ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 11-августтан 17-августка чейин

КОЙ
(21.03–20.04)

Иш-аракет үчүн жакшы апта, биринчи кезекте өзүңүздү өстүрүүгө, өзгөртүүгө багытталган иш-аракеттер болгону туура. Бойдоктор перспективдүү мамилеге өтүшү ыктымал, баш кошуу сунушу болсо баш тартпаңыз. Өнөкөт оорулар тынчын алып жаткандар аптанын ортосунда өзүн жеңил сезип калышат, абалы жакшырат. Дем алыш күндөрү сапарга чыгуу пландарын жылдыра туруңуз. Андан көрө достор менен үй-бүлөлүк шаңдуу эс алуу уюштурсаңар, өзүңөргө да, үй-бүлө мүчөлөрүнө да жагасыңар.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Ишиңиз бир орундан жылбай жаткандай болот. Бул тыныгуунун эч кандай жаман кесепети жок. Убакыттан пайдаланып жаңы идеяларды таап, аны ишке ашыруу боюнча план түзүп алыңыз. Жөнү жок соода кылып, ашыкча акча коротуудан карманыңыз, финансылык тартыштык жаралышы мүмкүн. Жумушта тыныгуу болгону менен, жеке жашоодо активдүүлүк байкалат. Жакындарыңыз менен биргеликте убакыт өткөрүңүз, эсте кала турган жагымдуу көз ирмемдер орун алат. 

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

 Өзүңүздү айрым нерселерден чектөөгө туура келет. Мунун кесепетинен апта оор өтүп жаткандай сезилиши ыктымал. Активдүүлүгүңүз азайып, энергия жок жумуштан ката кетирип жетекчиликтен эскертүү алышыңыз мүмкүн. Аптанын экинчи жарымында бардыгы калыбына келет. Каржылык тармакта туруктуулук сакталат. Өзүңүздөн кичүү туугандар менен сүйлөшүп, жаңы муундун ойлорунун өзгөчөлүгүнө таң каласыз. Ысык аба ырайында көчөгө көп чыкпаңыз, баш оорусу жаралат.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Өткөн чакта болуп өткөн окуялар кайра козголуп, достор арасында аброюңуз көтөрүлөт. Чөнтөгүңүзгө кошумча акча түшөт, жакындарыңызды даамдуу тамак-аш сатып берип кубантыңыз. Түгөйлөрдүн ортосунан “кара мышык” өтүп, пикир келишпестик жаралышы ыктымал. Энергияңызды туура багытка бура алсаңыз, пайдалуу көп иш бүтүрөсүз. Жеке жашоодо көчүп-конуу сыяктуу окуялар орун алышы ыктымал. Жолдон бирөө жоготкон буюм таап алышыңыз мүмкүн.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Жашоону жаңы барактан баштоо каалоосу жаралат. Туугандардын же өзүңүздүн үйдө той-аш өткөрүү пландалып, конок тосуу аракети менен жүрүп чарчайсыз. Жумушта баштагы “таажыны” чечип, жөнөкөй болуу сунушталат. Болбосо туура эмес айтылган бир сөздөн чоң чыр чыгып кетиши мүмкүн. Түгөйүңүздү кызганычка алып келе турган кыймыл-аракет жасабаңыз. Достордун бири кубанычтуу жаңылыгы менен бөлүшөт. Дем алыш күндөрүнө пландаган эс алууңуз ойдогудай өтмөкчү.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Үйдө майдачыл болуп баарына кийлигише берсеңиз, жакындарды таарынтып аласыз. Андан көрө сырттагы жумуштар менен алек болгонуңуз жакшы. Жумушта интеллектуалдык жөндөмүңүздү пайдалансаңыз ийгиликке жетесиз. Кол коюуну талап кылган иштерди артка жылдырыңыз. Ага чейин тажрыйбалуу адамдар менен кеңешип алган оң. Тамак-аш жегенде сапатына кароо керек, уулануу коркунучу бар. Ишемби күндү эс алууга арнаңыз, жекшембиде пландалбаган иштер чыгышы ыктымал.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Уюштуруу, багыт берүү жөндөмүңүздүн жардамы тийип, жетекчиликтин көзүнө урунасыз. Бул карьералык тепкичтен өсүүгө жардам берет. Аптанын биринчи жарымы жумуш жаатында жемиштүү болот, экинчи жарымында насыя маселеси тынчыңызды алышы мүмкүн. Карыздарды эртерээк бергенге аракет кылыңыз. Эмоционалдык абал туруксуз болуп, депрессия, стресс абалы жакындайт. Бардык кыйынчылык утурумдук экенин унутпаңыз. Апта соңу жагымдуу жаңылыгы менен кубантат.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Чаяндар үчүн романтикалык апта. Сүйүү табуу, сүйүүнү далилдөө, сүйүүнү бекемдөө сыяктуу иштер менен алек болосуз. Балдарыңыз менен көбүрөөк убакыт өткөргөнгө аракет кылыңыз, алар сиздин камкордукка, мээримге муктаж. Жумушта өзгөрүү байкалбайт, туруктуулук сакталат. Акчаңызды үнөмдөңүз, кокустан керек болуп калганда башкалардан жардам сурап жалдырабагандай болуу керек. Кан басымды ченеп туруңуз, ысык аба ырайында ден соолукта көйгөй жаралбасын.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Окуяларга бай, активдүү апта орун алат. Бул убакыт аралыгын карьерага, саякатка, таанышууларга арнаса болот. Юридикалык иштер да ушул аптада оңой бүтөт. Эске түйчү нерсе, акчаны үнөмдөө керек. Болбосо сарамжалдуулуктун чегинен чыгып кетесиз. Туугандарды кыдырып коноктошуңуз күтүлөт. Үйдөгү жаш балдардын кылык-жоруктары маанайыңызды көтөрөт. Келбетке эксперимент жасоо убактысы эмес. Аптанын соңку күндөрүн жакындар менен бирге табият коюнунда өткөргөнүңүз жакшы.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Дүйшөмбүдөн шаршембиге чейин жумушта да, үйдө да эч кандай динамика байкалбайт. Бул күндөрү масштабдуу эч нерсе пландабай эле коюңуз. Бейшембиден баштап жылыш байкалат, өнөктөштөр менен биргеликте пайдалуу келишим түзөсүз. Чарбада баштаган ишиңиз да илгерилейт. Жакындар арасында эмоцияны көзөмөлдөп, оройлукка жол бербеңиз. Дем алыш күндөрү сырттан эч кандай тынчыңызды алган нерсе жок, өзүңүз каалагандай эс алсаңыз болот.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Өзүңүздү бош таштаган, бир аз жалкоолук кармаган апта болот. Айласыздан гана жумушка барып келишиңиз мүмкүн. Эки жакты карабай, камырабай жүрө берип бирөөнүн терс таасирине кирип кетишиңиз мүмкүн, абайлаңыз. Стартапка инвестиция жасасамбы деген ой болот, алдын ала адистерден кеңеш алуу сунушталат. Бойдоктордо жаңы таанышуулар болот, бирок ал адам көңүлүңүзгө толбой калышы ыктымал. Апта соңу кыска аралыкка сапарга чыгышыңыз күтүлөт. 

БАЛЫК
(20.02–20.03)

Балыктарда профессионалдык планда да, финансылык планда да ийгиликтүү апта болмокчу. Алдын ала пландалгандай киреше түшөт. Бөйрөк, эндокриндик системасында өнөкөт оорусу барлардын дарты козголушу мүмкүн. Физикалык күч келтирген оор жумуш жасабай туруңуз. Кызмат көрсөтүү тармагында иштегендердин жумушу илгерилейт. Жумуш канчалык көп болсо да өзүңүзгө көңүл буруп, эс алганды унутпаңыз. Түгөйүңүз сизге сюрприз жасап, романтикалык кеч уюштурушу күтүлөт.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1182, 8-14-август, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан