Өзүнүн темирдей соккулары менен бир канча жыл рингде укмуш ажиотаж жаратып, чыныгы шоуну көрсөтүп келген Майк Тайсон 2005-жылы чоң спорт менен биротоло кош айтышканын билдирген эле. Майк өз өмүрүнүн 20 жылдан ашыгын бокско арнап, профессионалдык рингде эле айыгышкан 50 таймашты башынан өткөргөн. Анын 44үндө нокаут менен жеңишке жетишсе, 6сында утулууга дуушар болгон. Эмесе, Майктын спорттук карьерасы менен жакындан таанышуу үчүн артка бир кылчайып, анын урунттуу учурларын көз алдыбыздан өткөрсөк...
1966-жыл. 30-июнда Майк Нью-Йорк шаарында жарык дүйнөгө келген. Тилекке каршы, ал төрөлгөнгө чейин эле атасы алардын үй-бүлөсүн таштап кетип калган. Ал эми жалгыз бой калган эне Майк менен бирге анын агасы жана карындашын алып, кара терилүү адамдар отурукташкан Нью-Йорктогу райондордун бирине көчүп келет. Үйбүлөнүн финансылык абалы жарды болгонуна байланыштуу, ысык суусу жана жылуулугу жок үйдө бир канча жыл жашоолоруна туура келет.
Майк бала чагында башкалардан өзүнүн жумшак мүнөзү менен айырмаланганынан улам коңшу балдары жана классташтары аны дайыма уруп-согуп, мазактап, апасы берген тыйындарын тартып алышчу.
1977-жыл. Тайсон 11 жашка чыкканда анын жашоосунда чукул бурулуш болот. Майктын эскерүүсүндө, ал тынчтыктын символу болгон көгүчкөндөрдү багууну жакшы көргөн. Күндөрдүн биринде көчө “бандасынын” башчыларынын бири, андан бир топ жаш улуу бала Майктын колунан көгүчкөнүн тартып алып, башын жулуп таштайт. Мындай көрүнүштү карап тура албаган Тайсон жинденип, жанындагы баланы аябай сабап салат. Майк дал ушул эрдигинин арты менен көчөдөгү жаш “бандиттер” арасында кадыр-баркка ээ болуп, алардын катарын толуктап, чөнтөккө кол салууну, дүкөндөрдү тоноону үйрөнө баштайт.
1978-жыл. 12 жашында өспүрүм курактагы темир муштум бирөөнүн чөнтөгүнө колун салам деп кызыл шапкечендердин кылтагына түшүп, балдардын түзөтүү колониясына жиберилет. Тайсондун айтымында, тартип бузган балдарды түз жолго салууга үгүт жасоо үчүн барган легендарлуу мушкер Мухаммед Али менен жолугушкан соң Майк бокс менен машыгуу тууралуу ойлоно баштайт.
1979-жыл. 13 жашында теңтуштарынан күч жагынан өзгөчөлөнгөн өспүрүм жаш кылмышкерлердин атайын мектебине жөнөтүлөт. Бирок, Майк анда да тартип бузуп, карцерге жайгаштырылат. Төрт дубалдын ичинде камалып, бук болгон Майк анда дене тарбиядан сабак берген мурдагы боксёр Бобби Стюарт менен кездешүүнү суранат. Стюарт келгенде Майк ага мушкер болууну каалаганын билдирген, бирок, Бобби Тайсондун тартипти бузбай, сабагына көңүл бурса гана машыктыраарын айткан. Алдыга коюлган дал ушул шарт Майкка кандайдыр бир таасирин көрсөтсө керек. Анткени, окууда теңтуштарынан бир кыйла артта калган Майктын билим алуусунда жылыштар байкала баштаган. Ал бокс менен машыгууга баш-оту менен кирип, ошол учурда “Алтын мээлей” мелдешинин жеңүүчүсү болгон өзүнүн машыктыруучусу Бобби Стюарт менен ринг үстүнө чыгып, аны бир нече жолу жеңип алат. Мындайды байкаган Бобби шакирти устатынан өтүп кеткенин түшүнүп, ага чоң рингге жол ачып берүү максатында эки дүйнөлүк чемпионду тарбиялап өстүргөн легендарлуу машыктыруучу Касу Дамато менен тааныштырат. Касу Майкты көрөөрү менен эле: “Буга окшогон жаш кылмышкерлерди эмне менен багасыңар?”- деп кызыгып сураган. Анткени, 13 жаштагы Майктын салмагы 80 килограммга жетип, булчуңдары кадимкидей чыгып калган эле. Бир канча убакыттан соң Майк Даматонун үйүнө көчүп келип машыга баштайт. Тайсондун энеси көз жумгандан кийин машыктыруучусу анын документтерин өзүнө которуп, Майкты багып-өстүрүү жүгүн моюнуна алат.
