ШИШИ ТОЛДУ деген эмне?
Шиши толуу бул – күнөөсү абдан көбөйүп, ашынып кетүү, эч нерсени көзүнө илбей калуу, өтө көөп кетүү, чегине жетүү. Сага элеби какмар! Бирөө жазаңды берер! Шишиң гана толду (Жусупов). Адам күнөөгө батып, шиши толгондо андан жакшылык оолактайт тура (Осмоналиев). «Мунун шиши толду, жакында кызматынан бошойт», - деп Кызылбаш күрпүлдөгөн (Каимов).
Илгери кыргыз элинде колдон суурулуп. түндүктөн түшкөн ууру болуптур. Аны кармап, тиешелүү жазасын берүү үчүн эл жапа тырмак чогулуп, аракеттенишет. Бирок ашынган ууру көпкө чейин колго түшпөйт. Ал турмак уурулугун күчөтүп, элге тынчтык бербейт. Көпкө ууру өзүнүн канча кой уурдаганынын эсебин алуу үчүн ар бир уурдап келген койду союп, куйкалап жеп жатып, анын этинен бир үзүмдөн шишке сайып жүрөт. Колго түшпөй, уурулугун уланта берет. Баягы уурдалган ар бир койдон бир үзүмдөн эт сайган шиштеринин экөө толуп, үчүнчүсү толууга чукулдап калат. Күндөрдүн биринде дагы бир койду адатынча уурдап келип, этин куйкалап жеп отуруп, эттен бир үзүмдү шишине сайып:
- Аа, кудай буюрса бул шишим да айтты, -деп өз ишине маашырланып отурганда, көптөн бери аңдып, уурунун түнөгүн таап, тыңшап турган эл:
- Ооба, кески, сенин шишиң толду, - деп кептен кармашып, өз жазасын беришет.
Х.Карасаев, «Накыл сөздөгүнөн»
Автор: Аттокур Жапанов
Жер албагыр дегенчи?
Кыргыздын кары кишилери жаман көргөн кишисин: «О, жер албагыр», — деп тилдейт. «Жер албагырдын» өзүнчө мааниси бар.
Эгер адам эң бузуку, алдамчы, карасанатай, ууру, ушакчы, кара ниет, арамза, аракеч болсо, аны жер да албайт дешет. Кийин ооруп, же киши колдуу болуп өлгөндө кайсы жерден көр казса да жалаң таш чыгып туруп алат дейт.
Үркүндөн мурун Нарындан Алакөз деген адам чыгыптыр. Ойлогонунун баары жамандык экен. Далай момундардын акысын жеп, ак кишилерди жамандап, уурулук, зулумдук кылчу экен.
Тирүү кезинде адам баласына жакшылык кылбаптыр, бирок эң оокаттуу жашаптыр.
Кийин өлгөндө, эли жыйналып коймокчу болуп кай жерди казса эле таш, суу, жылан, бака чыгат дейт. Эптеп жатып көөмп, эртеси карашса, жер төрт саржан жерге өлүктү бүркүп таштаптыр.
Аңдан алып бөлөк жерге койсо, бир күн өтпөй жана да бүркүп салыптыр. Анан карыяларын айтуусу боюнча эки жолдун кошулган жеринен көр казып, мал союп көмгөн экен, ошондо араң жер алыптыр.