“Майып төрөлбөшү үчүн балага курсактан эле операция жасалууда"

Эненин курсагындагы балада патология бар экени билинсе, ага курсакта жаткан жеринен операция жасалууда. Бул – баланы оор майыптыктан куткарып калуу аракети. Мындай операциялар мурда чет өлкөлөрдө гана жасалса, азыркы тапта Бишкекте да жасалууда. Мындай ыкманы өлкөгө Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Сайкал Өмүрзакова алып келип, учурда операциялардын башында өзү турууда. 

 

“34 балага жасалды”

– Курсактагы түйүлдүккө операция жасоо менен олуттуу патология – майыптыктын оор формасы менен төрөлүп калышы, алтургай төрөлөрү менен чарчап калышы мүмкүн болгон балдардын ден соолугун сактап калууга болот. Ал феталдык операциялар деп аталат. Бизде бул үчүн атайын аспап, аппараттар сатылып алынган. Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 34 түйүлдүккө операция жасалды. Феталдык операция жасоо үчүн алгач түйүлдүккө так жана туура диагноз коюлушу шарт. Бул үчүн УЗИнин, каканак суусунун, киндик канынын анализдеринин жыйынтыктары жана башкалар керек.

Операция кайсы ооруларда жасалат?

Резус фактор. Кош бойлуу аялдын канынын резус-фактору терс, күйөөсүнүкү оң болсо, курсактагы бала атасынын резус-факторун мурастайт. Ошондо эне-баланын канынын резус-факторлору ар башкача болуп калат. Биринчи төрөттө аялдын организминде антиген жана антителалардын саны абдан аз болгондуктан түйүлдүккө анчалык коркунуч жаратпайт, бала аман-эсен төрөлөт. Экинчи кош бойлуулукта маселе жаралат. Анткени аялдын организминде антиген жана алар иштеп чыгарган антителалардын саны көбөйөт. Натыйжада эне менен түйүлдүктүн кан топторунун келишпестиги келип чыгат. Анткени аялдын канындагы эритроциттердин үстүндө резус-фактор белогу болбойт, организми ал эмне экенин билбейт. Түйүлдүктүн канындагы эритроциттердин үстүндөгү белокту аялдын иммундук системи чоочун зат катары таанып, эритроциттерди жок кылууга өтөт. Бул илимде “резус-конфликт” деп аталат. Эритроциттер өлө баштагандан улам балада анемия жаралып, боору жана жүрөгү чоңоюп кетет. Мындай учурда биз түйүлдүккө операция жасоо аркылуу кан куюп, баланын аман-эсен төрөлүшүнө шарт түзөбүз. Мурда мындай диагноз менен бала ичтен чарчап калчу же гемотикалык анемия оорусу менен төрөлчү да. Аталган ооруда анемиядан тышкары билирубиндин деңгээли жогорулап, баланын денеси бүт саргайып кетет. Феталдык операция менен ушунун алдын алууга болот.  

 Түйүлдүктүн мээсинде суу көбөйүп кеткенде. Адамдын мээсинде ликворду (жүлүн суусун) иштеп чыгарып туруучу 4 карынча болот. Ликвордун милдети – мээнин ткандарын жарааттардан коргоп, мээге керектүү азык-заттарды жеткирүү, мээдеги зыяндуу заттарды сыртка чыгаруу болуп эсептелет. Ликвор кош бойлуу аялдын жыныстык жактан жугуучу оорулар менен оорушунан, башка ооруларга чалдыгышынан, ичимдик ичишинен жана гендик мутациядан улам көбөйүп кетет. Түйүлдүктүн мээсинде суу көбөйүп кетсе, мээ калыптагыдай өспөй калат. Мээ сууга эзилип кетиши да мүмкүн. Ошондуктан бала кем акыл төрөлүп же өмүр бою сүйлөбөй, баспай калышы ыктымал. Текшерүүдө ликвордун көбөйгөнү билинсе, түйүлдүктүн мээсине балдар нейрохирургунун жардамы менен ашыкча суулардын чыгып турушу үчүн шунт (жасалма каналча) коёбуз. Баланы гидроцефалия оорусуна кабылуудан, кем акыл төрөлүшүнөн куткарып кала алабыз.

 Эгиздерге кан бирдей бөлүнбөй калганда. Курсактагы эгиз же үч эмдин тону бир болгондо алардын кан менен камсыздалышы тегиз болбой калат. Эгиздердин бири (донор) канын жоготуп баштайт, экинчисинде, тескерисинче, (реципиент) шеригинин каны кошулгандан ашыкча болуп баштайт. Ашыкча кандан реципиент-түйүлдүктүн ички органдары: жүрөгү, боору чоңоюп, бала шишип кетет. Донор-түйүлдүктө болсо анемия, гипоксия жаралып, өспөй баштайт жана чарчап калышы мүмкүн. Неонаталдык  хирургдардын жардамы менен операция жасап, түйүлдүктөрдүн кан менен бирдей жабдылышын камсыз кылып, аман-эсен төрөлүшүнө шарт түзөбүз.