1981-жыл. Темир муштум 15 жашында “боксту сүйүүчүлөр” рингинде 25ке жакын беттешүү өткөрүп, анын 6сында жеңилүүгө дуушар болуп, машыктыруучусу күткөн ийгиликти жарата алган эмес.
1984-жыл. Тайсон АКШнын Олимпиадалык курама командасына талапкер катары киргени менен эки жолу тең Генри Тиллманга утулуп, Олимпиада оюндарына барбай калат. (Генри Олимпиадада чемпион болот, бирок, кийинчерээк Тайсон менен болгон матч реванштын 1-раундунда эле нокаутка кетет).
1985-жыл. 6-март күнү Майк алгачкы жолу профессионалдык рингге эч кандай музыканын коштоосу жана халаты жок эле чыгып, 1-раундда эле атаандашын нокаутка жөнөтөт. Ушул жылы 15 беттешүү өткөрүп, бардыгын беттеш убактысы бүтө электе эле жеңип чыгат. Спорт адистери: “Дамато оор салмактагы идеалдуу боксёрду тарбиялады. Эми дал ушул адам дүйнө чемпиону болот”,- деген пикирлерин ортого сала башташкан. Тилекке каршы, анын машыктыруучусу Майктын дүйнө чемпиону болгонун көрбөй, ошол жылы 77 жаш курагында дүйнөдөн кайтат. Өз атасындай болуп калган Даматонун өлүмү Майк үчүн оор жоготуу болуп, аны чоң кайгыга салат.
1986-жыл. 22-ноябрда Тайсон бокстун тарыхында эң жаш дүйнө чемпиону аталат. Жыйырма жашында эле бокстошкондордун дээрлик бардыгын нокаутка кулатып, өз буттары менен рингден кеткен атаандаштарынын санын азайткан.
1987-жыл. 22-июнда бирөөнү муштап салгандыгы үчүн Майк камакка алынат. Бирок, 105 миң доллар төлөгөндөн кийин иши жабылып, эркиндикке чыгат.
1-августта Тони Таккерди жеңип, Майк оор салмак боюнча бокстогу 3 титулдун ээси болуп калат. Бул убакта Тайсондун атаандаштары рингге аны жеңүү үчүн эмес, аны менен мушташууга чыккандыгы үчүн миллиондогон гонорарларды алып турушкан. Себеби, темир Майктын соккусуна кабылгандардын мээси чайкалып, көзү айланып, 3 раунддан ашык убакыт бутунда тура албай калышкан.
1988-жыл. 9-февралда Майк Робин Гивенс аттуу актрисага үйлөнөт. Бул нике дүйнө чемпионунун боксёрдук карьерасына жана психологиялык абалына терс таасирин тийгизген. Себеби, анын жубайы Майк туура эмес сүйлөп койсо эле элдин көзүнчө аны бетке чабууну адат тутуп алган. Акырында эси жок аялынын мүнөзүнө чыдабаган мушкер аны менен ажырашып тынган. Акылсыз сүйүктүүсүнөн айрылганынан улам стресске кабылган Майк өзүн-өзү өлтүрүү үчүн машинасы менен атайын даракты сүзүп, мээсин катуу чайкап алат.
1990-жыл. 11-февралда Японияга барып, өзүнүн чемпиондук титулун Жеймс Дугласка алдырып коёт. Бул жеңилүү сенсациялуу окуялардын бири болуп калат.
1991-жыл. 18-июлда кара терилүү айымдардын “Американын кара сулуусу” сынагынын катышуучусу Дезире Вашингтон менен таанышат. Экөө Майктын машинасы менен көчө кыдырган соң мушкердин үйүндө түнөп калышат. Бирок, Дезире: “Майк мени зордуктады”,- деп сотко арызданат. Экөөнүн сүйүү кумары эки тараптын каалоосу менен болгонуна карабай, сот Тайсонду 6 жылга эркинен ажыратып жиберет.
1995-жыл. Бирок, берилген мөөнөттүн аягына чыкпай 3 гана жыл түрмөдө отуруп, 25-мартта ислам динин кабыл алып, эркиндикке чыгат. 19-августта эркиндикке чыккандан кийинки алгачкы беттешүүсүн Макнили менен өткөрүп, 89 секунданын ичинде атаандашын 2 жолу нокдаунга жиберип, темир Майк күчтөн тая электигин эл аралык коомчулукка далилдеп көрсөтөт.
1996-жыл. 7-сентябрда Майк Тайсон Леннокс Льюис менен беттешүүдөн баш тарткандыгы үчүн Леннокско 4 миллион доллар төлөп берет.
9-ноябрда Эвандер Холлифилд менен бокстошуп, 11-раундда андан техникалык нокаут менен утулуп калат.
1997-жыл. 19-апрелде Майк Моника Тернер аттуу айым менен тагдырын байлайт.
28-июнда Холлифилд менен матч реваншка чыгып, Эвандер Тайсонду бир нече жолу башы менен сүзгүлөгөндүгү үчүн 3-раундда Майк анын оң кулагын тиштеп жулуп алган. Бирок, врачтар Эвандерди текшерген соң ага беттешүүгө уруксат беришкен. Бир канча убакыттан кийин Тайсон кайрадан Эвандердин соо калган сол кулагын тиштеп алганда беттеш токтотулган. 9-июлда атлетикалык комиссия Тайсондун жогорудагыдай жоругу үчүн анын боксёрдук лицензиясын тартып алып, 3 миллион доллар айып салып коюшат.
1998-жыл. 5-мартта Майк өзүнүн промоутери Дон Кингди “бирге иштешкен убагында көптөгөн зыяндарды алып келген” деп күнөөлөп, “100 миллион доллар компенсация төлөп берсин” деп аны сотко берет.
31-августта Тайсон жол чыракта токтоп турган кезинде башка машина келип артынан сүзүп алса, сыртка чыга калып, анын айдоочусун ур-токмокко алат.
19-октябрда атлетикалык комиссия Майктын боксёрдук лицензиясын кайтарып берет.
1999-жыл. 5-февралда жогоруда айтылган айдоочуга кол көтөргөндүгү үчүн 3 айга темир тор артына айдалып, 200 сааттык коомдук иштерге тартылат.
2002-жыл. 18-январда 2 балалуу болууга жетишкен экинчи жубайы Моникадан да кол үзөт.
22-январда Тайсон менен Льюис пресс-конференция өткөрүп жатканда Тайсон Льюистин жансакчысын бир уруп жыгат. Бирок, ошол замат Льюистин муштум менен жооп берген катуу соккусуна кабылат. Мушташ убагында Тайсон Льюистин бутун тиштеп алууга үлгүрөт.
25-мартта эки дөөнүн беттешүүсү өтүп, 8-раундда Льюис Тайсонду утуп чыгат. Экөөнүн таймашына сатылган билеттердин жалпы суммасы 23 миллион долларды түзгөн.
2003-жыл. 11-августта Тайсон 300 миллион долларын коротуп салганын жана банкротко кабылганын айтып чыккан.
2004-жыл. 30-июлда көп деле белгилүү эмес британиялык мушкер Дэнни Уилямстан Тайсон жеңилип, жылдызы жанган убактысы өтүп бараткандыгынан кабар берет.
2005-жыл. 11-июнда ирландиялык Кевин Макбрайд менен беттешип, 7-раундда Майк атаандашы менен бокстошуудан баш тартып, өзүнүн спорттук карьерасынын аяктаганын калың элге минтип угузган: “Мен үчүн бокс 1990-жылы эле бүткөн. Бирок, мен өзүмдү-өзүм алдап, акча үчүн гана рингге чыгып жүрдүм. Себеби, мен кыздарды жакшы көрчүмүн, алар болсо акчаны жакшы көрүшчү. Ички дүйнөмдөгү мурдагы от-жалынды азыр сезбей калдым. Ошондуктан, Макбрайд сыяктууларга утулуп, өзүмдүн сүйүктүү спортумду уят кылбастан, бокс менен кош айтышам”,- деген сөзүн ортого салган.
2006-жыл. 20-октябрда акча табуу максатында дүйнөлүк турнеге кетип, ар кайсы өлкөлөрдү кыдырууну баштаган.
19-ноябрда бокс боюнча бир кездеги абсолюттук чемпион Майк Тайсон айымдарды жыныстык жактан канааттандыра турган эркектердин сойкуканасында иштөөгө макулдугун берген.
2007-жыл. Ушул жылдын январь айында түнкү клубдан чыгып келе жаткан Майк баңгизат менен кызыл шапкечендердин колуна түшүп, АКШнын аймагынан чыкпоо тууралуу эскертүү алган. Бирок, соту ушул күнгө чейин боло элек.
Тайсондун жүрүш-турушу, кылык-жоругу коомчулук тарабынан сындалып келсе да, спорттун туу чокусуна чыгууда Майк дагы турмуштун ар кандай кыйынчылыктарын башынан өткөрүп келгенин айтып коюшубуз керек. Боксту сүйбөгөндөрдүн да эсинде Мухаммед Али менен Майк Тайсондун ысымдары сакталып кала бермекчи. Тайсондун рингден кеткени бокс дүйнөсүндө бир жылдыздын өчкөнүнөн кабар берет. Бирок, бири кетсе, анын ордуна экинчиси сөзсүз келет эмеспи. Алардын канчалык деңгээлде экендиги башка сөз. Анткени, жылдыздардын баары эле бирдей жанып, айланага окшош жарыкты тартуулай алышпайт. Майк болсо бокс дүйнөсүндөгү жаркыраган жылдыздардын бири экендигин эч ким тана албайт.
Даярдаган Улан Мамбетов