Анткени жашоомдо өтө маанилүү нерсе пайда болгон. Мен Бакай жашоомо келбесе ошол боюнча эле гүлдөн гүлгө конгон аарыдай, маанисиз жашап өтүп кетмекмин. Ал өзү да билбей жашоомду башка бир нукка бурду. Жакында мектептин директору чакырткан экен, бардым.

- Сиз балаңыздын өзгөчө бала экенин билет белеңиз?

- Ия?

- Бакай экинчи класс болсо да, 5-7-класстын теңдемелерин чыгарып жатат. Мындай балдар аз төрөлөт. Чыныгы гений! Вундеркинд!

Ал уулумду аябай мактап жатты. Мен анын сөздөрүнө көңүл бурбадым. Сыймыктандым, бирок андан да бактылуу кылган сезим,  мен анын тагдырымда жолуктурганым болчу.

Уулум, сен мени адам кылдың. Бул жашоодон эмне каалаганын билбеген, шапар тээп эле жашап жүргөн атаңды  өзгөртө алдың. Мен бакытты аялдардан издегем. Эч кимиси уучуна кармай албаган, эч кимиси толук багындыра албаган жүрөгүмдү сен багындырдың. Ошол күнү дарбазанын алдында турган сенин акылдуу көздөрүңдү көргөн убагымдан баштап, сага керек экенимди сезгенимден баштап, сага жоопкерчилик алгандан баштап мен чыныгы ата болдум. Адам болдум! Сага жана бир туугандарыңа  мындан ары да жакшы ата болгонго аракет кылам. Рахмат сага, уулум! Жашоомдогу эң чоң сабакты да, чоң бакытты сен тартууладың.

 

 

 Айлин Д 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1181, 1-7-август, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан