Улан мырзага ийгилик кушу каалоо жана өжөрлүк сапаттын арты менен жылмайгандай. Тасмалардагы образдары менен таанылган актёр, тамада, шоумен, жана жөн гана ата-энесинин эрке баласы Улан Эсенакунов апта каарманыбыз болду. Маекке назар салыңыз.
- Саламатсызбы, Улан мырза? “Ысык-Көлгө кетем” деп калдыңыз, эс алууга барасызбы?
- Саламатчылык. Ооба, сиздер байланышканда берметибиз болгон Ысык-Көлгө кетүүгө камданып жаткам. Өзүм көлдүк жигит эмесминби, ошондуктан кичи мекениме көп каттайм. Туулуп-өскөн айылыбызга барам. Сиз айткандай, бир чети шаардын ызы-чуусунан эс алууга баратам деп айтсам да болот. Азыркы учурда айылдагы үйүбүздө оңдоп-түзөө иштерин жасап жаткан элем. Айылга бат-баттан каттам жатканым ушундан улам.
- Бир топ тасмаларга тартылып элге таанылып калдыңыз. Сизди бул жолго ким алып келди?
- Чыгармачылыкта 2015-жылдан бери жүрөм. Ооба, ар бир кесипте үйрөткөндөр жана үйрөнгөндөр болот эмеспи. Мени да бул жолго салган бир адам бар. Мектеп жашында “Тамашоу” деген долбоордо ойноп жүргөнбүз. Кийин топтогу балдар чачырап кеттик. Ал кезде мен Бишкекте такси кызматында иштечү элем. Актёр Эмил Эсеналиев агам ошол убакта жолугуп калды. “Улан, сен таланттуу жигитсиң, элге чыгышың керек” деди. Тактап айтканда, мени колдоп, жол көрсөткөн агам ошол. Ошентип мени ал “Ак өргө сити” командасына кошкон. Киного да Эмил ага аркылуу келдим. Ошондон бери тасмада бир катар роль жараттым жана элдин жакшылыктарында тамада катары кызмат кылып келем.
- Көпчүлүк сизди тамада катары да тааныйт. Жакында той мезгили башталат, буга тамадалар атайын даярдык көрөсүздөрбү?
- Күз – тойдун мезгили. Башка тамадалар кандай даярданат билбейм. Бирок мен сөздөрүмдү, стилимди жаңылаганга, тойду башкарууну кызыктуураак кылганга аракет кылам. Кыскасы, изденем.
- Мыкты тамада болуу үчүн кандай сапаттар керек? Алардын бардыгы сизде барбы?
- Мыкты болуш үчүн мыктылык керек (күлүп). Бул кесиптин өзгөчөлүгү – эл менен тил табыша билүү. Тойду башкаруу көп энергияны талап кылат. Элге, балким, оңой көрүнүшү мүмкүн, бирок көп мээнет кылабыз. Аракет, талант, сөз табуу, абалдан чыгуу, импровизация, айтор, санай келсең өтө көп нерсе керек тамада болуу үчүн. Албетте, менде мунун баары бар деп төш кага албайм. Бирок мыкты болууга аракетим күч.
- Айрымдар “акчанын көптүгү адамды бузат” дешет, бул ойго кошуласызбы?
- Акча адамды бузат деп так кесе айта албайм. Анткени акчасы көбөйүп кеткенде текебер болуп өзгөрүп кеткендерди да көрдүм, тескерисинче, акчасы канчалык көп болсо да эч өзгөрбөй бир калыпта жүргөн адамдарды да көрдүм. Бул нерсе адамдын өзүнөн го.
- Актёр тажрыйбадан улам такшалабы же сөзсүз ушул багытта билим керек деп ойлойсузбу?
- Актёр болуш үчүн адегенде билим керек го. Анан сиз айткандай, тажрыйба да абдан маанилүү. Ушул экөө айкалышканда чоң, элге жага турган эмгек жаралса керек. Өзүмө келсек, менин актёрлук билимим жок, окуган эмесмин. Бирок оюмда ушул жаатта билим алсам дейм. Азырынча тажрыйба менен такшалып жатам. Буюрса, окуган да учур келет.
- Бала чагыңыз тууралуу уккум келди...
- Биз беш бир тууганбыз. Алгач төрт кыз - эжелерим төрөлүп, анан мен бешинчи болуп төрөлгөн экенмин. Ачыгын айтсам, жалгыз эркек болуп абдан эрке чоңойдум. Мектепти бүткөндөн кийин эле эркелебей калдым окшойт. Эркелебей калганыма аз эле болду, айтор. Бала чагым Бишкекте өттү. 2000-жылга чейин Ысык-Көлдүн Төрткүл айылында жашадык. Балалыгым абдан бактылуу өттү деп айта алам. Ата-энем мени бардар жашоодо чоңойтушту, эч нерседен кем болгон жокмун. Ошол кездер жалпы эл кыйынчылыкта жашаган деп билебиз го. Ата-энем деле эл катары кыйналса керек, бирок эмнегедир мага билдиришпеген экен, эмне кааласам ошону алып беришчү.
- Ата-энеңиз чыгармачылыкка жакын адамдарбы?
- Жок, экөөнүн тең чыгармачылыкка тиешеси жок. Атам айдоочу, убагында автобус айдачу, кийин маршрутка, анан жүк ташуучу унаа айдады. Апам – мугалим. Бишкектеги №77 мектепте сабак берет. Бирок башка кесипте болушса да менин чыгармачылыгымды абдан колдошот. Башында чыгармачылыкка жаңыдан аралашып келе жатканда эле “сен чыгармачылык менен гана алек бол” деп турушчу. Азыр деле “Улан тартуу иштеринде, ага тоскоол болбогула” деп мени аяп турушат.
- Өзүңүздүн үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз...
- Жубайым менен социалдык желе аркылуу таанышкам, сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Азыр Кудайга шүгүр, балабыз бар. Мурункулар “балам, балалуу болгондон кийин билесиң” деп коюшат эмеспи. Ошол кепте калет жок экен. Балалуу болгондон кийин өзгөрөт экенсиң. Биринчи жолу балама бут кийим алып бергенде, андан кийин ошол бут кийими батпай калганда ойго баттым. “Бул жашоо өзүнчө бир миссия турбайбы” дедим. Ата-энебиз биз деп канатын каккыласа, биз балдарыбыз үчүн аракет кылат экенбиз. Дагы бир өзүмдөн байкаганым, балалуу болгондон кийин “шүгүр” деген сөздү көп айтып калдым.
- Достукка кандайсыз?
- Жакын досторум көп, алардын баарын айтып берсем өзүнчө китеп жазыш керек болуп калат. Достукка абдан бекем адаммын деп эсептейм өзүмдү, ал эми башкалар кандай баа беришет, билбейм.
- Мүмкүнчүлүк болсо азыркы жашооңуздан эмнени өзгөртөт элеңиз?
- Мага кесибимди кайра тандоого мүмкүнчүлүк берилсе, профессионал футболчу болмокмун.
- Сизди колдогон, сиз ишенген адамдар кимдер?
- Ата-энем, жакындарым, үй-бүлөм колдошот. Андан тышкары чыгармачылыктагы досторум дем берип турушат. Мени тааныган, жакшы көргөн, мотивация берген күйөрмандарымды да кошуп кетейин. Ушулардын колдоосу менен токтобой аракет кылып иштеп келе жатам деп айтсам болот. Анан өзүмдүн аракетим да бул нерсеге жардамчы болду.
- Маегиңизге рахмат.
Нуржамал Жийдебаева