“Чоң адамдар жаман оюн бет каптын артына ката алышат, жаш балдар болсо катпайт, жаман көргөнүн ачык билдирет, оюна эмне жаман сөз келсе агытышат... Андай балдардын курмандыгына айланган ким болсо да же сынып жок болот, же тескерисинче, бутуна бекем турган кыйын адамга айланат экен. Мен бутума турдум, канчалык бекем экенин билбейм, бирок турдум” дейт дүйнөгө белгилүү америкалык актриса Аня Тейлор Жой. Актрисанын ийгиликке чейинки жолу бирөөгө сабак, дагы бирөөнө мотивация болсун.
Толук аты-жөнү: Аня Жозефин Мэри Тейлор-Жой
Туулган жери: АКШ, Майами
Туулган жылы: 1996-жыл, 16-апрель
Жылдыз белгиси: кой
Бою: 173 сантиметр
Кесиби: актриса, модель
Тартылган белгилүү тасмалары: “Канайымдын жолу”, “Эмма”, “Фуриоса: Хроники безумного Макса”, “Капчыгай”, “Курмандык”, “Острые козырьки”, “Жаңы мутанттар” жана башка
Кучак жайбаган Лондон
6 балалуу үй-бүлөдө кенжетайы болуп жарык дүйнөгө келди Аня. Аргентинада кенен фермада жашашчу. Тоок, өрдөк-каз, уй, кой, жылкы, ит... Баары бар эле. Үйдүн кожоюну убагында банкир болуп иштеп, кийинчерээк кайык спорту менен алектенип баштаган. Апасы болсо билими боюнча психолог, бирок удаа төрөлгөн балдарын, үй чарбасын карап үйдө отуруп калган. Ата-энесинин Англияга, Лондонго көчөбүз деген кабары балдары, айрыкча Аня үчүн жагымсыз кабар болду. Анткени азыр, ушул үйдө, ушул фермада ал өзүн бактылуу сезчү. Айла жок, Лондон өзүнүн чоңдугу, жаан-чачындуу аба ырайы менен тосуп алды. Жаныбарларды сүйгөн Аняга бир хомяк багууга гана урксат беришкен. Аны да көчөдөн таап, “3 буттуу экен, өлүп калат” деп ыйлап жатып көндүргөн апасын.
Тилден кыйналды, кошумча жаңы мектептеги классташтары кабыл албай, башкалардан өзгөчөлөнгөн келбетин келекелей беришкенинен кыйналды, толгон токой “комплекстүү” болду. “Канча аракет кылсам да мен классташтарыма кошула албай койдум. Мектепте мени же шкафка камап коюшчу же коркконумдан дааратканада ыйлап отурар элем чыкпай...” 16 жашка чыкканда чыдабай мектепти таштайм деген ойго келди. Ата-энеси каршы чыгат деп корккон эле, андыктан баракка болгон арыз-муңун жазып алган, макул болбосо окутам деп. Бирок апасы кызынын кыйналганын, буллинг токтобой койгонун билчү эле, андыктан “өзүң бил, кызым, кийин өкүнбөгөндөй жаша” деген колдоо сөзүн гана айткан.
“12 сантиметр бийик така менен качып...”
“Ал күн дале эсимде. Башкалар кулагыма куюп койгон алсыздыгымдан, ишенимсиздигимден, кемчиликтеримден аябай арылгым келчү. Бийик така кийсе адам бүкүрөйбөй калат деп укканым бар. Анан бүкүрөйбөйүн деп бийик така кийип баштагам. Ошол күнү 12 сантиметрлик бут кийим кийип, итим менен сейилдегенге чыккам. Ал кезде Нью-Йоркто жашачубуз. Бир аз баскандан кийин аркамдан кара машина келе жатканын байкадым. Сени карап жатканын сезесиң го, мен да сездим. Кийинки көчөгө жеткенде бурулуп кеттим, артымдан тиги машина да бурулду. Коркконумдан бийик такамды унутуп чуркап жөнөдүм, жүрөгүм дүк-дүк, кинодогудай болуп машинага тыгып каччудай сезилди. Анан машинадагы аял терезеден башын чыгарып кыйкырып калды “чоң кыз, сунушумду кабыл алсаң өмүр бою өкүнбөйсүң” деп. Анын айтканынан деле эмес, күйүгүп өпкөм ачыша баштаган эле, токтоп калдым. Анан жашоомду өзгөрткөн, өкүнбөгөн сунуш алдым...”
Аняны токтоткон Storm Managemen моделдик агенттигинин негиздөөчүсү экен. Ал бою узун, стандартка туура келбеген келбетке ээ кызга көзү түшүп, анын бийик така менен ишенимдүү басканын байкап келе жаткан экен унаасында. Мына ошол күндөн баштап Аня Тейлор Жой өзүнүн “комплекстери” менен чындап күрөшө баштаган. Биринчи жеңиши модель катары подиумга чыкканы болду. Канчалаган көздөр, чыркылдаган фотоаппараттар... анан подиум жана анда өзү жалгыз Аня. Анан көптөгөн фотоссесиялар, жарнамалык кампаниялар орун алды. Мода дүйнөсүнүн өкүлдөрү моделге “космостон келген айым” деген комплиментти көп айтышчу. Көпчүлүктүн мактоосуна, суктануусуна арзыса да Аняда баягы “боз өрдөктүн косплекси” кала берди.
Багынбаш керек...
Аня Тейлор Жой өмүр бою “багынбаш керек...” деген ураан менен жашап келе жатканын айтат. Киного алып келген мода дүйнөсү болду. Мода көрсөтмөлөрдүн биринде киночулардын бири менен таанышып, актриса болуу кыялын билдирген. Эң алгач Анжелина Жоли башкы ролду ойногон “Малифисента” тасмасына Малифисентанын кичинекей чагын ойногон актрисанын ролуна кастингге катышкан эле, бирок өтпөй калып 2-3 күн ыйлаганын эскерет.
2014-жылы “Вампирлер академиясы” сериалында кичинекей эпизоддон “чуркап өтүп кеткен”. Ошентсе да ага тасма талаасындагы атмосфера, иш процесси жаккан. Бир нече эпизоддук ролдордон кийин “Жез кемпир” фантастикалык тасмасына тартылат. Бирок кино чыккандан кийин башкалардын жылуу пикирине карабай өзүнүн ойногонун жактырбай койгон. Белгилүү режиссёр Стивен Кинг “тасманы көргөндө толкундануу сезими жаралды, жакшы аткарыптырсың” дегенин уккандан кийин гана ролуна башкача көз караш менен карап калган.
“Эл сени жинди экен дейт”
Учурда Аня Тейлор Жой “Мыкты актриса” номинациясында (“Эмма” тасмасы) “Алтын глобус” сыйлыгын алган актриса. Буюрса, алдыда “Оскар” алчу күн алыс эместир. Ар бир ролуна көп убакыт даярданат. Бардыгын өзү аткаргысы келет, көрөрманды алдаган туура эмес деп эсептейт. Анянын билими бар балерина экенин көпчүлүк биле бербейт. Боевик тасмаларында мушташкан сценалар чындыкка жакын болуусу үчүн түрдүү уруш өнөрлөрүн, мушташканды үйрөнгөн. Бийиктиктен корксо да, тасмага керек деген учурда көзүн жумбай туруп секирип кеткен. Аткарган ролуна, каарманына ушунча берилгендиктен ар бир тасмада мүнөзүндө өзгөрүүлөр болуп турарын айтат.
“Кичине кезимде мендей түрү суук адамдар актриса боло албайт деп ойлочумун да. Бирок мен болдум десем жолдошум уруша берет “журналисттерге интервью бергенде ушул сөзүңдү айтпай эле койчу, эл сени жинди деп ойлоп калат” деп. Эсимде “Эммага” тартыларым белгилүү болгондо паникалык атака болгом “мага чейин жалаң сулуу Эмма болчу, мен тарыхтагы түрү суук Эмма болот турбайымбы” деп. Дагы деле өзүмдү кабыл алуу, сүйүү, баалоо процессиндемин” дейт таланттуу актриса.
Кинодон сырткары
Кинодон жана башка жумуштарынан сырткары Аня айымдын жашоосу да жайында. 2022-жылы музыкант Малькольм Макрейге турмушка чыккан. “Бакыт үчүн көп нерсенин кереги жок, бөлмөдө гитара, фортепиано, сыналгы, китептер болсо болду. Музыканы, поэзияны сүйөм. Ковид пандемиясы мени жалгыз болуунун коркунучу жок экенин үйрөттү” деген актриса дагы деле жаныбарлар менен убакыт өткөргөндү жакшы көрөт. Андан сырткары экологияга байланыштуу маселелерди жоюуга активдүү катышып келет.
Асыл Орозбекова