 Өпкөдө ичине суу толгон кисталар болгондо. Өпкөнүн кистоздук-аденоматоздуу кемтик оорусу бар. Өпкөнүн бронхиолдорунда (аба алмашып туруучу баштыкчалар) түрдүү өлчөмдө ичине суу толгон кисталар жаралат. Мунун айынан бала төрөлгөндө дем ала албай чарчап калат. Биз ушунун алдын алып түйүлдүктүн өпкөсүнө ашыкча суулар чыгып туруусу үчүн шунт орнотобуз.

 Каканак суусу көбөйүп кеткенде. Бул патологиянын айынан ара төрөп коюу көп кездешет. Салмагы 500-600 грамм баланы сактап калуу мүмкүн эмес. Ошондуктан амниоредукция операциясын жасайбыз. Болбосо суудан улам жатын чоңоё берип салмактанып, тондон ажырап баштайт да, бойдон түшүү күтүлөт. Кан көп кетүүдөн жатынды, алтургай аялдын өзүн аман сактап калуу зарылдыгы чыгат. 

Алдыда дагы кандай операциялар жасала баштайт? 

 – Бифида омурткасы оорусунда. Түйүлдүктүн кайсы бир омурткасы толук өсүп-жетилбей калат да, мунун айынан омуртканын жүлүн өтүүчү каналынын ошол туштагы жери толук жабылбай калат. Жабылбай калган жерде ичине жүлүн суусу толгон баштыкча жаралып, ал сыртка томпоюп чыгып турат. Мындан улам ортопедиялык, урологиялык, нейрохирургиялык маселелер жаралышы мүмкүн. Мисалы, баланын заара-заңын кармай албай калышы, башында суу толуп кетиши, баса албай калышы да ыктымал. Биз түйүлдүккө операция жасап, ачык калган каналды биопротез менен бүтөйбүз. Биопротез ткандар менен кошо өсүп, кадимки тканга айланат.

Операциянын түйүлдүккө зыяны жокпу?

– Феталдык операциялар диагнозуна жараша түйүлдүктөрдүн ар кайсы мөөнөтүндө жасалат. Мисалы, 6 айында же 8 айында. Абдан чеберчиликти, тактыкты талап кылган оор операция. Анткени түйүлдүктүн органдары өтө кичине. Нормадан 1 миллиметр да ашыкча кесүүгө болбойт. Операцияда каталык кетсе эрте төрөт, тондун жатындан ажырап кетиши, жатындын жарылышы сыяктуу коркунучтар бар. Андыктан ар бир операция алдын ала абдан изилденип, анан жасалат. Наркоздун курсактагы балага, энеге зыяны жоктору тандалат.

Бала майыптыктын оор түрү менен төрөлсө, ата-энеге өмүр бою аны карап, багууга туура келет эмеспи. Көбүнчө энелер иштебей үйдө отурууга мажбур болушат. Бизде жасалбай турган операция болсо, чет өлкөгө алып баруу керектелет. Буга баарынын эле мүмкүнчүлүгү боло бербейт да. Феталдык операциялар ушундай тобокелдиктердин алдын алат. Ошондуктан баланын саламаттыгына өзгөчө көңүл бурулууга тийиш. 

Чет өлкөдөн гана жасалчу операциялар

Азырынча Кыргызстанда жасала элек, бирок чет өлкөлөрдө жасалып жаткан операция түрлөрү бар.

•Чычаң рагы (крестцово-копчиковая тератома). Операцияда шишик алынат.

•Заара түтүкчөсүнүн синдрому. Табарсыктын заара каналчасына кошулган жеринде кошумча бүктөмдөр болуп, зааранын сыртка чыгышы кыйындайт.

•Бир жана эки тараптуу гидронефроздун IIIIV даражасы.

•Гидронефроз – бөйрөктөгү чөйчөкчө-күлтүкчөнүн зааранын ашыкча чогула беришинен улам кеңейип кетиши.

•Жүрөк кемтиктери. Тешиктерди бүтөө операциялары жүргүзүлөт жана башка.

Статистика

•Акыркы 4 жылда Кыргызстанда 604 миң бала төрөлсө, анын 18 миң 351и майыптыгы бар туулган.

•Мамлекет жыл сайын майыптык боюнча жөлөк пулдарга 8 миллиард 75 миллион сом жумшайт.

 

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1184, 22-28-август, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан