Муздаткычты убагында тазалап-жууп турсаңыз да жагымсыз жыт чыгып жатабы? Анда төмөнкү кеңештер сизге жардам болсун.
1. Бир нанды алып, майда бөлүкчөлөргө бөлүп туураңыз. Муздаткычтын ар бир бөлүгүнө тууралган нанды идиштерге бөлүп салып коюу керек. Бул ыкманы жатар алдында колдонуңуз, таң аткыча муздаткычты эч ким ачпагандай болсун. Нан жагымсыз жыттарды сиңирип алат.
2. 1 литр сууга 2 аш кашык сода салып аралаштырып, ага чүпүрөктү салып нымдап алып муздаткычтын ичин жакшылап сүртүп чыгыңыз. Артынан таза сууга чайкалган чүпүрөк менен тазалап сүртүп коюу керек. Бир чыны сууга 1 чай кашык сода салып аралаштырып, чыныдагы сууну муздаткычка бир нече саатка салып койсо да жардам берет.
3. 1:1 суу менен уксусту аралаштырабыз, резина мээлей кийип алып аралашмага чүпүрөктү салып суулап муздаткычты жууп-тазалап чыгабыз. Уксустун жыты кетиши үчүн бир канчага чейин муздаткычтын эшигин ачып коюу керек.
4. Лимон ширеси менен муздаткычты тазалап чыгуу да жакшы ыкма. Андан сырткары лимонду бир нече бөлүккө бөлүп, муздаткычтын ар кайсы бөлүгүнө салып коюңуз.
5. Кадимки активдештирилген көмүрдүн (активированный уголь) 10 таблеткасын майдалап упа түрүнө келтиребиз. Упаны контейнерге салып муздаткычка коюп коюңуз, жытты сиңирип алат.
6. Алгач бет кап жана резина мээлей кийүү зарыл. Андан соң 1 литр сууга 1 аш кашык нашатырь спиртин кошобуз. Аралашма менен муздаткычты жакшылап сүртүп чыгуу керек.
7. 1 литр сууга 0,5 чай кашык марганцовка кошобуз да, аралашма менен муздаткычтын кычык-пычыгын калтырбай тазалап чыгабыз.
Эскертүү! Муздаткычты жууп-тазалоодо алдын ала 1 күн мурун электр тогунан ажыратып, розеткадан сууруп коюу керек. Ичиндегилердин баарын бошотобуз. Жакшылап жууп-тазалап, дезинфекция кылгандан кийин эшигин ачып жок дегенде 1 күн иштетпей туруңуз.